Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Түркия: мыйзамсыз мигранттардын абалы оор


Түркияда убактылуу ишсиз калган кыргызстандык мигранттар айрым жергиликтүү бийликтеринен азык-түлүк жардамын алып жатышат. Ал эми мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарды жана студенттерди Түркиядагы диаспоралар, коомдор жана мекендештер колдоп жатышат.

Түркиянын Стамбул шаарында жашаган Нургүл бир жаштагы уулу менен 15-марттан бери жумушсуз отурат. Ал карантин башталганга чейин эле бала бакчада эмгектенчү. Буга чейин топтогон каражатын батирдин ижарасына берип, учурда азык-түлүк жана уулунун сүтүнө акча тартыш болуп турган учур.

Нургүл жашаган Султангази райондук администрациясы аны аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарына кошуп, карантинде жалгыз бой аялга жардам берип кетишкенин айтты.

«Биз жашаган райондун администрациясы азык-түлүк салынган баштык алып келишти. Анда кесме, май, туз, шекер бар экен. Ошондой эле Стамбулдагы «Кыргызстан достук жана маданият коомунан» да ушундай эле азык-түлүк салынган баштык келди. Бул жактагы мекендештердин жардамы менен бир түрк жеке фирмасынан балама памперс, самын, шампунь, бет аарчы келди. Азыр уулум экөөбүз жалгыз жашагандыктан жардамга келген азык-түлүк менен жашай беребиз деп турам. Мага жардам берип кол сунган бардык мекемелерге ыраазычылыгымды билдирем».

30-мартта Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын демилгеси менен «Кайрымдуу Түркия» акциясы башталып, анда президент өлкөдөгү жеке ишканалардан, ишкерлерден жана карапайым калктан коронавирус менен күрөшүү максатында акчалай жардам көрсөтүүнү өтүнгөн. 7-майда бул акциянын эсебине 281 миллион доллардан ашык каражат топтолуп, бул акча менен 800 миңден ашык аз камсыз болгон жарандарга азык-түлүк жардамы көрсөтүлгөн.

Түркиядагы «Кайрымдуу Түркия» акциясын президенттик аппарат өзү көзөмөлдөп, каражат губернаторлуктардан келген тизмеге жараша бөлүнөт.

Кыргызстандын Миграция департаментинин Түркиядагы коомдук өкүлү Айбек Кочкоров коронавирус чектөөлөрүнөн улам жардамга муктаж кыргызстандыктардын тизмесин жергиликтүү губернаторлуктарга тапшырып турат.

«Түркияда туруктуу жашоого уруксаты бар же эмгек визасы менен иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар жергиликтүү мэриялардын сайтына кирип, ошол жактагы социалдык жардам көрсөткөн мекемелерге онлайн каттала алат. Ал эми мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктардын абалы оор. Анткени алар расмий эч бир мекемеге каттала албайт, андыктан бир аз да болсо жардам ала алышпайт. Мындан улам Түркиянын Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу ири шаарларынын губернаторлуктары менен сүйлөшүп, жүздөгөн кыргызстандыктарга азык-түлүк жагынан көмөк көрсөтүп жатабыз. Күндөн күнгө жардамга муктаждар көбөйүүдө. Түркиядагы кыргыз коомдор жана ишкерлер менен биргеликте мекендештерге жардамыбызды улантып жатабыз».

Анталия аймагында да коронавирустан улам жумушсуз жана каражатсыз калган кыргызстандыктар көп. Туристтик сезондун ачылышын күткөн мигранттар жергиликтүү бийликтердин эшигин каккылап келишет. Анталиядагы «Айымдар коомунун» жетекчиси Периза Асанаалиева аймактагы мигранттардын абалына токтолду.

«Дүйнөнүн үшүн алган коронавирустан улам Анталиядагы мигранттардын абалы оор. Жардамга муктаждардын саны өтө көп. Негизинен кыргызстандыктар Анталиядагы мейманканаларда иштегендиктен алар жабылып, дээрлик көпчүлүгү үйдө отуруп калышты. Өзгөчө жаштар Анталиянын арзан жатаканаларында баш калкалаганга мажбур болуп отурушат».

Периза Асанаалиева Анталия мэриясынын жетекчилери менен.
Периза Асанаалиева Анталия мэриясынын жетекчилери менен.

Периза Асанаалиева Анталия мэриясына караштуу түзүлгөн «Чет өлкөлүктөрдүн кеңешине» кайрылып, аймактагы мигранттарга азык-түлүк жагынан колдоо көрсөтүү демилгесин көтөрүп чыккан. Бул демилге колдоо таап, май айында ондогон кыргызстандык үй-бүлө жардам алганын айтып берди.

«Кыргызстандан балдары менен Анталияга көчүп келип, эми карантинге байланыштуу үйдө отуруп калган ондогон үй-бүлөлөр бар. Алар убагында иштеп, балдарын мектепке жөнөтүп, Кыргызстанга акчасын салган катардагы эле эмгек мигранттары болчу. Эми алар бизден жардам сурагандыктан атайын тизме түзүп, жергиликтүү бийликтерден аларга азык-түлүк сурадык. Өзгөчө мыйзамсыз иштеп жүрүп жумушсуз калган кыз-келиндерге басым жасап жатабыз. Улам кезек менен тизмеге катталган жарандарга жардам таратып келебиз».

Түркиянын жогорку окуу жайларында 155 миңге жакын чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын эки миңге жакыны кыргызстандыктар. Коронавирустун алдын алуу максатында Түркиянын Жогорку окуу жайлар мекемеси жайга чейин университеттеги билим алуу аралыктан болорун маалымдаган. Ушундан улам жергиликтүү студенттер үйлөрүнө кетип, ал эми Кыргызстанга кайткысы келген студенттер аба каттамы токтогондуктан мекенине кете албай калышкан.

Сезим Түндүк Кипрдеги «Финал» эл аралык университетинин биринчи курсунун студенти. Ал курбусу менен Никосия шаарында батирде турат. Түркияга салыштырмалуу азык-түлүк баалары кыйла кымбат болгондуктан Сезим жергиликтүү бийликтен жардам болбосо чет элдик студенттердин абалы оор экенин айтты.

«Акыркы эки жумадан бери Түндүк Кипрде коронавирус илдетин жугузуп алгандар каттала элек. Буга чейин ооругандар бар болчу. Биздин университет жабылгандан бери үйдөн сабак окуп жатабыз. Сыртка азык-түлүк алганы гана чыгабыз. Коронавирус башталгандан бери дүкөндөргө товар да аз келип калгандай. Ошол келген азык-түлүктөрдү да жергиликтүү калк паника болуп тытып сатып алып кетишет. Анын үстүнө Кипр арал болгондуктан баалар салыштырмалуу өтө кымбат десем болот. Андыктан кыргызстандык студенттерге ар кандай коомдор, жеке ишкерлер анан мэриялар жардам берип жатышат. Биздин үйгө да Никосия мэриясынан баштык алып келишти. Анда май, күрүч, кесме, мөмө-жемиштер бар экен. Ошолорду үнөмдөп жеп, аба каттамдарынын ачылышын күтүп отурабыз».

Ал эми Рысбек Ысманов Түркиядагы «Кыргызстандын демилгелүү жаштар клубун» жетектейт. Ал социалдык тармакта өзгөчө пандемия учурунда чет өлкөдө окуган студенттердин шарттарын чагылдырган постторду жазып келет. Рысбек Түркияда ар түрдүү мекемелерден жана ишкерлерден кырдаал турукташканча кыргызстандык студенттер үчүн жардам сурап жүргөнүн айтты.

Рысбек Ысманов.
Рысбек Ысманов.

«Буга чейин Стамбул-Бишкек атайын учак каттамдары менен 100гө жакын кыргызстандык студент мекенине кайтты. Кийинки каттамдарга студенттердин тизмесин элчиликке тапшырып жатабыз. COVID-19 илдети адамдын ден соолугуна гана эмес, чөнтөгүнө да сокку урду десем болот. Учурда Түркиядагы кыргыз студенттери жатаканаларда же батирлерде баш калкалап жатышат. Кония шаарындагы студенттер менен бирге "Биз биргебиз, биз жеңебиз" деген кайрымдуулук акциясын уюштуруп, Түркиядагы жеке ишкерлерден жана мекемелерден жардам сураганбыз. Бизге кол сунгандар болду. Алар берген каражатка аз да болсо студенттерге азык-түлүк алып берип жатабыз. Бирок жардамга муктаж студенттердин саны азая элек. Бир гана Түркияда эмес, Орусия, Казакстан же башка өлкөлөрдө бизге окшоп жардам күткөн студенттердин абалына көңүл бургум келет».

Түркия 11-майдан тартып карантиндик чектөөлөрдүн айрымдарын алууга даярданууда. Президент Режеп Тайып Эрдоган биринчи баскычта чач тарачтар, сулуулук салондору жана соода түйүндөрү ачыларын билдирди.

Түркия - коронавирус пандемиясынан катуу жабыркап жаткан өлкөлөрдүн бири. COVID-19 илдетине чалдыккандар 135 миңден ашты.

Түркияда 35 миңдей кыргызстандык Стамбул, Анкара жана Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап эмгектенет жана окуйт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG