Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Түркия бейтаптарды жаңы шарт менен кабыл алат


Түркиялык дарыгерлер.
Түркиялык дарыгерлер.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги 20-майдан тартып Түркиянын менчик ооруканалары 31 өлкөдөн бейтаптарды кабыл ала баштай турганын маалымдады. Бул тизмеге Кыргызстан да кирди. Бирок мамлекеттик квота менен Түркияда дарылана турган кыргыз жарандары качан бара турганы белгисиз.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги уруксат берген 31 өлкөнүн тизмесинде Кыргызстан, Казакстан жана Орусия да бар.

Расмий Анкара коронавируска тапшырган тести таза чыккандарды гана кабыл аларын маалымдады. Ошондой эле бейтаптар учакка түшүп жатканда катуу текшерүүдөн өтүп, оорулуу адамдын жанында эки гана жакыны болушу зарыл.

Эл аралык бейтаптар менен иш алып барган «Компас» компаниясынын жетекчиси Лили Жолчиева Түркиянын ооруканаларына шашылыш бара турган бейтаптар үчүн жаңы шарттардын баасы кымбат болорун айтууда:

Лили Жолчиева.
Лили Жолчиева.

«Бүгүн мага Баткенде чек арада ок тийген жоокердин жакындары байланышты. Алар жоокердин чет өлкөдө дарыланышын каалап жатканын айтышты. Туугандары эптеп каражат топтоп, ооруканалардын шарты менен таанышып жатышыптыр. Мен жоокердин туугандарына Түркиянын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрдүм. Мисалы, чукул операция жасатыш керек болсо, атайын учак келип, бейтапты алып кетет. Бирок анын баасы өтө кымбат. Мисалы, жакында эле Казакстандан бир бейтапты учак менен 120 миң долларга алып келишти. Бул баа Кыргызстанга да тийиштүү болот. Кыргызстандан келе турган башка бейтаптар аба каттамдарынын ачылышын күтүүгө аргасыз».

2014-жылы кыргыз жана түрк өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, жыл сайын Кыргызстандан 100 бейтап Түркияга келип, акысыз дарыланып жүргөн.

2019-жылы май айында квотаны 150 кишиге көбөйтүү боюнча протоколго кол коюлган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин эл аралык бөлүм башчысы Осмон Масалиев Түркиядагы менчик ооруканалар боюнча маалымат келгенин, бирок квота менен акысыз дарыланууга кете турган бейтаптардын жагдайы белгисиз экенин айтты:

««Түркия 31 өлкөнүн бейтаптарын кабыл ала баштайт» деген маалымат бизге да келди. Бирок ал бейтаптар жеке менчик ооруканаларга медициналык туризм аркылуу барып дарылангандарга тиешелүү экен. Ал эми квота менен бара турган 150 кыргызстандык бейтаптын абалы тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинен кат келген. Анда бейтаптардын Түркияга барышы белгисиз мөөнөткө чейин токтотулары кабарланган. Ал каттам качан ачылары тууралуу бизге расмий кабарлана элек».

Түркияга 2019-жылы 720 миңге жакын чет өлкөлүк бейтап келген. Алардын көбү Жакынкы Чыгыштын, Европанын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жашоочулары.

Түрк өкмөтү медициналык туризмди өнүктүрүү үчүн ооруканаларга медициналык жабдууларды жана эң алдыңкы шаймандарды сатып алууда чоң жеңилдиктерди берген.

Кыргызстан менен медициналык туризм жаатында иш алып барган «Фидес Тревел» фирмасынын өкүлү Ибрагим Долапчыоглу Түркиянын чет өлкөлүк бейтаптарга коюлган жаңы талаптар жана алардын бейтаптарга таасири тууралуу мындай деди:

«Түркияга дарыланууга келген ар бир бейтап ПЦР-тестин тапшырууга милдеттүү. Чет өлкөлүк бейтаптын бул кымбат тесттен өтүүгө чамасы жетеби? Бул тестти тапшырганда канынан коронавирус чыгып калса, анда Түркия бейтапты кайра өз өлкөсүнө жөнөтөбү же 14 күн карантинде кармайбы? Бул суроолорго азырынча жооп жок. Негизинен Кыргызстандан оор абалда жаткан бейтаптар келет. Алар бул тартипке чыдай алабы деген маселе бар».

Мамлекеттик квота менен келген 150 бейтаптан тышкары жыл сайын Кыргызстандан миңдеген адамдар Түркиядагы менчик ооруканаларда дарыланышат. Алар негизинен онкология, ортопедия, неврология жана нейрохирургия бөлүмдөрүнө кайрылышат.

Коронавирус пандемиясынан улам Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларды оор операцияларды гана жасоого милдеттендиргендиктен айрым бейтаптар атайын уюштурулган Стамбул-Бишкек каттамы менен үйүнө кайтышкан.

Бишкектеги «Жашоого үмүт» коомдук бирикмесинин жетекчиси Уран Ибраимов Түркияга бөйрөк алмаштыруу операциясына кеткен бейтаптардын жагдайына токтолду.

«Карантинге чейин Түркияга бөйрөк алмаштыруу операциясына кеткен бейтаптардын бир канчасы кайтып келди. Ал бейтаптар да мыйзамга ылайык обсервацияга жатышат. Бул жагдай бейтаптар үчүн абдан кооптуу. Анткени трансплантация болгондон кийин кеминде 3 же 6 ай дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керек. Бейтаптар Кыргызстанга келгенден кийин обсервацияга жатып калса, алардын саламаттыгы үчүн коркунуч пайда болот. Бул чоң маселе. Ал эми Түркияга кеткен бейтаптардын арасынан кырдаал оңолгонго чейин ошол жакта күтүп жаткандар да бар».

Түркияда расмий өзгөчө кырдаал киргизилген эмес, бирок дем алыш күндөрү коменданттык саат жарыяланып жатат. Бул өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 150 миң кишиге жетти. Өлгөндөрдүн саны 4140 киши болду.

Май айынан баштап Түркияда COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын көрсөткүчү азайгандыктан штаттык режимде иштеп жаткан ооруканаларын кайрадан калыбына келтирүү аракеттери жасалып жатканы маалым болгон.

Расмий Анкара 1-июндан тартып ички, аймак аралык каттамдардын, жалпы туристтик сезондун жана ал тармактагы ишканалардын кайра ачылышын пландаштырып жатканы кабарланган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG