Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

«Коронавирусту фабрикадан жугуздум»


Түркияда вандык жети кыргыз коронавирустан дарыланууда. Алар Түркиянын баш калаасы Анкарада жашап, вирусту иштеген жеринен жугузуп алышкан.

Учурда ооруканада коронавирустан дарыланып жаткан Бүнямин Токер «Азаттыкка» абалы тууралуу айтып берди:

- Дүйнө жүзүн каптаган коронавирус пандемиясы башталгандан бери ишим токтоп калды. Менин жармаңке жана фестивалдарды уюштурган чакан фирмам бар.

Бир күнү жакын таанышым Түркиянын Ички иштер министрлигине чукул кырдаалда колдонулчу 20 миңдей чатыр керек экенин айтып калды. Анкарада жашаган вандык кыргыздардын арасында да убактылуу жумушсуз отургандар бар эле. Мен аларга айтып, бир канча кыргызды ошол фабрикага алып барып иштегенбиз. «Айлык акысы жакшы экен» деп иштей баштадык. Көрсө ал фабрикада коронавирус жуккан жумушчулар бар экен. Алар жетекчиликке билгизбей иштей бериптир. Алардан бизге жугуп, айтор текшере келгенде 300 киши иштеген фабриканын 200 жумушчусунда коронавирус табылган соң фабрика жабылып калды. Чогулуп барган кыргыздардан үчөөбүзгө коронавирус жугуптур.

Мени дароо ооруканага жаткырышты. Дарыгерлер мен ким менен жашаганымды, ким менен жолукканымды жазып алып ата-энемден да анализ алышты. Алардыкы да оң болуп чыккандан кийин үчөөбүздү Анкарадагы мамлекеттик ооруканада башка бөлмөлөрдө дарыланууга алышты. Учурда ата-энем ооруканада, мен 10 күн жатып, эми 14 күндүк карантиндемин.

Бүнямин Токер.
Бүнямин Токер.

- Ата энеңиздин абалы кандай?

- Ата-энем 64-65 жашта. Учурда абалы жакшы. Бул илдетти эрте билгендиктен жана тамеки тартпагандыктан бир аз болсо да жеңил өткөрүп жиберишти го. Болбосо алгач ооруканага барганда дене табы көтөрүлүп, өпкөсү ооруп, жөтөлүп, абдан кыйналышкан. Алар «кыргыздарда сасык тумоо катуу болсо ушундай болот» деп окшоштуруп жатышат. 3-4 күн катуу оорушту. Азыр эми абалыы жакшы.

Күнүгө дарыгерлер менен сүйлөшүп, кабар алып турам. Кечинде жатардан мурун бир ийне сайып, эки дары беришет. Ар бир бейтаптын симптомдоруна жараша дарылануу программасы бар экен. Күнүнө кан алып анализ жасагандары да бар.

- Түркияда коронавирус илдетин дарылоо системасы кандай экен?

- Бир жарандын коронавирус анализи оң чыкса ошол замат «ал ким менен, кайсы жерде, кандай контакт кылды?» деген изилдөө жүргүзүшөт.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин атайын системасына бул маалыматтар киргизилип, айтылган кишилер кайсы район, облустан болсо да таап суралат экен. Эгер бейтаптын абалы оор болсо, анда 15 мүнөттө жыйынтыгын берген тесттерди колдонгонун көрдүм. Бул айтып жаткан тест, ооруканадагы дарылануу жана айыгып үйгө кеткенге чейинки бардык чыгымдарды түрк өкмөтү өз мойнуна алат экен.

Мен 10 күндөй ооруканада жаттым, азыр учурда мамлекеттин көрсөткөн жатаканасында 14 күндүк карантинде жатам. Бул жакта да дарыгерлер, медайымдар бар. Дарыгерлер бул илдеттен айыгып чыккандарга атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, келечекте саламаттыгыбызга кандай кам көрүшүбүз керек экенин айтып беришти.

Азык-түлүктү акысыз алып келип беришти. «Сен кыргызсың, түрк эмессиң» деп бөлүп-жарбай илдетке кабылган бейтаптардын баарына бирдей мамиле кылып жатканына күбө болдум.

Эми үч жолу коронавируска анализ алышат экен, үчөө таза чыкканда гана үйгө кетем. Бул илдет өтө жаман экен. Сак бололу. Кыргызстандагы жарандарды бул илдеттен кудай сактасын. Мен түрк өкмөтүнө ушул илдеттен дарылап чыгарганы үчүн ыраазымын. Кыргызстандагы боордошторума да ден соолук каалайм.

Маалымат үчүн: Түркияда расмий өзгөчө кырдаал киргизилген эмес, бирок дем алыш күндөрү коменданттык саат жарыяланып жатат. 25-майга карата Түркияда коронавирус жуккандар 157 миңден ашты. Каза болгондор - 4369 киши. Ал эми 120 миңден ашык киши айыгып чыккан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG