Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:33

COVID-19: Нарындын жетекчилери сөгүш алды


Коронавирус жуккан бейтапты карап жаткан кыргыз дарыгерлери.
Коронавирус жуккан бейтапты карап жаткан кыргыз дарыгерлери.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкуловго жана анын биринчи орун басары Касен Азизовго сөгүш жарыяланды.

Буга чейин Нарында төрөт үйүндөгү обсервациядан 22 аял качып кеткени белгилүү болгон. Алар санитардык эрежелерди атайылап бузган деп шек саналып, кылмыш иши козголду.

Нарын шаарындагы төрөт үйүндө коронавирус боюнча алынган анализдин жыйынтыгын күтпөй, үйлөрүнө кетип калган аялдардын үстүнөн сотко чейинки териштирүү башталды. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 25-май күнү саат 12:10дор чамасында төрөт үйүнүн патология бөлүмүндө жаткан 22 аял кулпуну сындырып, чыгып кеткен. Алардын 18и үйлөрүнө кетип, төртөө кайра ошол жерде калган.

Бул факты боюнча Нарын ШИИБи Жазык кодексинин 280-беренеси («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же байкабастан бузуу менен массалык жуктуруу, ууландыруу») боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин баштады.

Обсервациядан качып кеткени айтылып жаткан аялдардын бири «Азаттыкка» буларды айтып берди:

Ат-Башы айылы. 27-апрель, 2020-жыл.
Ат-Башы айылы. 27-апрель, 2020-жыл.

«1-май күнү төрөгөм. Бирок баламдын ден соолугу жакшы болбой, Нарын шаарындагы төрөт үйүндө жайгашкан патология бөлүмүндө жаткам. Ал ортодо «ооруканадан вирус чыкты» деп, ооруканада жаткандардын баарынан анализ алышты. Менин эки жолку анализимден вирус чыккан жок. Обсервациянын мөөнөтү 24-майда бүтүп, «25-майда үйгө чыгасыңар» деп айтышкан. Мына чыгалы деп даярданып жатсак дарыгерлер «дагы беш аялдан коронавирус чыкты, дагы 14 күн жатасыңар» дешти. Сыртта жакындарыбыз күтүп жаткан болчу. Алар ооруканага кирип келип, жанымда жаткан аялдарды чыгарып кетишти. Мен да элдин шары менен чыгып кеттим. Анткени менин анализим таза болчу. Ал эми «кулпуну, эшик-терезени талкалап салышты» деген калп».

Бул аялды бир күн өткөндөн кийин дарыгерлер үйүнө барып кайра ооруканага алып келишкен. Үйүнө барганда ал күйөөсүнүн жана эки жаштагы баласынын жанында болгон.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Назгүл Мүсүралиева обсервацияда жаткан 22 аял экинчи анализинин жыйынтыгын күтпөй чыгып кетип, кайра ооруканага жаткырылганына «дарыгерлердин катасы себеп болгон» деп кабарлады. Ал бул окуяга юридикалык баа берилерин кошумчалады.

Назгүл Мүсүралиева.
Назгүл Мүсүралиева.

«Дарыгерлер обсервацияда жаткандарга «чыгасыңар» деп айтып алып, алар ооруканадан чыгып кетишиптир, - деп түшүндүрдү ал. - Бирок медициналык алгоритм боюнча эч ким чыгарылбашы керек болчу. Себеби, алар экинчи ПЧР анализин күтүп жатышкан. Ооруканадан чыгып кеткендер блокпосттордон тосулуп кайра алып келип жаткырылды».

27-майда Нарын облусунда коронавирус жуккан дагы 17 жаңы учур катталды. Ошону менен бул аймакта COVID-19 илдетине чалдыккандар 297 адамга жетти.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 27-майда Жогорку Кеңеште билдиргенине караганда, Нарын шаары менен Ак-Талаа оорунун очогуна айланган. Анын айтымында, коронавирус чыккан айылдар курчоого алып, байланышта болгондордун баары изоляцияга алынды.

«Нарын шаарында коронавирус облустук ооруканада, төрөт үйүндө тарап, ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен вирус көп табылды. Нарын облусунун Ат-Башы районуна, Нарын шаарына коронавирус жаңы аныкталган учурда эле коргонуучу каражаттар жетиштүү берилген. Ошого карабай оорунун жайылып кетиши боюнча учурда тийиштүү иликтөө жүрүп жатат», - деди ал.

Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 27-майда кабарлагандай, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкуловго жана анын биринчи орун басары Касен Азизовго сөгүш жарыяланды. Мындай чечимди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска каршы республикалык штабдын сунушуна ылайык кабыл алды.

«Нарын облусунда эпидемиологиялык кырдаал курч. Жалпы облуста коронавирус жуккан 297 адам катталган. Аймактагы көрсөткүч Ош, Жалал-Абад облустарына салыштырмалуу кыйла жогору. Эгер облус жетекчилиги тиешелүү жыйынтык чыгарып, кырдаалды оңдобосо, тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Кырдаалды курчутпай, тескеп кетүүгө облуста мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок облустук төрөт үйүндө абал оңолгон жок. Айрым аялдар өзүм билемдик менен кетип калышына жол берилген. Аймак жетекчилигинин кош көңүл мамилесинен улам ушундай акыбалга келип отурабыз», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов аймакта коронавирустун алдын алууда ката кетирилгенин мойнуна алды.

Ошол эле кезде Кыргызстанда коронавируска чалдыккан айрым адамдар өз алдынча дарыланып, абалын оорлотуп алган учурлар катталууда. Бул тууралуу 27-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал жарандарды оорунун белгилери байкалган учурда сөзсүз ооруканага кайрылууга чакырды. Үсөнбаев өз алдынча дарыланып, оорусун күчөтүп реанимацияга түшүп калгандар кездешип жатканын, арасында медицина кызматкерлери да бар экенин айтты:

Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

«Каза болгондор боюнча талдоо жүргүзүп, бүгүнкү күндө оор абалда жаткандардын таржымалын карап чыксак, үйгө жатып, өз алдынча дарылануу фактылары да кездешип жатат. Мындай мамиле оорунун күчөшүнө, жаман жагына бурулушка алып келүүдө».

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Айбар Султангазиев элдин кайдыгер мамилесинен улам өлкөдө бул илдет күчөп жатканын белгиледи. Анын баамында, жакынкы он күндө оору жугузуп алгандар мындан да көбөйүшү мүмкүн. Ошол эле убакта коронавирустан каза тапкандар да көбөйүшү ыктымал деп чочулай турганын айтты:

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

«Өлкөгө өзгөчө абал, карантин режими убагында киргизилген. Ошондуктан бизде эпидемия кечирээк башталды. Кармап калдык десек болот. Эми өкмөт кайра өзгөчө абал режимин киргизе албайт. Аны эл деле түшүнүп турат. Анткени эл үйдө жумушсуз отурду. Каражат түгөндү. Бирок эл «карантин бүттү» деп эле 70% беткабы жок көчөгө чыгып алды. Өз башыбызга келбегенден кийин түшүнбөйт экенбиз да. Алар «вирус жок, болсо да жеңил өтөт» деген ой менен жүрүшөт. Эми коронавирустун жайылышы кайра күч алат. 5-июнга чейин жогорку чегине барат. Бирок статистика көп болот. Ооруканалар толот. Өлүм да көбөйүшү мүмкүн. Элдин аң-сезими оңолмоюнча илдет токтобойт».

Жалпысынан 27-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1520 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1043 бейтап айыгып кетти, 461и ооруканада жатат, алардын төртөөнүн абалы оор деп бааланууда.

1520 адамдын 299у медицина кызматкери. Бул вирустан каза болгон 16 адамдын бирөө Бишкектеги бейтапкананын жетекчиси болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG