Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Трамп сактаныш үчүн маляриянын дарысын ичип жатканын айтты


АКШнын президенти Дональд Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирустун алдын алыш үчүн малярияга каршы дарыны ичип жатканын билдирди. Ал соңку бир жарым жумадан бери гидроксихлорохин дарысын жана цинк витаминин ичип жатканын, эч кандай тескери таасирин байкабаганын 18-майда Ак үйдөгү брифингде айтты. Трамп бир нече күн сайын коронавируска текшерүүдөн өтүп жатканын кошумчалады.

Адистер гидроксихлорохиндин COVID-19 илдетинин алдын аларын ырасташкан эмес. Нью-Йорктогу ар бирине 1400дөй бейтап катышкан эки изилдөө бул препараттын коронавируска эч кандай таасири жок экенин көрсөткөн. Кытай менен Франциядагы изилдөөлөр да ушундай эле тыянакка келген.

Бирок Трамптын жеке дарыгери Шон Конли президентке сунушталган мындай курстун «тобокелчилигине караганда пайдасы көбүрөөк» экенин айтты. Буга чейин Ак үйдө иштеген бир кызматкерден коронавирус табылганы, ал вице-президент Майк Пенстин басма сөз катчысы менен байланышта болгону кабарланган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, азырынча COVID-19 инфекциясына каршы сыноодон өткөн так дарылануу курсу жок. Бирок бейтаптарга симптомдорду жеңилдетүүчү дары-дармектер берилет. Мисалы, дене табын түшүрүүчү, ооруну басаңдатуучу дарылар сунушталышы мүмкүн. Учурда дүйнө жүзүндө бир нече компания коронавируска каршы вакциналарды сыноодон өткөрүшүүдө.

XS
SM
MD
LG