Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Түркияда чачтарачтар жаңы талап менен иштейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда коронавируска байланыштуу жабылган ишканалар жана дүкөндөр акырындап ачыла баштады. 11-майдан баштап чач тарач жана сулуулук салондору ишке киришти.

Кыргызстандык Мира Дөөлөталиева алты жылдан бери Түркиянын борбор калаасы Анкарада сулуулук салонун иштетет.

Эки айдан бери карантинге жабылган Миранын салону 11-майда кайрадан ишке киришти. Ал жергиликтүү бийликтин сулуулук салондоруна койгон талаптарын тыкыр аткарып, кардарларын кабыл ала баштаганын айтып берди.

«11-майдан баштап кайра салонубузду ачтык. Эки айдан ашуун карантинге жабылганбыз. Анан бийлик сулуулук салондоруна уруксат бергенде отурган жерибизди толугу менен дезинфекция кылдык. Андан тышкары салондорго атайын талаптар келди. Мисалы, кардарлар келгенде биз алгач анын дене табын өлчөйбүз. Кардарларды тейлеп жатканда бир жолу пайдаланыла турган өгөө, сүлгү колдонууга милдеттүүбүз. Ооруканада догдурлардай эле ак комбинезон, беткап жана мээлей кийип жатабыз. Муну менен өзүбүздүн жана кардарлардын саламаттыгын ойлогон болобуз. Азырынча кызматтарыбыздын бааларын көтөргөн жокпуз. Бирок бир жолу колдонуп ыргыта турган сүлгү жана дезинфекция шаймандарына акча кетет экен. Мындан ары ушундай талап менен иштей баштайбыз».

Мира Дөөталиева кардарларын жаңы талапка ылайык тейлейт.
Мира Дөөталиева кардарларын жаңы талапка ылайык тейлейт.

Түркиянын Ички иштер министрлиги чачтарач жана сулуулук салондоруна тийиштүү жаңы жоболорду иштеп чыккан.

Анда коронавирус менен күрөшүү максатында бул ишканалар тазалыкка көңүл бурууга, кардарлардын санын чектөөгө жана күнүнө 12 саат гана иштөөгө милдеттүү. Министрликтин бул жаңы эрежелерине жооп бербеген ишканалар ири өлчөмдө айыпка жыгылат.

Стамбул шаарында жашаган Толкун да чачтарач болуп эмгектенет. Ал башка чачтарачтардан айырмаланып кардарларын үйүндө кабыл алат. Толкундун кардарлары негизинен кыргызстандык кыз-келиндер. Түркияда коронавирусту жугузуп алгандар алгач катталганда эле ал кабыл алуусун токтоткон. Май айынан баштап кайра ишке киришкенин айтып берди.

«Карантин убагында такыр иштеген жокмун. Кардарларым «үйгө келип чачымды кыркып бер» деп жатышты, бирок сыртка чыккандан корктум. Түркияда коронавирусту жугузуп алгандар жана өлгөндөрдүн саны азайгандыктан кардарларымды коркпой кабыл ала баштадым. Мен бир салонго барып иштегенден көрө үйдө өзүм тааныган кардарлар менен иштегенди туура көрдүм. Анткени мындай жол кирешелүү деп ойлойм».

Ал эми Назикат Шаршенбаева үч жылдан бери Стамбул шаарында визажист жана стилист болуп иштейт. Ал негизинен үйрөнчүк визажисттерге макияждан сабак өтүп, ошондой эле үйлөнүү үлпөт тойлорунда кыз-келиндердин бетин боёп берет.

Назикаттын бул чакан бизнеси коронавирустун айынан токтоп, өзү иштеткен салонду убактылуу жапканга туура келген. Бирок салондун бир айлык ижара акысын албай турганын айткандан бери сүйүнүп жатат.

Назикат Шаршенбаева
Назикат Шаршенбаева

«Мен күн сайын салонду дезинфекциялап жатам. Өзүм да мээлей, беткап жана көздү жапкан атайын очки алдым. Өзүмдүн да, кардарлардын да саламаттыгын ойлоп жатам. Азырынча май айына жазылган кыз-келиндер жок. Июнь айында өтө турган той-топурлар бар. Ошол келиндердин макияждарын кылам. Ага чейин салонго келип боёнгонду үйрөнөм дегендерге сабак өтөм. Бүгүн салондун ээси келип «карантин маалында жабык турдуңар, май айынын ижара акысын албайм. Кийинки айларды акырындап төлөйсүң» деп кетти. Бул да болсо мага окшогон чакан ишканаларга чоң колдоо. Буюрса вирустан арылсак, жумушубуздун үзүрүн көрөбүз деп ойлойм».

Түркияда учурда 108 миңден ашуун сулуулук салондору расмий каттоодон өтүп иштеп жатышат. Алардын баары 21-марттан бери карантинге жабылган. 11-майдан тартып карантиндик чектөөлөрдүн айрымдары алынып, биринчи этапта чачтарач, сулуулук салондору жана соода жайлары ачылды.

Түркия коронавирус пандемиясынан катуу жабыркап жаткан өлкөлөрдүн бири. COVID-19 илдетине чалдыккандар 11-майда 140 миңге чамалады.

Ал эми Түркияда 30 миңдей кыргызстандык Стамбул, Анкара жана Анталия сыяктуу ири шаарларда окуп, иштешет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG