Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:19

COVID-19 Нарынды тооруп жүрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жаңы жуккан 30 киши катталды. Эки адам илдеттен көз жумду. Вирус жаңы табылгандардын көпчүлүгү Бишкек жана Нарын шаарларында.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирус табылгандардын көбү Бишкек шаарынын жана Нарын облусунун тургундары болуп жатат. Буга карантиндин жеңилдеши жана баш калаага чет жактан келип жаткан кыргызстандыктар себеп болгону айтылууда.

Маселен, 25-майда карата COVID-19 илдети жаңы табылган 30 адамдын тогузу Бишкек шаарында, бешөө Нарын облусунда катталды. Ушуну менен аталган илдетке чалдыккандар Чүй облусунда 619 адамга жетсе, 250 миңден бир аз ашыгыраак калкы бар Нарын облусунда эле 272 кишиге жукту.

25-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү соңку кырдаал тууралуу буларды айтты:

Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

«Бир суткада коронавирус жуккан эки бейтап каза болду. Бири - Бишкектеги Инфекциялык ооруканада - Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев (70 жашта). Экинчиси - Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасында - 67 жаштагы эркек бейтап. Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 12 бейтап айыгып чыкты».

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги май айынын соңунда Кыргызстанда оору басаңдай турганын билдирген болчу. Бирок коронавирустун жаңы очогу улам бир жерден табылып жатат. Вирустун мындан аркы көбөйүшүнө же азайышына байланыштуу атайын эксперттик топ талдоо жүргүзүүдө.

Ушул күндөрү Нарында эпидемиологиялык абал оор деп бааланып жатат. Облустук бийлик кырдаал оңолбосо, Нарын шаарына карантин режимин киргизүүнү караштыра турганын билдирүүдө. Ошентсе да көчөдө элдин аягы суюлбай, базарларда беткап тагынбай, бейкапар жүргөндөр арбын. 24-майда Орозо айт майрамында нарындыктар бири-бирине конокко барып эле айттап жүргөнү байкалды.

Нарын шаарынын тургуну Саламат Жангазиев коронавируска байланыштуу элдин кайдыгер мамилеси ооруну жайылтып жатат деген пикирде.

«Көңүл бурбай жатабыз. «Вирус жок» деген сөздөргө көпчүлүк ишенип алды. Эми мындай боло берсе ооруну токтото албай калабыз», - деди ал.

10-майда өлкө боюнча өзгөчө абал режими алынган кезде жергиликтүү бийлик Нарын облусунда абал турукташып калганын билдирген болчу. Бирок андан бери Нарын шаарында коронавирус жуккандар көбөйүп, эки очогу табылды. Бири - Нарын облустук ички иштер башкармалыгы, экинчиси - Нарын облустук төрөт үйү болду.

Ак-Талаа районунда катталган COVID-19 илдетинин 18 учуру мына ушул төрөт үйүнөн чыгып барган бир аялдан тараганы белгилүү болду.

Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Эмилбек Алымкулов облуста болуп жаткан кырдаал тууралуу маалдымат берди:

Эмилбек Алымкулов.
Эмилбек Алымкулов.

«Акыркы учурда Нарындан чыгып жаткан коронавирус илдетинин жаңы учурлары - буга чейин төрөт үйүндө жугузуп алган адамдар менен байланышта болгондор. Анткени төрөт үйүндөгү бардык медкызматкерлерден жана ошол кезде ооруканада жаткан бейтаптардын жакындарынан жалпысынан 1000ден ашык анализ алганбыз. Көбү таза чыкты. Кырдаал көзөмөлдө турат. Тыштан жугузуп келген жаңы учурлар катталган жок. Азыр коронавирус жуккан адамдар менен байланышта болгондорду тактап алсак, андай кийин тазаланып чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми азыр шаардагы элдин баскан-турганын чектей албайбыз. Алар ансыз деле 2,5 ай карантинде жатты. Бир топ ишкерлер зыянга учурады. Ошондуктан бул кырдаалдан элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чыгып кетебиз деп ишенип турабыз».

Элдин кайдыгер мамилеси оболу дарыгерлерди кыйнап жаткан экен. Адистер элдин мындай мамилеси вирустун жайылышына шарт түзүп жатканын байма-бай айтып эле келатышат. Алар эгер оор абалдагы бейтаптар көбөйүп кетсе медициналык жабдуу жетишсиз болорун, аларды дарылоо оорчулукка алып келерин белгилешет. Адистер элдин баскан-турганын чектеш керек деп жатышат.

Ат-Башы райондук ооруканасынын башкы дарыгери Илим Бейшеналиев мындай деди:

Ат-Башы району. 27-апрель, 2020-жыл.
Ат-Башы району. 27-апрель, 2020-жыл.

«Коронавирустун айынан башка оорулар каралбай калды. Сокур ичеги болгондор, колу-бутун сындырып алгандар кыйналып жатышат. Нарынга же башка ооруканаларга убара болуп барууга аргасыз болушууда. Бара албай үйүндө кыйналып жатканы канча? Азыр эл ооруга олуттуу мамиле кылбаса болбойт. Мисалы, биздин ооруканага коронавирус жуккан, оор акыбалдагы он бейтап келсе, ИВЛ аппараттарыбыз жетпей калат. Керек болсо медкызматкерлер аларды тейлей да албай калат».

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында март айынын аягында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Карантин режиминде киргизилген чектөөлөр бара-бара алынып жатат. Коронавирус коркунучуна байланыштуу Бишкекте марттын соңунда токтогон коомдук транспорт 25-майдан тартып иштей баштады. Дарыгерлер COVID-19 эл көп топтолгон жерде тез тарай турганын белгилеп жүрүшөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу, профилактикалык медицина борборунун вирусологу Зуридин Нурматов оорудан сактануунун эрежелерин кеп кылды:

Зуридин Нурматов.
Зуридин Нурматов.

«Коомдук транспортко түшкөндө сөзсүз беткап тагыныш керек. Эгер мүмкүнчүлүк болсо аралыкты сактоо зарыл. Анткени бул оорунун таркап кетүү коркунучу дагы эле бар. Карантин менен кошо оору да токтоп калган жок. «Мен ооруган жокмун, мага жукпайт» деген ойдон алыс болуш керек. Мен элге дагы бир жолу эскертким келет. Коронавирус алгач Кытайдын Ухань шаарынан чыкканда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери «коронавируска чалдыккан адамдардын 20% илдет жугузуп алганын өздөрү деле байкабай калышы мүмкүн. Бирок алар башкаларга жугузуп жүрө беришет» деп айтышкан. Андан кийин деле Европада АКШда бир катар изилдөөлөр жүрдү. Ошондуктан мен жалпы эле медиктердин, өкмөттүн, республикалык штабдын айткандарын уккула деп чакырам».

Жалпысынан 25-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1433 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 992 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан бул илдетке чалдыккан медицина өкүлдөрүнүн саны 280 кишиге жетти, алардын 231и айыккан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG