Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Турист тоскон Италия, Меккенин толбогон мечити


Аль Харам мечитинде быйылкы Айт намазын чектелүү гана адамдар окуй алышты.
Аль Харам мечитинде быйылкы Айт намазын чектелүү гана адамдар окуй алышты.

Узаган аптанын аягында мусулмандар Айт майрамын белгилешти. Жылдагыдай бардык жерде жамаат менен намаз окулбай, кызуу айылчылагандар болбоду. Европанын айрым өлкөлөрү туристтерге ачыла баштаса, Бразилия менен Орусияда абал оор бойдон калууда.

Италия

Жекшембиде Венециянын Сан-Марко аянтына жүздөгөн адамдар келди. Бул жылына 30 миллион конокту кабыл алган, карнавал учурунда көчөлөрүндө жөө кишилердин тыгыны пайда болгон суу үстүндөгү шаар үчүн абдан аз. Ошентсе да үч айга жакын убактан бери бош турган көрүнүштөн алдаганча дурус. Азырынча алгачкы коноктор Венето облусунун гана тургундары.

Италия туризмден дурус эле көз каранды. Экономикасынын 13% ушул тармак түзөт. Ошентсе да быйыл бул тармактын кирешеси абдан төмөн болчудай. Өкмөт Евробиримдик менен чек араны 3-июнда гана ача турган болууда.

Венеция. 24-май, 2020-жыл
Венеция. 24-май, 2020-жыл


24-майда Италиянын Жарандык коргоо департаменти акыркы суткада COVID-19 илдетинен 50 киши көз жумганын билдирди. Бул эки жарым айдан берки эң төмөнкү күндүк көрсөткүч.

25-майга карата коронавируска чалдыккандар 230 миңге жетсе, айыгып чыккандар 140 миңден ашты. Ушул тапта ооруп жаткандардын 8600ү ооруканада, дагы 553 киши реанимацияда. Италия бийлиги жеңил симптомдору менен 47 миңден ашуун киши үйүндө обочолонууда экенин маалымдады. Италиянын 60 миллиондой калкынын үчтөн бири коронавируска карата тесттен өтүптүр.

Испания

Ал эми Испания туристтерге андан да кеч, июлда ачылат. Ушул дүйшөмбү таң ата Мадрид менен Барселонанын парктары ачылып, таңкы көнүгүүлөрдү жасагандар, сейилдегендер дароо кайтып келишти. Бул күндөн тартып адамдар үйдө, же ресторан-барларда 10 кишиге чейин чогула алышат.

Мадриддеги коомдук тамактануу жайларынын биринин ээси Марсело Фанер санитардык эрежени так сактайбыз деп убада берүүдө:

"Биз таза кармайбыз. Кээде сыртка алып чыгып ар бир үстөлдү, отургучту калтырбай дезинфекциялайбыз. Ар бир кардардан кийин дезинфекциялап тазалайбыз. Ошондой эле ар бир үстөлдүн үстүндө кардар отурарда жана кетип жатканда колун тазалай турган гелдер бар".

Испаниянын деңиз тараптагы аймактарында кум жээктер кайра ачылып, ал эми коронавирустан азыраак жабыркаган жагы чектөөлөрдү алуунун төрт этаптуу планынын экинчисине өтө башташты.

Германия

Германиянын 16 аймагынын ар бири чектөөлөрдү өз абалына жараша жумшартууда. Буга чейин айрым аймактары ачса, 25-майдан тартып бүтүндөй өлкө боюнча ресторандар иштей баштайт. Ошентсе да өлкөнүн түндүгүндө буга чейин ресторанда 18 киши коронавирус жугузуп, дагы 118 киши изоляцияга алынгандыктан тобокелчилик дале жогору болууда. Берлин баштаган бир нече шаар 25-майда бассейндерди, мейманканаларды ачышты.

Германия Европадагы бир топ өлкөгө караганда COVID-19 илдетине каршы натыйжалуу күрөштү. Буга саламаттык сактоо тармагынын дурустугу, март айынын ортосуна тартып кирген катаал чектөө чаралары, канцлер Ангела Меркель баштаган бийлик адамдарынын тынбай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турганы өбөлгө болду.

Орозо айт

Мусулман өлкөлөрү дем алышта Рамазан айын жыйынтыктап, Айт майрамын белгилешти. Бири-бирин түрө кыдырып айттаган, мечиттерде Айт намаз окуп, базардан жапырт соода кылган көрүнүш бул жылы болгон жок.

Демейде бул күнү жүз миңдеген адам келчү Меккедеги Аль-Харам мечити, Кааба ташынын айланасы жекшембинин таңында дээрлик бош турду. Дин ишмерлери жана мечитти тейлегендер гана ортодогу аралыкты сактоо менен намаз окушту. Сауд Арабиясынын бийлиги мусулмандарды үйүнөн майрамдоого чакырган.

Коронавирустан эң катуу жабыркап жаткан Иранда айрым гана мечиттерде айт намаз окууга уруксат берилди. Анда да көпчүлүк санитардык талаптарды аткарып, беткапчан жана колкапчан жүрүштү. Тегерандагы айрым мечиттер намазды сыртта окушту.

Акыркы маалыматтарга караганда COVID-19 илдетинен жабыркагандар Иранда 137 миңди чамаласа, анын ичинен 7,5 миңдейи көз жумду. Бирок бул реалдуу сан эместиги, көпчүлүк статистикага илинбей калганы өлкөнүн парламентинде айтылып келет.

Орусия

Акыркы он күндөн бери Орусияда жаңы жуктургандардын күндүк көрсөткүчү 10 миңден аша элек. Ошентсе да бирде ылдый, бирде өйдө болуп 8,5 – 9 миңдин ортосунда сакталууда.

Илдетке чалдыккандар 354 миңди чамалады. Орусия бийлиги бул санды көп адам текшерилип жатканы менен түшүндүрүүдө. Жекшембидеги расмий маалыматка караганда 8,6 миллион киши тесттен өткөрүлдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы эпидемиологу Николай Брико Орусия азырынча бардык чектөөлөрдү алууга даяр эместигин билдирди. Премьер-министр Михаил Мишустин коронавирустун айынан салыктык кирешелерден кол жууган аймактардын бюджетин колдоо үчүн 100 миллиард рубль бөлүү буйругуна кол койду.

Бразилия

Бул күндөрү коронавирус Бразилияда кулачын жайды. Акыркы он күндөн бери күнүнө 15-20 миңден жаңы учур катталып, тез эле дүйнөдө экинчи орунга (365 миң киши) чыкты. Жекшембидеги маалыматка караганда көз жумгандар 22,7 миңден ашты.

Айрым бразилиялык эксперттер ооругандар менен курмандыктар саны али туу чокусуна жете электигин, дагы көбөйөрүн эскертишип, андай болгондо медицина тармагы көтөрө албасын белгилеп жатышат. Өлкөнүн президенти Жаир Болсонару өзү баш болуп коронавируска олуттуу маани бербей, компанияларды кайра иштей баштоого чакырып келген эле.

АКШ

Латын Америкасында күчөп жатканына байланыштуу жекшембиде АКШ бийлиги Бразилиядан адамдардын киришине тыюу салды. Вашингтон буга чейин Европага карата да ушундай кадамга барган. Ак Үй президент Дональд Трамптын жаңы чечимин вирус таратуучу кошумча булактарды чектөө чарасы катары түшүндүрдү.

Кошмо Штаттардын өзү тизменин сап башында. Дүйшөмбүгө карата дүйнөдө коронавируска чалдыкканы аныкталган 5,5 миллион кишинин 30% АКШга туура келүүдө. COVID-19 айынан көз жумгандар бул өлкөдө 100 миңди чамалады. Акыркы аптада 11 штат жаңы катталган учурлар рекорддук көрсөткүчкө жеткенин кабарлашты.

Миссури штатындагы Озаркс көлү. 23-май, 2020-жыл.
Миссури штатындагы Озаркс көлү. 23-май, 2020-жыл.

Ага карабастан АКШ 20-майдан тартып карантин чараларын жарым-жартылай жумшарткан. Өткөн дем алышта пляжга барып, көчөгө чыккандар көп болду жана алардын басымдуу бөлүгү беткапсыз эле жүрүштү. Саламаттык тармагындагы адистер мындай көрүнүш жаңы учурлардын көбөйүшүнө шарт түзөт деп эскертүүдө.

Ал эми президент Дональд Трамп дем алышты Вашингтондун четиндеги гольф аянтында өткөрдү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG