Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

Орусияда COVID-19дан каза болгондор көбөйдү


Санкт-Петербургда COVID-19дан каза болгондорду көмүү учуру.
Санкт-Петербургда COVID-19дан каза болгондорду көмүү учуру.

Орусияда коронавирустан каза болгондор 3,5 миңден ашты.

Соңку күнү Москвада COVID-19 себеп болгон 41 өлүм расмий катталып, илдеттен каза болгон адамдардын саны эки миңден ашты.

Оору жаңыдан тогуз миң кишиде аныкталып, өлкөдө вирус жуккандардын саны 353 миңден ашты.

Орусия илдеттин жайылышы боюнча АКШ менен Бразилиядан кийинки эле орунда турат. Бразилияда ооруга чалдыккандардын саны 349 миң кишиден ашып, 22 миңден ашуун адам илдеттен көз жумду.

Москвадагы коронавирус боюнча маалымат борборунун башчысы Александр Мясников башка өлкөлөргө салыштырмалуу Орусияда коронавирустан өлгөндөрдүн төмөнкү көрсөткүчүн «орус керемети» деп атаган. Дарыгер бул «орус кереметинин» сыры ачылса, «дүйнө COVID-19га каршы дары табат» деп федералдык телеканалга айткан.

Москвадагы ооруканалардын бири.
Москвадагы ооруканалардын бири.

Буга чейин бир катар адистер менен дарыгерлер Орусияда каза болгондордун анык саны жашырылып жатканын айтып келишкен. Молекулярдык биолог Ирина Якутенко эч кандай «орус керемети» жок, өкмөт эсепти өзүнө ыңгайлаштырып жүргүзүп жатат деп эсептейт.

«Кээ бир өлкөлөрдө COVID аныкталган адам эмнеден каза болбосун, өлүмдүн себебин COVID-19 деп көрсөтүп жатышат, - деди ал. - Ушундай эле экинчи ыкма бар. Мисалы, бир адамда COVID-19 аныкталып, анан ал көп жылдык өнөкөт оорусунан же организми вирусту көтөрө албай инфаркттан каза тапса, өлүмдүн себебин инфаркт деп каттап коюп жатышат. Албетте, экинчи ыкманы колдонгондо, COVID-19дан өлүм аз катталат. Ошон үчүн азыр биз акыркы айларда каза болгондор боюнча жалпы маалымат чыкмайынча бир чечим чыгарууга шашылбашыбыз керек».

Кээ бир өлкөлөрдө COVID аныкталган адам эмнеден каза болбосун, өлүмдүн себебин COVID-19 деп көрсөтүп жатышат.

Ал арада Москвадагы Эпидемиология жана микробиология боюнча Улуттук изилдөөчү борбордун окумуштуулары коронавируска каршы вакцина ойлоп таап, өздөрү эмдөөдөн өткөнүн үч күн мурда айтып чыгышты.

«Алар өздөрүн коргоодон эмес, биринчи кезекте пандемия маалында илимий иштерин улантыш үчүн эмдөөдөн өтүштү», - дейт Николай Гамалей атындагы борбордун директору Александр Гинцбург.

Гинцбург жаңы вакцинаны канча кызматкер колдонгонун ачык айткан эмес. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги калкты эмдөө июль айында башталарын ишенимдүү кабарлаган.

Орусиянын Илимдер академиясынын академиги, Вакцина боюнча Улуттук изилдөө университетинин илимий жетекчиси Виталий Зверев өтө шашылыш иштелип чыгып, клиникалык сыноодон өткөрүлө элек дарыны адамдарга колдонуу өтө коркунучтуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп чочулаганын жашырган жок:

Виталий Зверев.
Виталий Зверев.

«Буга чейин мындай прецеденттер болгон. Полиомиелитке каршы иштелип чыккан вакцина башка ооруларды козгоп, эмдөө дароо токтотулган. Денге безгегине каршы жасалган вакцинадан жүздөгөн адамдар өлгөн. Ротавируска каршы вакцина да балдарда ичеги-карын ооруларын жараткан. Бул олуттуу нерсе. Бир топ убакытта гана аныкталчу кесепеттери болот. Организмге зыяндуулугу жок дегенде жарым жыл бою жаныбарларда изилдениши керек. Андан кийин ал жаныбарлардын органдарын ачып, кандай өзгөрүүлөр болгонун аныкташ керек. Ошондон кийин гана адамдарга колдоно баштаса болот».

Саламаттык сактоо министрлиги Орусияда коронавирустун жугуу темпи басаңдаганын билдирди. Оору көп катталган күндөрү вирус 10-11 миң кишиде аныкталып жаткан.

Орусия президент Владимир Путин да жалпысынан өлкөдө абал турукташканын айтып, бирок коронавирустун жайылышынын экинчи толкунуна даяр турууга чакырды.

Ал эми илдеттен айыгып, кызматына кайткан премьер-министр Михаил Мишустин орусиялыктарга чет өлкөлөрдө эс алуу менен саякаттоону токтотуп турууну сунуш кылды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG