Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Түркия: мигранттарга иш берилери арсар


Анталия, Түркия.
Анталия, Түркия.

Жыл сайын Түркиянын мейманканаларына иштегени кеткен жүздөгөн кыргызстандык мигрант учурда аба каттамдарынын жана Түркиядагы туристтик сезондун ачылышын күтүп жаткан учуру. Алардын дээрлик көпчүлүгү иш менен орноштуруу агенттиктери аркылуу кетишет.

Гүлсада беш жылдан бери жай айларында Анталия аймагындагы мейманканалардын бирине келип иштеп кетчү.

Ал Бишкектен ишке орноштуруу агенттиктери аркылуу атайын эмгек визасы менен эмгектенчү. Быйыл да Гүлсада январь айында визага документтерин тапшырган. Апрель айында кетмек. Бирок коронавирус пандемиясынан улам абал туруксуз болуп жатканын айтты:

«Бул жылы 80дей кыргызстандык бир мейманканага иштөөгө кабыл алынып кышында документтерибизди визага тапшырып койгонбуз. Ошолордун 80% эмгек визасы чыккан деген божомол бар. Бирок пандемиядан улам азыр абалыбыз кандай болору белгисиз болуп жатат. Аба каттамдары ачылабы, мейманкананын өзү иштейби же жокпу, билбей отурабыз. Ачылып калса, төрт-беш ай болсо да барып иштеп келсек жакшы болмок. Азыр абалдын турукташканын гана күтүп отурабыз».

Түркиянын Туризм жана маданият министрлиги быйылкы жайкы сезон 1-июнда расмий ачыларын маалымдаган. Коронавирус илдети менен күрөшүү максатында быйыл Анталия аймагындагы мейманканалар катуу текшерүүдөн өтүп, алгач жергиликтүү туристтерди кабыл алууну пландаштырууда. Ал эми мейманканалар бул кырдаалда чет өлкөлүк мигранттарды жумушка кандай шарттарда алат жана талаптары кандай болот - азырынча белгисиз.

Жылына 80ге жакын агенттик Түркиядагы мейманканалардан келген талаптарга ылайык жумушчуларды жөнөтөт. Бишкек шаарындагы Иш менен камсыз кылуу боюнча жеке менчик агенттиктер ассоциациясынын жетекчиси Шерболот Обозов учурда Түркиядагы мейманканалардан расмий билдирүү келе элек экенин баса белгиледи:

Шерболот Обозов.
Шерболот Обозов.

«Агенттикттерге ушу тапта Түркиядагы мейманканалардан «биз чет өлкөлүк жумушчуларды быйыл албайбыз» деген расмий билдирүү келе элек. Ал эми визага документтерин тапшырган жүздөгөн кыргызстандыктардын «барып иштеп келебиз» деген үмүттөрү бар. Айрымдары гана «барбайбыз, акчабызды кайтарып бергиле» деп жатышат, бирок агенттиктер да болгон акчасын виза иштерине коротуп, абалдын жакшы болуп кетишин күтүп отурушат. Анткени жумуш таап берген агенттиктер да алдын-ала кырдаалдын мындай болуп кетишин билген эмес. Июнь айында мейманканалар иштей баштайт деген үмүтүбүз бар».

Мамлекеттик миграция департаментинин Маалымат жана кеңеш берүү борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев Түркиядагы мейманканаларга кетип жаткан мигранттардын укуктарын коргоодо атайын план иштелип чыкканын маалымдады:

«Эгерде Түркияда туристтик сезон болбой кала турган болсо эмгек визасына документтерин тапшырып, бирок ортодо калган кыргызстандык мигранттардын укугун толук коргош үчүн атайын план иштелип чыккан. Анда Тышкы иштер министрлигинин жана Финансы полициясынын кызматкерлери менен бирге иш алып барабыз. Эң негизгиси - эмгек мигранттарын жолдо калтырбай, виза маселесин кароого даярбыз. Бирок учурдагы абалга ылайык жарандардан кайрылуу келе элек. Өлкөлөр ортосунда да расмий толук сүйлөшүүлөр болбогондуктан азырынча абал кандай болорун айтыш кыйын».

Ал эми Түркиядагы мейманканаларда иштеп жаткан кыргызстандыктардын абалы кандай?

Бексултан жыл сайын Анталияга келип иштеп жатканына беш жыл болду. Ал иштеген мейманкана кышы-жайы ачык болгондуктан жумушчулар жылына бир ай гана эс алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бексултан быйыл 15-январда Кыргызстандан келип мейманканада иштей баштаган. Коронавируска каршы ал эмгектенген мейманкана жабылганы менен ага иштегени келген 15 кыргызстандыкты жетекчилик жумуштан чыгарбаганын айтып берди:

«Биз иштеген мейманкана эки айдан бери жабык. Анда иштеген 15 кыргызстандык учурда мейманкананын азыноолак иштерин жасап күн өткөрүп жатабыз. Айлыкты жетекчилик убагында төлөп жатат. 3000 лира же доллар менен 400 доллардай айлык алабыз. Жашаган жерибиз, тамагыбыз бекер. Жетекчилик болсо «12-майда сезонду ачабыз бирок жергиликтүү туристтерди гана кабыл алабыз» деген чечим чыгарыптыр. Азырынча шартыбыз жакшы, буюрса сезон ачылып калса ушул жылы толугу менен иштейбиз деген үмүтүбүз бар».

Кыргызстандык Нургүл 15 жылдан бери Анталиянын беш жылдыздуу мейманканаларда иштеп келет. Коронавируска байланыштуу ал иштеген мейманкана жабылгандыктан үйдө отуруп калган. Түркиядагы туризм тармагын жакшы билип калган Нургүл быйыл Анталияга келген чет өлкөлүк туристтер жана мейманканаларда иштеген мигранттар кескин азаярын божомолдоду:

«Азыр мен иштеген мейманкана да жабык турат. Жетекчилер «майдын аягында жумушка чакырабыз» деп жатышат. Анталияга учак каттамдары болсо июнь-июль айларында болорун айтып жатышат. Каттамдар ачылса деле чет өлкөлүк туристтер келе калышпайт го. Баары кооптонушат. Быйыл негизи сезон жакшы болбойт. Мейманкана жетекчилери «жайында бир-эки ай иштесек жакшы» деп божомолдоп отурушат. Турист келбесе мейманканалар жыл сайын Кыргызстандан алган жумушчуларды чакырышпайт деп ойлойм. Анткени мейманканалар быйыл толук иштегенге мүмкүнчүлүгү болбой калат».

Түркиянын Анталия шаарында иш жүргүзгөн Ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктер коомунун жетекчиси Себих Чайлак мейманканалар коронавирус менен күрөшүүдө министрликтер койгон талаптарга ылайык иш алып барууга милдеттүү экенин эске салды:

Себих Чайлак.
Себих Чайлак.

«Быйыл Анталиядагы мейманканалар чоң пландар менен чет өлкөдөн кышында эле жумушчуларын караштырып, аларга эмгек визасын чыгарууга өтүшкөн. Дүйнө жүзүнүн үшүн алган коронавирус илдети мейманкана бизнесине да таасирин тийгизбей койгон жок. Учурда мейманканалардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Түрк иш берүүчүлөр мурдагы жылдарга караганда быйыл аз мигрант иштетерин айтып жатышат. Анткени эмгек визасы чыкса деле бул жылы Анталияга келип иштегиси келген чет элдиктер аз болот. Түркиянын туризм тармагы быйыл акыркы 10 жылдын эң кирешесиз жылын баштан кечирет».

Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу 11-мартта катталган. Ошондон бери өлкөдө ресторандар, соода борборлору, коомдук жайлар жана мектептер жабык турат. Расмий Анкара 11-майдан баштап алгач чач тарачтар, сулуулук салондору жана соода борборлору ачыларын маалымдады.

Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин статистикасына ылайык, өлкөгө 2019-жылы 43 миллионго жакын чет элдик турист келген. Анын 15 миллионго жакыны Анталия аймагындагы мейманканаларда эс алган. Ал эми расмий Анкара 2020-жылы туристтик сезондо 50 миллиондон ашык чет өлкөлүк турист келерин божомолдогон.

Жалпысынан Түркияда расмий 30 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын 6 миңге жакыны гана расмий эмгек визасы менен иштейт. Бирок расмий эмес туристтик виза менен иштеген кыргызстандык мигранттар миңдеп саналат. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет. Жайында Түркияда иштеген кыргызстандыктар мындан бир топ көбөйөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG