Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Коронавирусту байланыш аркылуу жугузгандар көбөйдү


Троллейбустагы жүргүнчүлөр. Ош шаары. 26-май, 2020-жыл.
Троллейбустагы жүргүнчүлөр. Ош шаары. 26-май, 2020-жыл.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-майда билдиргенине караганда, вирустун симптомдору менен медициналык мекемелерге кайрылган айрым адамдар вирусту кайдан, кимден, кандай жол менен жугузуп алганын билишпейт. Дарыгердин айтымында, бул оорунун очогун аныктоо кыйын.

«Ошого карабай, биз иликтөөлөрдү кеңейтип, оорунун булагын табууга аракет кылып жатабыз. Ооруган адам менен байланышта болгондорду аныктоо иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди ал.

Бул маалыматтан улам коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов вирустун жайылышына каршы иштерди күчөтүүнү тапшырды. Боронов обсервация, үй карантин эрежелери, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бекем сактоону талап кылды.

«Шалаакылык кылып ооруну жайылткандар жоопкерчиликке тартылат. Кырдаал көзөмөлдөн чыкпашы керек, биз оорунун күч алып кетишине жол бербөөгө тийишпиз. Жарандар өзүнүн, жакындарынын коопсуздугу үчүн коомдук транспортто, эл көп чогулган жерлерде сөзсүз беткап кийиши зарыл», - деди Кубатбек Боронов.

28-майга карата Кыргызстанда 1594 адамдан коронавирус табылды. Анын ичинен 6% жашы алтыга толо элек балдар.

Вирустан 1066 адам айыгып чыкты, 16 киши коронавирус жугузуп алгандан кийин каза болду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG