Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

COVID-19 жана балдардын сырдуу илдети


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттарда жана Европада балдар кабылып жаткан белгисиз оорунун COVID-19 илдетине байланышы бар. Италиянын Бергамо шаарындагы ооруканасынын илимоздору ушундай жыйынтыкка келишти.

«The Lancet» медициналык журналына 13-майда жарыяланган жаңы иликтөөгө ылайык, Италиянын Бергамо провинциясында коронавирус пандемиясы башталгандан бери балдар сейрек, бирок олуттуу илдетке кабылган учурлар кездешкен.

Италиялык дарыгерлердин иликтөөсүнүн жыйынтыктары Кошмо Штаттарда соңку жумаларда жүргүзүлгөн байкоого дал келген. АКШда кеминде 150дөй бала белгисиз оорунун белгилери менен ооруканага түшкөн. Алардын көбү Нью-Йорк штатында катталган.

Организмдин мультисистемалык сезгениши деп атап жатышкан бул илдеттин белгилери Кавасаки оорусунукуна окшош. Кавасаки дартына адатта беш жашка чейинки наристелер кабылат. Бул оору кан тамырларын сезгентип, жүрөккө күч келтирет.

«Балдардын дене табы көтөрүлүп, үч-төрт күнгө чейин түшпөй жатат. Ошондой эле денеси бүдүр ала болуп кетип жатат. Ал бүт денесине чыгышы мүмкүн же алаканына, таманына чыгышы мүмкүн. Бул адаттан тыш көрүнүш», - дейт Нью-Йорктогу педиатр Стиверн Керни.

Ошондой эле дарыгер ооруканага түшкөн балдардын көздөрү да кызарып кетерин кошумчалады.

Бергамо провинциясындагы оорукана.
Бергамо провинциясындагы оорукана.

Бергамодогу «Papa Giovanni XXIII» ооруканасынын иликтөө тобу 2020-жылдын 20-апрелине чейинки беш жыл аралыгында Кавасаки илдетине 19 бала кабылганын аныктаган. Ал эми быйыл март айынан берки убакыт аралыгында ушул оорунукуна окшош белгилер он баладан чыккан. Бул 30 эсе көп дегенди айгинелейт.

Ал он баланын сегизинде коронавирус табылган. Баарынын тең жүрөгүнө күч келгени маалымдалат. Педиатр Стиверн Кернинин айтымында, Кавасаки оорусун өз учурунда дарылабаса кесепттери оор болушу мүмкүн.

Кавасаки оорусуна окшош белгилер менен жабыркаган балдар соңку бир ай ичинде Британияда да катталган. Ал жактагы 50дөй баланын көбүнүн анализинде коронавирус табылган. Англиялык дарыгерлердин айтымында, айрым балдардын ичи ооруп, кусуп, ичи өтүп жатканы байкалган.

Адистер белгилегендей, бул белгилер инфекция менен күрөшүүдөн улам организм чыңалганда пайда болушу мүмкүн.

Италиялык иликтөөчүлөрдүн айтымында Кавасаки оорусуна окшош илдет өтө сейрек кездешүүдө. Болжолдуу эсеп менен, коронавируска кабылган миң баланын бирөөсү кабылат.

Кыргызстанда организмдин мультисистемалык сезгениши деп аталган бул ооруга чалдыккандар каттала элек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирген. Ал эми коронавирус жуккандардын арасында бир жашка толо элек 12 ымыркай жана 15ке чыга элек 147 бала бар.

Кавасаки оорусу жапониялик педиатр Томисаку Кавасакинин ысымынан аталган. Ал 1967-жылы бул оорунун алгачкы белгилерин сүрөттөгөн. Бул оору эмнеден келип чыгары белгисиз. Илимпоздор бул дартка вирус инфекциясы түрткү болушу мүмкүн деп болжолдошот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG