Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

«Ооруганда Кыргызстан көзүмдөн учту»


Сайрагүл Сатыбалдиева.
Сайрагүл Сатыбалдиева.

Москвада эмгектенген Сайрагүл Сатыбалдиева «коронавирус жугузуп алдым» деп шектенип, бир башкача сасык тумоого кабылганын айтат. Ал өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн абалы, дарыгерлердин мамилеси, мекенге сагынычы тууралуу кеп курду.

Сайрагүл Сатыбалдиева 25 жылдык педагогдук эмгек жолунда «Эл агартуунун отличнигине», мектеп директорунун орун басарлыгына чейин жеткен.

10 жыл илгери мугалимдик кесибин таштап, Орусияга иш издеп кетүүгө аргасыз болгон. Жолдошу, балдары менен Москвада батирди ижарага алып, баары жапа тырмак иштешчү. Өзү татуу-тармек жасаган цехте эмгектенет.

Ал Москвада үй-бүлөсү менен коронавирус жугузуп алганын, ал-абалы, дарыгерлердин мамилеси, санитардык талаптардын сакталышы тууралуу «Азаттыктагы» маегинде айтып берди.

Сатыбалдиева: - Биринчи күнү андай деле билгеним жок. Кадимки эле тумоо катары кабыл алдым. Бирок дене табым түшпөй, абалым күндөн-күнгө оорлошуп жатты. Төшөккө жатып калдым. Өзүм мурда колдонуп жүргөн дарыларды иче баштадым. Ошолор кичине жардам берди окшойт, бир аз жакшы боло түштүм. Ошентсе да балама: ««Тез жардам» чакырбасаң болбойт, жок дегенде адамдын канын тазалаш керек да, ушундай температурадан кийин», - дедим.

Балам «Тез жардамга» кайра-кайра чалып жатты, алышпайт. «Барбайбыз, убактыбыз жок. Акыбалы жаманбы, дене табы 38 градустан жогорубу?» - деп сурап атышты. Кечки саат жетиден тартып чала баштаганбыз, «Тез жардам» түнкү 11ден өтүп келди. Алар мени машинеге салып, «Жулебино» метросунун жанындагы бейтапканага алып барышты. Ал жерден өпкөнү рентгенге тартат экен. Бирок жыйынтыгын айтышкан жок.

Өзүм сурасам, «сизде баары жакшы, орточо пневмония» дешти. «Биз берген дарылар менен үйдөн дарыланасыз, үйүңүзгө бара бериңиз» дешти. «Түнкү саат бир болду, эми кантип кетем?» десем: «Сырттан такси чакырып кете бериңиз», - дешти. Балам таксини ошол дарекке чакырып берди. Ошентип үйгө кайра келдим.

«Азаттык»: - Сизден башка бирөөлөргө жугуп калышы мүмкүн деп чочулашкан жокпу?

Сатыбалдиева: - Жок. Чочулашкан жок. Мен аларга карантинде экенимди айттым. «Тез жардам» келгенде да: «Силер мени ал жакка алып барып, таштап койсоңор эмне кылам?» деп сурагам. Кайра жеткирип коерун айтышкан. «Дарыгерлер келип текшерип турат» дешкен, 7-майда катталгандан бери үйгө бир жолу дарыгер келди. Ал өпкөмдү тыңшап, абалымды сурап, кагазга белгилеп алып кетип калды. Мага эч кандай кеп-кеңеш деле берген жок. Берген дарыларын ичип жатам, бирөө «Азитромицин» экен, ичсем эле ичимди алып кетип жатат. Кимден кеңеш сурашты билбейсиң.

«Азаттык»: - Сиз барган учурда бейтапканада киши көп бекен? Балким дарыгерлер үлгүрбөй жаткандыр?

Сатыбалдиева: - Андай деле адам көп эмес. Мен барганда экөө отуруптур. Бир аздан кийин дагы бир адам келди. Төртөөбүз отурдук. Кыргыздарды көргөнүм жок, баары эле орустар. Менин жарандыгым Орусияныкы болгон үчүн орустар менен кошо текшерилдим да.

«Азаттык»: - Ал эми үй-бүлөңүз Кыргызстандын жарандары экен. Аларды карап, көңүл бөлүп жатышабы?

Сатыбалдиева: - Жок, сурап да коюшкан жок. Менин ден соолугума көңүл бөлбөгөндөн кийин башка жарандарга карабаса деле керек деп ойлоп жатам.

«Азаттык»: - Жолдошуңуздун, балдарыңыздын жана коңшуларыңыздын азыр абалы кандай?

Сатыбалдиева: - Жакшы эле. Жолдошум ишке барып келип жатат. Жанымдагы балам Салмоорбекке ишенип турам, ошол мени карап жатат.

Салмоорбек: - Үйдө биз менен чогуу жашаган айылдаш кыз аябай катуу ооруду. Бирок ал кыргыздардын ооруканасынан дарыланып, ийне сайдырып келди. Азыр өзүн жакшы сезип атат. Ошол кыргыздардын жеке ооруканасына чалсам: «Апаңызды карай албайбыз, жашы өтүп калыптыр», - дешти. 52 жашка чейинкилерди дарылашат экен.

Сатыбалдиева: - «Канча акча болсо деле берели, ошол дарыны мага деле сайып берсин» десем да болбой коюшту.

«Азаттык»: - Сиз ага кандай ийне сайылганын билбейсиз да?

Сатыбалдиева: - Жок, билбейм. Бирок тиги кыздын абалы оңолду да. Болбосо менден начар эле, башында.

«Азаттык»: - Жолдошунуз сиздер менен чогуу жашаса, анан санитардык-гигиеналык эрежелерди кандай сактап жатат?

Сатыбалдиева: - Ал өзүн жакшы карайт. Эртең менен турганда сарымсак кошулган суу ичип, көнүгүүлөрдү жасайт.

«Эл агартуунун отличниги» наамын алып жаткан учур.
«Эл агартуунун отличниги» наамын алып жаткан учур.

«Азаттык»: - Албетте, ден соолугу чың болушу мүмүн. Бирок вирусту алып жүрүшү да ыктымал. Башкаларга жугузуп албашы үчүн кантип сактанып атат?

Сатыбалдиева: - Дайыма беткап тагынып, мээлей кийип жүрөт. Ал гигиенаны өтө катуу сактайт, бизди да урушуп турат. Башында мени «беткап тагын» деп аткан. «Кайдагы жок вирусту айтып, адамдын башын айлантып, сасык тумоого эле ушинтип дүрбөлөң түшүп жатышат» деп ишенбей жүргөм. Өзүм катуу ооруп калганда гана ишендим.

Эки балам Кыргызстанда, күч түзүмдөрүндө иштешет. Экөө тең жолдо күзөттө турушат. Аларга «ысыкта беткабыңарды тагынбай эле койгулачы» десем, «апа, коронавирус жаман болуп жатат, сиз да тагып жүрүңүз» деп эскертишкен. Эми аларга «эки кабат тагынгыла» деп айтып калдым.

«Азаттык»: - Жолдошуңуз жумушка барбай эле, үйдө отуруп турса болбойбу?

Сатыбалдиева: - Акча жок да. Балам, күйөөм экөөнө таянып тамак-ашты эптеп атабыз. Батир ижарасына айына 45 миң рубль төлөйбүз.

"Акыркы күндөрү амандыкты гана ойлонуп калдым"
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:56 0:00
Түз линк

(Маекти бул жерден уга аласыз)

Бирок ден соолук болсо баары табылат экен. Акыркы күндөрү амандыкты гана ойлонуп калдым. Москвага 2010-жылы келгем, ошондон бери бир да ооруган эмес элем. Кыргызстанда мугалим, мектеп директорунун орун басары болуп иштедим. Мектепте айлык аз үчүн, ушул жакка келгем.

«Азаттык»: - Башыңыздарга ушундай күн түшкөндө эмнени туюп атасыздар, сиздерге кандай жардам керек болууда?

Сатыбалдиева: - Буга чейин эч кимден колдоо сураган эмесмин. Ал түгүл туугандарга жардам берип жүрчүбүз. Ушундай мезгилде бизге аябай колдоо керек экенин түшүнүп жатам. Ал тургай Кыргызстандын Кытайга болгон карызын мигранттар акча чогултуп төлөсөк, мамлекетти колдосок не болот деп ойлочумун. «Бир айлыгыбызды салсакпы» деп кыздар менен сүйлөшүп калчу элек. Ушул нерсе көкүрөгүмдө бар болчу. Эми минтип биз да колдоо күтүп калдык.

Кыргызстан ушунчалык көзүмөн учуп атат. Жол ачык болсо азыр эле кетип калмакмын...

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG