Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

«Кара-Кулжадагы жалгыз фтизиатрдан ажырадык»


Альберт Исмаилов.
Альберт Исмаилов.

2-июнда коронавирустан кыргызстандык дагы бир дарыгер көз жумду. Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун фтизиатры Альберт Исмаилов 59 жашында каза болду.

Өмүрүнүн дээрлик жарымынан көбүн алыскы аймакта кургак учук менен күрөшүүгө арнаган дарыгерди кесиптештери ак ниет, боорукер, ишине берилген адам катары эскеришүүдө.

59 жаштагы Альберт Исмаиловдо COVID-19 оорусу 28-майда табылган. Бир нече күндүн ичинде эле абалы начарлап, 2-июнда көз жумду. Ал 1994-жылдан 2013-жылга чейин Кара-Кулжа райондук кургак учук менен күрөшүү диспансерин түптөп, аны жетектеп, райондогу бейтаптарды өзү жалгыз тейлеген фтизиатр дарыгер болгон.

2013-жылы бул диспансер жоюлгандан кийин Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда фтизиатр болуп иштеп жаткан.

Аталган борбордун директору Чынара Карымшакова кесиптешинин капилет жерден көз жумушу алар үчүн чоң сокку болгонун айтты:

«Альберт Исмаилович өз кесибин сүйгөн, чыгармачыл, кесипкөй, уюштургуч, жоопкерчиликти сезе билген дарыгер катары биздин райондо аябай таанымал эле. Агай менен 1994-жылдан бери чогуу иштедик. Бир да жолу жамандыгын көргөн жокмун. 1994-жылы ал кезде районубуз Совет деп аталчу, Кара-Кулжа райондук кургак учукка каршы диспансерди түптөп, ал жоюлгуча, 2013-жылга чейин жетектеп турду.

Андан кийин биздин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда фтизиатрия кабинетинде дарыгер эле. Биздин райондо 19-майга чейин коронавирус табылган эмес. Биринчи бейтап 19-майда катталды, ал Орусиядан келген жаран эле. Ошонун ПЧР анализинен вирус чыгары менен Альберт Исмаилович дарылай баштаган.

Бир да жолу кыйналганын айтып, даттанган жок. 28-майда оорунун белгилери алгач байкалып, рентгенден өтсө өпкөсүндө пневмония бар экен. Анан 31-майда анализинен коронавирус чыкты. Бир күндөн кийин эле ажырап калдык.

Азыр анын үй-бүлөсү бүт карантинде. Кесиптешибиз менен байланышта болгон бардык адамдарды текшерип, ПЧР анализдери таза чыкты. Маркумду акыркы сапарга узатууда Саламаттык сактоо министрлиги берген нормалардын баарын аткардык.

Үй-бүлөсүнө жана бизге моралдык жактан өтө кыйын болуп турат. Кесиптешибизден айрылып калабыз деп ойлогон эмеспиз».

Кыргызстандык дарыгерлер.
Кыргызстандык дарыгерлер.

Дарыгер Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулган. 1984-жылы Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик Медицина Институтунун «Дарылоо иши» факультетин аяктап, эмгек жолун Ош шаардык инфекциялык ооруканасында инфекционист болуп иштей баштаган. Үч балалуу, саламаттык сактоо тармагынын мыкты кызматкери болгон.

Кара-Кулжа аймактык ооруканасынын директору Закир Шалтаков да кесиптешин каңырыгы түтөп эскерип турган маалы.

«Өз кесибин сүйгөн, абдан дилгир, бейтаптарга, адамдарга өзгөчө мамиле кылган, адамгерчиликтүү жигит эле. Көп жылдар бою биздин райондогу кургак учук менен ооругандардын жүгүн жалгыз тартып жүрдү. Ага катталган бейтаптар айыгып чыккыча көзөмөлдү катуу кармаган, мыкты инфекционист болчу.

Альберт боюнча мен жалаң гана жакшы сөздөрдү айта алам. Азыр ишене албай кыйналып турабыз. Көп жыл чогуу иштеп, бардык кулк-мүнөзүн билип, бир туугандай болуп калдык эле. Үй-бүлөсүнө абдан күйүмдүү адам эле. Алар да оор абалда. Чоң жоготуу болду», - деди ал.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 28 адам жаңы катталды. Алардын жетөө медицина кызматкери. Бул тууралуу 4-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Оору жуккандардын эң көбү Бишкекте катталды - 15 адам. Мындан тышкары Ош облусунда алты, Ош шаарында төрт жана Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарында бирден адам катталды. Дарыгерлерди коронавирустан коргоодо азыр жоопкерчиликти ким көбүрөөк алып жүрөт деген суроо көп кишилерди түйшөлтүүдө.

«Дарыгерге ар бирибиз колдоо кылалы!»

Саламаттык сактоо боюнча эксперт Бурул Макенбаева бул жаңы ооруга чалдыгуу ыктымалдыгы эң жогорку сапта турган адамдар - дарыгерлер экенин, дүйнөдөгү тенденциядан Кыргызстанда да сактана албай, медиктер эң көп ооруп жатканын айтты. Аларга оору жугузбаш үчүн ар бир адам жоопкерчиликтүү болсо деген ойдо.

Бурул Макенбаева.
Бурул Макенбаева.

«Биринчи кезекте дарыгерлерди колдош үчүн өзүбүздү өзүбүз сакташыбыз керек. - деди ал. - Аларга түйшүк тарттырбоонун жалгыз жолу ушул. Анан «ооруну жугузбагыла» десе беткапсыз көчөгө чыгып, топтошуп алып тамак жеп, тазалыкты сактабай маршруткаларда тыгылып жүрсөк, тажияга же дагы башка той-топурга барсак, оору жуккандан кийин анан кокуйлап калсак, анан калп эле «дарыгерлерди колдош керек» деп кооз кыйкырып койгондо эмне чыгат? Ар бирибиз жеке тартипти сактап гана колдой алабыз да. Тилекке каршы, бул жаңы оору болгондуктан, медиктер биринчи коркунучта турат. Ушул темп менен жүрө берсек, алар кырылып калат. Анан кантип, кимди колдоп, ким бизди дарылайт?»

Кыргызстанда 4-июнга карата бул ооруну жугузгандардын саны жалпысынан 1899 адамга жетти. Алардын 1292си айыгып чыкты. Медициналык кызматкерлердин арасында вируска чалдыккандар жалпы 372 кишиге жетти. 20 адам COVID-19дан көз жумду, экөө дарыгер. Каза болгон эки дарыгер тең бейтаптарды биринчи звенодон тейлеген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун адистери болушкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG