Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 16:05

Харрис: Башкача жашаганды үйрөнүшүбүз керек


Армениялык дарыгер, Ереван, 27-май 2020-жыл.

COVID-19 пандемиясы менен кошо дүйнөдө бул илдетке байланыштуу жалган маалыматтардын “инфодемиясы” да жүрүп жатат. Мындай пикирин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун басма сөз өкүлү, доктор Маргарет Харрис “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

Ал карантин алынган өлкөлөрдөгү абал, вакцина иштеп чыгуу аракеттери жана пандемиядагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жоопкерчилиги тууралуу да ой бөлүштү.

Карантинден кийинки кырдаал

- Кыргызстан сыяктуу дүйнөнүн бир топ өлкөсү карантинди жумшартышты. Айрымдары азыртадан эле коронавируска чалдыккандардын саны көбөйө түшкөнүн билдиришүүдө. Бул багытта дүйнөдө абал кандай? Чектөөлөр алынган өлкөлөрдө кандай тенденцияларды байкап жатасыз?

- Коомдун саламаттыгын камсыз кылуу үчүн киргизилген чектөөлөр кыймылды токтотуп койсо да, вирустун жайылышын ооздуктаганы белгилүү. Эл эки жакка каттай баштаганда вируска чалдыккандардын саны көбөйөөрү күтүлүп жаткан эле нерсе. Мындан улам биз карантинди жумшартардан мурда тест жүргүзүүнү жолго коюу керектигин белгилеп келебиз. Тест вирустун кайдан чыгып жатканын, очогу кайда экенин аныктоого жардам берет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү, доктор Маргарет Харрис.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү, доктор Маргарет Харрис.

Оорулуулар менен байланышта болгон бардык адамдарды таап чыга турган команда да болушу керек. Көп өлкөлөрдө булар жолго коюлган. Мисалы, Түштүк Корея илдетке чалдыккандар менен байланышта болгон адамдарды таап чыгуунун үлгүсүн көрсөттү. Эми бул өлкө вирустун жаңы очокторуна каршы күрөшүүдө.

Ошентсе да бул жагдай жаман дегенди билдирбейт. Албетте, биз жаңы адамдардын илдетке чалдыгышын каалабайбыз. Бирок вирусту жуктуруп алгандарды жана алар менен контактта болгондору аныктап, аларды обочодо кармай алсак, вирусту ооздуктай алабыз. Ошентсе да бул жеңил вирус эмес. Ал биздин арабызда жүргөндү өздөштүрүп алды. Андыктан биз башкача жашаганды үйрөнүшүбүз керек.

- Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы расмий өкүлү вирустун очогун аныктоо кыйынчылык жараткан учурлар бар экенин, айрым бейтаптар илдетти кайдан, кимден, кандай жол менен жугузуп алганын билишпей турганын билдирди. Бул багытта дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө абал кандай?

- Вирус коомчулуктун кеңири катмарына жайылып кеткенден кийин илдет кантип жукканын аныктоо кыйын болот. Себеби эл арасында көп вирус айланчыктап жүрүшү мүмкүн. Андыктан инфекцияга кабылуу ыктымалдуулугу жогорулайт. Ушундан улам көп өлкөлөр карантин киргизгенге аргасыз болушту. Антпесе каякка барбаңыз, вирусту жугузуп алышыңыз мүмкүн.

Илдетти оозуктагандан кийин чектөөлөрдү алса болот. Бирок элге аралашканда вирус жугуп калуу коркунучу кала берет. Андыктан жеке коргонуу чараларын көрүшүңүз керек. Колдор таптаза болушу керек. Жөтөлүп же чүчкүрүп жатсаңыз, ооз-мурунду жүз аарчы же колдун чыканак тушунун сырткы жагы менен жабуу керек. Эки адамдын ортосунда бир же эки метр сакталышы зарыл. Жумуштагы же мектептеги жүрүм-турумубуздун баары өзгөрөт.

Италиянын баш калаасы Рим, 18-май 2020-жыл.
Италиянын баш калаасы Рим, 18-май 2020-жыл.

- Айрым окурмандарыбыз “Эми эки жакка мурдагыдай качан каттай баштайбыз?” деп сурап калышат. Кээ бир европалык авиакомпаниялар айрым каттамдарын жандантты. Бирок саякат маалында вирус жугуп калбайбы деген тынчсыздануулар да жок эмес. Каттамдар качан жанданышы керек? Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу кандай?

- Каттамдарга чектөө коюу чечимин өлкөлөр өздөрү кабыл алышат. Биз глобалдык саякатка чектөө киргизе албайбыз. Чынында элдин каттамы вирустарды бир өлкөдөн экинчисине жайылтып коёру бышык. Мисалы, илдетти ооздуктаганга жетишкен Кытайдын түндүгүнө Орусиядан баргандар вирусту кайра алып киришпедиби. Азырынча саякат маалында вирусту башка адамдан жугузуп алуу ыктымалдуулугу канчалык жогору экени так эмес. Бирок саякатка чыгуу тобокелчилик менен коштолору анык.

Андыктан дүйнө өлкөлөрү сыртка чыгып жаткан жана чет өлкөдөн кайтып келген адамдарды тыкыр текшерүүдөн өткөрүшү керек. Аэропорттор жүргүнчүлөрдүн колун дезинфекциялап турууга шарт түзүп, элдин бир жерге топтолушун алдын алышы кажет. Саякат күтүү же кезекте туруу менен коштолот эмеспи. Эми бул эрежелер өзгөрүшү керек. Каттамдардын санын азайтууга, жолго чыккан адамдардын санын кыскартууга туура келет. Антпесе баягы эле маселе чыгат.

Дарттын дабасын издөө аракети

- Батыш өлкөлөрүндөгү айрым дарыгерлер кандын уюп калышы же тромбдордун пайда болушу коронавируска чалдыккан көптөгөн бейтаптардын өлүмүнө себепчи болуп жатканын билдиришүүдө. Бул жагдай глобалдык деңгээлде канчалык камтамачылык жаратып жатат?

- Бул илдетке мүнөздүү маанилүү жагдай. Көп сандаган адамдарда тромбдор пайда болуп жатат. Чынында бул илдеттин оор формасына, керек болсо өлүмгө алып келиши мүмкүн. Биз бир күн мурда жаңы методикалык сунуштарыбызды жарыяладык. Ага ылайык, эгер бейтаптын организмине башка зыяны болбосо, анда аларга канды суюлтуучу препараттар берилиши керек.

- Сунуштар демекчи, дүйнө өлкөлөрү COVID-19ду ар башкача дарылап жатышат. Жакында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму гидроксихлорохин дарысынын сыноосун токтотуп койду. Бразилия менен АКШнын президенттери малярияга каршы бул дары коронавирусту алдын алаарын билдиришкен эле. Эмне үчүн дүйнөдө COVID-19ду дарылоо багытында орток пикир жок болуп жатат?

- Ар ким өлкөнүн өзүнүн системасы, өзүнүн тескөөчү органдары бар. Кайсы бир дары АКШда эффективдүү болсо да, аларды колдонуу же колдонбоо маселесин, мисалы Кыргызстандын же Австралиянын жергиликтүү мекемелери өздөрү чечишет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму глобалдык деңгээлде жалпы сунуштарды берет. Өлкөлөр ал сунуштарды кабыл алат же башка ыкмаларды колдонот.

Гидроксихлорохин дарысы боюнча байкоого негизделген абдан кеңири изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы “Lancet” журналына өткөн жумада жарыяланды. Анда COVID-19га каршы түрдүү жол менен дарыланган бейтаптардын абалы изилденген. Ага ылайык, гидроксихлорохинди колдонгондордун арасында өлгөндөрдүн саны көп экени, жүрөктүн аритмиясы көп байкалганы ачыкка чыкты.

Санкт-Петербург шаарында коронавируска чалдыккан адамды ооруканага алып бара жатышат, 19-май 2020-жыл.
Санкт-Петербург шаарында коронавируска чалдыккан адамды ооруканага алып бара жатышат, 19-май 2020-жыл.

Бул коопсуздук маселесин күн тартибине чыгарып койгондуктан жана биз бир нече үмүт жараткан башка дарыларды да сыноо өткөрүп жатканыбыз үчүн гидроксихлорохинди убактылуу токтоттук.

Ага ылайык, ооруканага жаңы түшкөн бейтаптарга гидроксихлорохин берилбейт. Бирок бул чечим кабыл алынганга чейин гидроксихлорохинди ичип жаткандар аны менен дарыланууну уланта беришет.

- Ошондо COVID-19ду натыйжалуу дарылай алган препараттар качан табылып калышы мүмкүн?

- Азыр андай дары жок. Бирок коронавируска чалдыккан адамдарга кам көрүү жагы кыйла жакшырды. Доктурлар COVID-19 илдетине кабылган көп бейтаптарды дарылашты. Алар өз ара чогулуп, кайсы дары кандай натыйжа берип жатканын талкуулап жатышат. Ошентсе да учурда оорулууларга кошумча жардам берүүчү, алардын симптомдорун басаңдатуучу гана дарылоо курсу бар. Бирок вирустун өзүн өлтүргөн дары жок.

Борбор Азиядагы абал

- Харрис айым, Борбор Азиядагы кырдаалга көз салып жаткан болсоңуз, бул чөлкөмдөгү коронавируска каршы күрөшкө кандай баа бересиз? COVID-19га байланыштуу кырдаалды кандай мүнөздөөр элеңиз?

- Борбор Азияда эпидемия Батыш Европадан бир аз кечирээк башталды окшойт. Вирус Чыгыш Европага, андан соң Борбор Азияга жетти. Бул чөлкөмдөгү бардык өлкөлөр үчүн тест жүргүзүү жана вируска чалдыккандар менен байланышта болгондордун аныктап чыгууну жолго коюу абдан маанилүү. Ошондой эле сырттан келгендерге көңүл буруу кажет. Себеби көп өлкөлөрдө чет өлкөлөрдөн кайтып келген адамдардан вирус табылып жатат.

Ушундай абалды Жакынкы Чыгыштан байкап жатабыз. Ал жакта иштеп жаткандар мекенине кайтканда өздөрү менен кошо вирусту ала келишүүдө. Андыктан тест жүргүзүүнү, вирустун булагын аныктоону мыктылап өздөштүрүү зарыл. Ошондой эле ар бир өлкө жөнөкөй санитардык жол-жоболорду, анын ичинде жеке сактык чараларынан тарта эл арасындагы социалдык обочолонууга чейинки бардык эрежелерди сактоо зарылдыгын жарандарына мыктылап жеткириши кажет.

- Эл аралык эксперттер Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүндө коронавирустан өлгөндөр Батыш мамлекеттерине салыштырмалуу аз экенин айтышып, анын себебине кызыгып жатышат. Сизде кандай пикир бар?

- Чынында кайсы бир өлкөлөрдө башкаларына салыштырмалуу коронавирустан өлгөндөр көп катталууда. Бир жагынан буга тесттин жетишсиздиги себеп болушу мүмкүн. Айрым өлкөлөрдө улгайган адамдар көп болушу ыктымал. Андай өлкөлөрдө диабет, инсульт же жүрөк ооруларынан жапа чеккендер медицинанын жардамы менен узакка жашашы мүмкүн. Бирок мындай адамдар коронавирустан кайтыш болуп калып жатышат.

Андыктан коронавирустан өлгөндөрдүн санын салыштыруу өлкөдө эмне болуп жатканын так көрсөтпөйт. Албетте, адам өлүмүн санабай коё албайбыз. Анткени биздин башкы максатыбыз андай учурларды алдын алуу.

Кыргызстандык дарыгерлер COVID-19га кабылган бейтаптын абалын текшерүүдө.
Кыргызстандык дарыгерлер COVID-19га кабылган бейтаптын абалын текшерүүдө.

- Адам өлүмү аз катталышын курчак учукка каршы эмдөө менен байланыштыргандар да жок эмес. Мындай божомолдор канчалык негиздүү?

- Бул маселе боюнча талкуулар болгону анык. Бирок аны бышыктаган далилдер жок. Мындай пикирлерге айрым изилдөөлөрдүн “кургак учукка каршы эмдөөдөн өткөн балдар өпкөнүн башка ооруларына азыраак кабылат” деген баштапкы тыянактары себеп болгон. Ал изилдөөлөр кургак учукка каршы эмделген балдар вакцина албаган башка балдарга салыштырмалуу өпкө ооруларынан азыраак жапа чегерин көрсөткөн.

Мындан улам адамдар бул эмдөөнүн коронавируска таасири тууралуу теориялык жактан талкуулар болгон. Бул багытта азыр бир нече изилдөө жүргүзүлүп жатат. Австралияда дарыгерлерди кургак учукка каршы эмдөөдөн өткөрүп, мындай вакцина албаган башка медициналык кызматкерлер менен салыштырып жатышат. Бирок ал изилдөөнүн жыйынтыгы чыга элек. Убакыт керек.

Вакцина качан табылат?

- Вакцина тууралуу сөз кылсак. Дүйнөдөгү ондогон алдыңкы фармацевтикалык компаниялар коопсуз жана натыйжалуу вакцинаны издөө менен алек. Айрымдары болочок вакцинасын адамдарга да сынай башташты. COVID-19га каршы вакцина качан даяр болчудай?

- Бул бардыгы кызыккан суроо. Бирок менде бардыгына жаккан жооп жок. Иштелип чыккан вакцина жыйынтык гана бербестен, коопсуз да болушу керек. Анткени вакцина вируска чалдыкпаган, дени сак адамга сайылат. Андыктан вакцина оорудан гана сактап койбостон, адамга тескери таасирин тийгизбеши керек. Ушул жерден сыноого катышкан адамдардын эр жүрөктүгүн баса белгилеп коюу кажет. Илимпоздор алардын жардамы менен болочок вакцинанын кыска жана узак мөөнөттүк таасирин текшеришет. Мындан улам сыноо айларга созулат.

Экинчиден, вакцина вирустан чындап коргой турганын анык билишибиз зарыл. Лабораториядагы изилдөө вакцина антителолорду пайда кылаарын көрсөтүшү мүмкүн. Бирок ал антителолор вирустан чындап коргойбу же жокпу, аны азырынча билбейбиз. Айрым илимпоздордун тобу сыноонун дагы бир жолун караштырып жатышат. Анда макулдугун берген ыктыярчыларга сыноодогу вакцинаны сайылат. Анан ал ыктыярчылар атайылап эле вирусту өздөрүнө жугузуп көрүшү керек. Мунун этикалык жагы бар. Себеби коронавирустун дарысы да жок. Ошого карабастан айрым ыктыярчылар мындай сыноого катышкысы келерин айтып жатышат.

Кокус вирус жугуп калса, илдет жеңил өтүшү үчүн мындай ыктыярчылар салыштырмалуу жаш жана ден соолугу бекем болушу керек. Бирок ошондо да кепилдик жок. Андыктан вакцинаны адамдарда сыноо көп убакытты талап кылат. Сыноодон өткөндөн кийин да аны өндүрүү, муктаж адамдардын баарына таратуу жагы да бар. Вакцина кимге биринчи берилерин да аныктоо керек. Себеби 7 миллиард адамдын баарын бир маалда эмдөөдөн өткөрө албайсың. Андыктан быйыл болбойт.

- Андай болсо вакцина калкка качан жетет? Мисалы, 2021-жылдын жарымын утурлай даяр болуп калышы мүмкүнбү?

- 2021-жылдын жарымына чейин вакцина даяр болбошу мүмкүн. Вакцина табылгандан кийин деле маселе чечилип калбайт. Мисалы, кызылча оорусунун жакшы, натыйжалуу вакцинасы бар. Бирок андан күмөн санап, эмдөөдөн өткүсү келбеген адамдар да бар. Вакцина табылса да ал маселени чечүүнүн жалгыз жолу эмес. Ар бирибиз вирусту жайылтпоо үчүн эмне кылуу керектигин түшүнүп, аны ишке ашырышыбыз керек.

Илдетке ишенбегендер жана "инфодемия"

- Күмөн саноо демекчи, интернеттен жана айрым медиа платформаларынан коронавирустун болочок вакцинасы тууралуу ар кандай конспирологиялык теорияларды кездештирүүгө болот. Илдетке ишенбегендер, "микрочиптер” тууралуу жоромолдорду айткандар бар. Мындай түкшүмөл суроолорго Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жообу кандай?

- Биз эпидемия менен кошо “инфодемияга” да күбө болуп жатабыз. Туура эмес маалыматтардын “инфодемиясы” жүрүп жатат. Бул чоң маселе. Себеби бурмаланган маалымат адамды өлтүрүп да коёт. Адамдарды туура эмес кадамдарга түртөт. Коронавирус жөнүндө тастыкталган маалыматка ишенбегенинен улам өлүмгө дуушар болгон адамдардын мисалдары көп. Алар социалдык тармактарда жазылгандарга ишенип алып, алардын кеңешин угуп, ар кандай химиялык заттарды колдонуп жатышат.

Андыктан биз эки фронтто согушуп жатабыз. Бир жагынан вирустун өзү менен экинчи жагынан ушак-айыңдардын, бурмаланган маалыматтын эпидемиясы менен күрөшүп жатабыз. Адамдар өздөрү эле ушундай айың кептерди таратып жатканы кейиштүү. Себеби бул ушак кептер кимдир бирөөнүн өлүмүнө себепчи болушу мүмкүн.

- Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус толук жоголуп кетпеши мүмкүндүгүн, аны менен жашоону үйрөнүүгө туура келиши ыктымалдыгын да билдирген. Айрым эксперттер пандемиянын экинчи же үчүнчү толкундары болот деп эскертишүүдө. Мындай сценарийлерден дүйнө өлкөлөрү жана катардагы жарандар кантип сактана алат?

- Эл маселени бир заматта чечип койчу керемет күч жок экенин түшүнүшү керек. Коронавирус адамдардын арасында жашоонун ыңгайын таап алды. Аны кантип жеңип чыга алабыз? Биз өзгөрүшүбүз керек. Албетте, карантин бизди өзгөрткөнү бышык. Бирок биз өмүр бою андай шартта жашай албайбыз.

Эми чектөөлөр алына баштаганда жүрүм-турумубузду өзгөрткөндү, өзүбүздү коргогонду үйрөнүшүбүз кажет. Дезинфекция кызматкерлерине сый мамиле кылышыбыз кажет. Оозубузду, мурдубузду, көзүбүздү кармабаганды үйрөнөлү.

Өтө чакан жерлерге көп адамдын топтолушун алдын алуу кажет. Кайда жүрбөйлү, ортодо аралыкты сактаганды жакшы өздөштүргөнүбүз туура болот. Булар, албетте, коомдогу чоң өзгөрүүлөргө жол ачышы мүмкүн. Бирок биз адам өмүрлөрүн сактап калабыз.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баш кеңсеси, Женева шаары.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баш кеңсеси, Женева шаары.

ДССУнун жоопкерчилиги

- Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму “пандемияны” алдын ала алган жок деген сынга да кабылып жатат. Уюм коронавирус пандемиясынан кандай сабак алышы керек?

- Биз дүйнө өлкөлөрүнө өтө эрте эскертүү бергенбиз. 30-январда глобалдык чукул кырдаал жарыялаган. Бул биздин эң жогорку баскычтагы эскертүүбүз. Бул жарыядан кийин бардык өлкөлөрдүн жарандарынын ден соолугуна олуттуу коркунуч бар деп билдирдик. Эмне кылуунун жол-жоболору боюнча кеңештерди бердик. Бирок саналуу мамлекеттер гана аларга көңүл буруп, даярдык көрдү. Түштүк Кореяны, Австралияны, Жаңы Зеландияны жана Тайванды мисал келтирсем болот. Алар чечкиндүү кадамдарга барышты. Натыйжада илдетти ооздуктай алышты.

Бирок дүйнөнүн башка өлкөлөрү муну олуттуу коркунуч катары кабыл алышкан жок. Андыктан мындай жагдай кайталанбашы үчүн эмне кылышыбыз керек экенин ойлонушубуз кажет.

- Пандемияны алдын алууда жетишпестиктер болду деп ойлойсузбу?

- Мен айткандай, биз эскертүү берип, маалымат жеткирдик. Бирок бардык өлкөлөр эле аларга кулак төшөп, олуттуу мамиле кылган жок. Албетте, дагы жакшы иштөөнүн жолдорун өздөштүрүшүбүз керек.

Мындан улам болгон окуяларга көз карандысыз иликтөө жүргүзүү абдан пайдалуу болот. Себеби анын жыйынтыгында болочокто эмнени башкача кыла аларыбызды көрсөткөн сунуштар айтылат. Биз муну кубаттайбыз!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG