Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Түркияга кеткен бейтаптардын түйшүгү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги пандемия учурунда дарыгерлерди оор операцияларды гана жасоого милдеттендирген. Ошондой эле министрлик 2020-жылы мамлекеттик квота менен кыргызстандык бейтаптарды кабыл албай турганын кат жүзүндө маалымдаган.

Арген Жумабаевге 2017-жылы мамлекеттик квота менен Түркиянын Стамбул шаарында бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган. Эжесинин бир бөйрөгүн алган 20 жаштагы ​Арген Кыргызстанга келгенден кийин ооруп, кайрадан Түркияга барууга мажбур болгон. Ал эки жылдан бери Стамбул шаарында эмгектенип, тапкан акчасына эки айда бир жолу ооруканага барып көрүнүп турат.

«Тапшырган анализдердин акчасын өзүм төлөйм. Анализдер кымбат болгондуктан көп иштейм. Пандемия учурунда дарыгерлерим «ооруканага келбей тур» дешти. Tелефон чалып ал-акыбалымды сурап турушат. Эми дарыгерлерге көрүнгөнү качан барарым белгисиз. Учурда мен да жумушсуз үйдө карантинде отурам».


2014-жылы Кыргызстан менен Түркия өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, жыл сайын Кыргызстандан 100 бейтап Түркияга келип, акысыз дарыланып жүргөн. 2019-жылы май айында квотаны 150 кишиге көбөйтүү боюнча протоколго кол коюлган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин эл аралык бөлүм башчысы Осмон Масалиев буларды маалымдады:

«Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус илдетине байланыштуу 2020-жылы квота алкагында жана жеке жарандардын өз каалоосу менен Түркияга келип дарылануусу боюнча мамлекеттик ооруканаларда кабыл албай турганын кат жүзүндө билдирди. Жеке менчик ооруканалар кандай чечим кабыл алары белгисиз. Бирок азыркы учурда бейтаптардын чет өлкөгө чыгуусу такыр мүмкүн эмес».

Түркияга 2019-жылы 720 миңге жакын чет өлкөлүк бейтап келген. Баарынан көп Жакынкы Чыгыштан, Европадан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келишет. Түркиянын өкмөтү медициналык туризмди өнүктүрүү үчүн ооруканаларга медициналык жабдууларды жана шаймандарды сатып алууда чоң жеңилдиктерди берген».


Айгүл Карнакова эки жылдан бери Стамбул шаарында жашап, жеке менчик ооруканада дарыланат. Стамбул шаарындагы ал оорукана азырынча жабыла элек экен.

«Азыр менин дарылануум токтоп турат. Мен январдагы химиялык терапиядан кийин абдан кыйналдым. Ошондон кийин өзүмө келгенче токтотуп койгом. Бирок онкология бөлүмүндө дарыланган бейтаптарды оорукананын машинасы үйдөн алып кеткендиктен кабыл алып жатышат. Ушул айдын аягында дарыгерге көрүнүшүм керек. Ошондон кийин гана химиялык терапиядан өтөмбү же жокпу - мага айтышат».

Мамлекеттик квота менен келген 150 бейтаптан тышкары жыл сайын Кыргызстандан миңдеген бейтаптар Түркиянын ооруканаларына өз акчасына келишет. Алар негизинен онкология, ортопедия, нефрология жана нейрохирургия бөлүмдөрүнө кайрылышат. Коронавирус пандемиясынан улам Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларды оор операцияларды гана жасоого милдеттендиргендиктен жана аба каттамдарынын токтошу менен Кыргызстандан бара турган оор бейтаптар кармалып турушат.

Эл аралык бейтаптар менен иш алып барган «Компас» компаниясынын жетекчиси Лили Жолчиева учурда Түркиянын дарыгерлери чет өлкөлүктөргө атайын онлайн консультация ыкмаларын тереңдетип өтүп жатканын айтып берди.

Лили Жолчиева.
Лили Жолчиева.

«Кыргызстанда оор абалда операция күтүп жаткан бейтаптардын абалы бизди да түйшүккө салып жатат. Учурда аба каттамдары жабык болгондуктан түрк дарыгерлери онлайн консультация берип, бейтаптын абалын түшүнүүгө аракет кылып жатышат. Ошондой эле алыстагы бейтаптын анализдерине ылайык өзү жашаган өлкөнүн догдурлары менен байланышып, ошол жактан эле дарылап жатышат. Албетте оор операцияны талап кылган бейтаптар аба каттамдардын ачылышын жана пандемиянын бүтүшүн гана күтүүгө мажбур».

Учурда коронавируска каршы күрөшүү максатында түрк өкмөтү өлкөдөгү жеке менчик ооруканаларды да COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптарды акысыз дарылоого милдеттендирген. Мындан улам Түркиядагы медициналык жайлардын дээрлик көпчүлүгү коронавирус жугузуп алгандар менен күрөшүүдө.

Түркияда коронавирус пандемиясынан улам 16-марттан бери мектептер, жогорку окуу жайлары жана соода борборлору жабылган. Өлкөдө расмий өзгөчө кырдаал жарыяланган эмес, бирок дем алыш күндөрү коменданттык саат жарыяланып жатат. Бийлик жергиликтүү калкты үйдө отуруп, эл көп жерлерге барбоого үндөп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG