Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Түркия: илдет мекендештерди ишсиз калтырды


Түркия.
Түркия.

Расмий Анкара 1-июндан тартып ички, аймак аралык каттамдардын, жалпы туристтик сезондун жана айрым ишканалардын кайра ачылышын пландаштырып жатканы кабарлаган. Өлкөдө ошондой эле март айынан бери токтоп турган ири компаниялар июнь айынан баштап ишин улантууга даярданууда.

Анталия шаарында тигүүчү болуп иштеген Айнура эки жылдан бери Кыргызстанга бара элек. Паспортунун мөөнөтү бүткөн. Буга карабай ал Түркияда калууну чечти. Айнура бул кадамын дүйнөдө коронавирус илдети күчөп турганда жакындарына залакасын тийгизгиси келбегени менен түшүндүрдү:

«Мен Түркияга келгенде бир жылдан кийин паспортумдун мөөнөтү бүтүп калды. Элчилик же консулдуктан бүтүрүп алам деп жүргөм. Мыйзам ага жол бербейт экен. «Кыргызстанга барып, жаңы паспорт ал» дешкен. Чыгынбай отуруп эки жыл өтүп кетти. Түркияда коронавирусту жугузуп алгандар чыга баштаганда курбум экөөбүз Кыргызстанга кайталы дегенбиз. Стамбулдагы башкы консулдуктан «тийиштүү документтерди алып келсеңер, убактылуу чыгууга документ жазып беребиз» дешти. Түркиядан кеткен чартердик каттамдарга да жазылып койгонбуз. Бирок курбум экөөбүз жакындарыбызды ойлоп, аба каттамдары ачылганча Анталияда эле болууну чечтик. Жолдон вирус жугузуп алып жакындарыбызды кыйнагыбыз келген жок».

Түркияда азыр ички аба каттамдар 4-июнга чейин, эл аралык каттамдар 10-июнга чейин токтотулган.

Мындан улам бул өлкөдөгү миңден ашуун кыргызстандык төрт жолу атайын уюштурулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайткан.

18-майда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган элге «калыбына келтирүү» кадамдарын түшүндүрдү. Ага ылайык, өлкөдөгү ири ишканалар жаңы тартипке ылайык иштей баштайт. Эрдоган ошондой эле жарандарды сөзсүз беткап тагынып, социалдык аралыкты сактоого үндөдү.

Расмий Анкаранын «калыбына келтирүү» чечимине ылайык, Түркияда туруктуу жашаган ар бир жаран Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан тиркемеден алына турган атайын код менен гана жолго чыга алат.

Бул тиркеме тууралуу мигранттар боюнча серепчи Мурат Эршахин түшүндүрмө берди:

«Жаңы иштелип чыккан HES (ХЕС) деп аталган тиркеме Түркияда жашаган ар бир жарандын коронавирус боюнча маалыматын чогултат. Бул өлкөдө жашаган чет өлкөлүк жарандарга да тийиштүү. Алар HES (ХЕС) тиркемесин телефонго жүктөп, чет өлкөлүктөргө берилген идентификациялык номер менен катталууга милдеттүү. Алынган код өзгөчө аймактар арасындагы автобус жана учак каттамдарында суралат. Бара-бара бул код Түркиянын ар бир мамлекеттик мекемесинде сурала баштайт. Муну менен министрлик колдонуучуларга коронавирус илдети тууралуу маалымат таратууга жана аларды көзөмөлдөөнү пландаштырууда».

Жылдызбек Жолдошбек уулу алты жылдан бери Анкара шаарында «Датка» жеке фирмасын жетектеп келет. Түркияда өндүрүлгөн товарларды чет өлкөгө экспорттогон ишкер коронавирус пандемиясы маалында буюртмалар болгону менен иш солгундаганын белгиледи:

Жылдызбек Жолдошбек уулу
Жылдызбек Жолдошбек уулу

«Биздин фирма негизинен экспорт менен алектенгендиктен ишибиздин дээрлик көбү чет өлкөлөрдө өтөт. Июль айында Нигерияда өтө турган жармаңкеге катталып койдук эле, ал октябрь айына жылдырылды. Президент Режеп Тайып Эрдоган бул илдет башталгандан бери эле «Экспорт жана өндүрүштү токтотпой, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз» деп айтып келет.

Азыр Түркияда дем алыш күндөрү коменданттык саат жарыяланып жатат, бирок өндүрүштө иштегендерге жумушка барууга уруксат берилген. Биздин фирма карантин башталгандан бери Орусия, Украина, Грузия, Кыргызстан жана Тажикстанга товарларыбызды жөнөтүп жаттык. Июнь айынан тартып жумушчуларымды ишке чакырсамбы деген ой бар. 2,5 айдан бери жумушчуларым үйдө иштеп жаткан. Бизге окшош чакан фирмалар негизинен 2020-жылы жумушчулардын айлыгын убагында төлөп берүүнү максат кылып жатабыз. Башкача айтканда, үстүбүздөгү жылы кирешени биринчи планга койбой, чыгашаны жаап, анан айлыкты төлөп берсек деп турабыз».

Ал эми Стамбул шаарында эки жылдан бери кийим-кечектерди дүңүнөн саткан дүкөндө сатуучу болуп иштеген Толкун учурда жумушсуз калды.

«Мен иштеген дүкөн Түркияга коронавирус келгенде эле жабылган. Эки жарым айдан бери үйдөмүн. Айлык төлөнгөн жок. Эки күн мурда дүкөндүн ээси чалып, жумушчуларды кыскартканын, алардын арасына мени да кошконун айтты. Жолдор жабылып, соода токтогондо дүкөндү жапканга туура келиптир. Ошентип жумушсуз калдым. Коронавирус илдетинен улам Стамбулда жумушсуз калган жалгыз мен эмесмин. Кыргыздардын көбү жумушсуз отурган чак. Андыктан белди бекем бууп, башка иш издегени турам».

Түркиядагы кыргызстандыктар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап эмгектенет. Өзгөчө жай айларында Анталия аймагындагы мейманканаларда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны миңдеп саналат.

Учурда Түркияда COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны төмөндөгүнөн улам түрк өкмөтү жайкы туристтик сезон июнь айында ачыларын маалымдаган. Бирок «коронавирус менен күрөшүү максатында мейманканалар министрликтер тарабынан тыкыр текшерилгени үчүн аларда иштеген чет өлкөлүк мигранттардын саны кыскарат»,- деди «Мекендештерди колдоо» штабынын жетекчиси Рысгүл Кадырова:

Рысгүл Кадырова
Рысгүл Кадырова

«Учурда Анталияда жумушсуздук күч алды. Шартка байланыштуу мурда үй жумуштарын кылган кыз-келиндер да бош отурат. Мейманканалар толугу менен жабык. Анталиядагы кыргызстандыктар негизинен ошол жерде иштечү. 18-майда ачылат, бирок жергиликтүү жумушчуларды алат деген сөздөр бар. Кайра эле биздин мекендештер жумушсуз калышы ыктымал. Андыктан Анталияда «Мекендештерди колдоо» штабын түзүп, мекендештерге иштин башталышын күтүүнү сунуш кылып жатабыз. Бул жактагы кыз-келиндер, жигиттер менен чогулуп дал ушул жардамга муктаж мекендештерибизге колдоо көрсөтүп, аларга кеп-кеңештерибизди берели деп сүйлөштүк».

22-майда Түркиянын туризм жана маданият министри Мехмет Нури Эрсой мейманканаларга иштегени келген чет өлкөлүк мигранттар аэропортто коронавирус тестин жасатууга милдеттүү экенин маалымдады. Эгер мигранттан вирус чыкса, ал карантинге алынышы толук ыктымал.

Өлкөдө 11-майдан бери соода борборлору, чач тарачтар жана сулуулук салондору ишке кирген. Ал эми 11-мартта жабылган мектептер жаңы окуу жылын сентябрь айында гана ачары маалым болду.

Түркияда расмий өзгөчө кырдаал киргизилген эмес, бирок дем алыш күндөрү коменданттык саат жарыяланып жатат. Орозо айт күнүнө дал келген 23-24-25-26-май күндөрү да көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Ал эми 30 миңдей кыргызстандык Стамбул, Анкара жана Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап эмгектенет жана окуйт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG