Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

«Атамдын тажиясына киши келген жок...»


Оорукана кызматкерлери COVID-19дан көз жумган маркумдун сөөгүн атайын жайга киргизүүдө. 20-апрель, 2020
Оорукана кызматкерлери COVID-19дан көз жумган маркумдун сөөгүн атайын жайга киргизүүдө. 20-апрель, 2020

Кыргызстан боюнча экинчи коронавирустун очогу 20-мартта Ноокат районунда катталган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул райондон COVID-19дан бир нече киши каза болгон.

Бактылуу карылыктын доорун сүрүп, эшик-эликке өзү басып, керек болсо машине айдаган, 83 жаштагы Кочкор ажы Бөрүбаев да ушул илдеттен улам көз жумган. Анын уулу Абдыкадыр Бөрүбаев менен маектештик.

- Умрадан 12- март күнү келген. 21-мартка чейин үйдөн сыртка чыгарбай кармаганбыз. Менден кичүү иним баккан. Кийин өзүбүздүн ФАПтан келип ар күнү дене табын текшерип турушкан. 21-март күнү биздин айыл өкмөттүн башкы дарыгери келип, «сизди Ноокатка алып барып текшертип келели» деп алып чыгып кеткен. Ал жакка алып баргандан кийин обсервацияга жаткырып коюшкан.

«Үйдө тогуз күн болсо, дагы үч-төрт күн эле кармайбыз» дешкен. Үч-төрт күн өттү, 14 күнү дагы өттү. Чыкпайт же бизди Ноокат жакка өткөрбөйт. Жаңы-Ноокатка жаткырды эле, биз баралы десек такыр өткөргөн жок. Акыры 19 күн дегенде үзүлдү. Атам төрт күн реанимацияда жатты. Бара албадык, телефондо сүйлөшсөк да сүйлөшө албай деми кысылып калды.

9-апрель күнү атам каза болсо, 8-апрель күнү түнкү саат 11де (дарыгерлер) келип, баарынын тынчын алып, бала-чакасы, бир туугандары 50-60тай кишиден экспресс-тест алган. Эртеси күнү атамдын сөөгү келиши керек болчу. Ошол бир күн мурда айылды катуу көзөмөлгө алышты. Айыл өкмөттөн, дарыгерлерден келип, эшигибизди жаап, тажияга адам киргизбей турушту.

Ноокаттагы карантин. Иллюстрациялык сүрөт.
Ноокаттагы карантин. Иллюстрациялык сүрөт.

- Негизи эле тажия кандай өттү? Жерге берүү жөрөлгөлөрү кандай болду?

- Сөөк үйгө келген жок. Ноокаттан атамдын иниси менен улуу агам барып атайын коштоо менен алып келишти. Биз бул жактан жай казып, даярдап турдук. Үйгө киргизбей жайга алып бардык. Ал жерде жай казгандарды кошкондо 50 адамдай болду. Ошол жерден жаназасын окуп, ошол жактан эле коюлду. Үйгө кирген жок…

Атамды жеке өзүм койдум. Жайга түшкөндө Ноокаттан берип жиберген атайын кийим берди. Аны кийгенде мээлейи, бут кийими өзү менен кошо экен. Тажияга адам келген жок. Эки айыл өкмөттүн дарыгерлери биздин үйдүн айланасында туруп, тажияга келгендерди «бул жакка кирбегиле» деп артка кайтарып туруптур.

- «Коронавирус менен каза болгондорду жерге берүүнү укук коргоо органдары көзөмөлдөйт» деп маалымат айтылып жаткан. Маркумду узатууда милиция кызматкерлери бардыбы?

- Өзүбүздүн аймактык милиция келди. Ал эч нерсе айткан жок. Беткабын кийип, жаназага биз менен кошо катышты.

- Кочкор абанын өзү жөнүндө айтып берсеңиз. Канча жылдан бери «ажыга барсам»​ деп кыялданып, максат коюп жүрөт эле?

- Атам «эң акыркы баламды үйлөнтсөм, андан кийин ажыга барам» деп жүргөн. Эң кичүү баласынын кызын да турмушка узаттык. Ошондо 20 жылдан бери «ажыга барсам» деп үмүт кылып жүргөн. Атам өзү 1937-жылы туулган болсо, 14 жашынан талаага ишке чыгып, ата-энесин багып, кийин энебиз өтүп кетип, инилерин багып чоңойткон. Андан соң техникумду бүтүп, көп жерде иштеп, өзүбүздүн совхоздо директордун орун басары болуп да иштеген. Тамеки, насыбай деген нерселерден алыс болчу.

Умрага барып келгенден кийин «балдарым, силер да баргыла» деп айткан эле. Ага чейин машине айдап жүрчү. Келгенден кийин да Үч-Коргонго машине айдап барып келди. Ден соолугу өтө жакшы болчу. Чыйрак жүргөн.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

- Канча балалуу болгон, канча небере көргөн?

- Атамдын өзү 12 баласы болгон. Бешөө чарчап калып, азыр төрт кыз, үч уулу бар. Небере, чебере көрдү, жалпысынан 54.

- Акыркы жолу сүйлөшкөнүңүздө эмнелерди айткан эле?

- Биринчи күнү: «Эй, балам, мени кандай жерге алып келип ташташты? Мен билбейм, кыйналдым, үшүдүм», - деп айткан. 9-апрель күнү каза болсо, андан бир күн мурун чалсам, таптакыр алган жок. 7-апрель күнү сүйлөшкөнүмдө айткан. «Балам, видео чалуудан сүйлөшкөнүмдү көрдүңбү?» деди. «Жок, сизди көрбөдүм, сүрөтүңүздү көрдүм», - дедим. «Көрсөң ошо да», - деп койду. Кыйналып, мурдунан жасалма дем алып жаткан экен. Эки-үч күндө чыгам деп турган жеринен төртүнчү күнү өтүп кетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG