Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Корея-Германия: вирусту жугузгандар кайра көбөйдү


Германиянын Хамм шаарындагы эт комбинатынын кызматкерлери текшерүүдөн өтүп жатышат, 10-май 2020-жыл.
Германиянын Хамм шаарындагы эт комбинатынын кызматкерлери текшерүүдөн өтүп жатышат, 10-май 2020-жыл.

Илдетти ооздуктаганга жетишкен Түштүк Кореяда ондогон адамдан коронавирус табылды. Чектөөлөрдү четинен ала баштаган Германияда да коронавируска чалдыккандар көбөйө баштады.

Азия, Европа жана Түндүк Америкадагы COVID-19дан катуу жабыркаган өлкөлөрдө карантин жумшаргандан кийин вируска чалдыккандар кайра катталууда.

Түштүк Корея

Түштүк Кореянын баш калаасы Сеулда ондогон адамдар инфекцияны жугузуп алганы үчүн 9-майда 2 миңден ашуун түнкү клуб жана барлар жабылды. Жергиликтүү бийлик жаңы учурлардын көбөйүшүнө коронавируска кабылган 29 жаштагы эркек кишинин өткөн жумада үч түнкү клубга барганы себеп болгонун билдирди. Азыр санитардык кызматкерлер бул клубдарда болгон 1940 кишини издеп жатат.

Кореянын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору жекшемби күнү билдиргендей, акыркы бир сутка ичинде өлкөдө 34 адамдан коронавирус табылды. Бул соңку бир ай ичиндеги эң чоң көрсөткүч. Жаңы аныкталган учурлардын 26сы вирусту өлкө ичинде жугузуп алган болсо, алардын 14ү баш калаа Сеулга туура келет.

Сеулдун мэри Пак Вонсун "бир нече кенебеген адамдын айынан" вируска каршы аракеттер жокко чыгуу коркунучунда турганын айтты. Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин эрежелерди так сактабаса, коронавирус кайра жайылып кетиши мүмкүндүгүн эскертти.

“COVID-19 пандемиясы толугу менен аягына чыгышы үчүн узак убакыт керек. Көп эксперттер болжогондой, пандемиянын экинчи толкунуна даяр турушубуз керек”, - деп билдирди 10-майда президент Мун Чже Ин.

Сеулдун жер алдындагы өтмөктөрүнүн бириндеги дүкөндөр, 6-май 2020-жыл.
Сеулдун жер алдындагы өтмөктөрүнүн бириндеги дүкөндөр, 6-май 2020-жыл.

Февраль айында Түштүк Корея Кытайдан кийинки эле коронавирус кеңири тараган мамлекеттердин катарында турган. Бирок өлкө социалдык обочолонуу жана элди жапырт тесттен өткөрүү аркылуу илдеттин жайылышын басаңдата алган. Натыйжада өлкөдө кадимкидей парламенттик шайлоо өтүп, бир катар чектөөлөр жумшарган.

Бирок Түштүк Кореянын соңку бир жума ичиндеги статистикасы вируска чалдыккандардын саны бир нече эсе көбөйүп кеткенин көрсөттү. Маселен 5-майда эки кишиден гана вирус табылса, 8-майда бул сан 18ге чыгып, бир күндөн кийин 34кө жетип отурат.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Түштүк Кореяда 10874 адам коронавирусту жугузуп алса, 256 киши вирус себепчи болгон COVID-19 илдетинен каза тапты.

Германия

Чектөөлөрдү четинен жумшарта баштаган Германияда да коронавируска чалдыккандардын саны көбөйө түштү. Буга вирустун касапкана жана эт комбинаттарында жайылышы себеп болду. Инфекция табылган мындай үч касапкананын бирөөндө эле 180 жумушчу өпкөнүн сезгенүүсүнө алып келген вирусту жугузуп алганы ырасталды.

Германиядагы Роберт Кох институтунун маалыматына ылайык, өлкөдө вирустун репродукциялык көрсөткүчү же бир бейтап вирусту канча адамга жугузуп жатканын күбөлөгөн сан 1,1ге жетти. Буга чейин вирустун жайылышы басаңдап, бул көрсөткүч бирден төмөн болчу.

Мындан улам Германия карантин шарттарын жумшарта баштаган эле. Маселен 6-майда немис канцлери Ангела Меркел вирус дээрлик оозукталып калганын айтып, дүкөндөрдүн баары ачыларын жарыялаган. Ошондой эле эки үй-бүлөнүн коомдук жайларда бири-бири менен жолугушуусуна уруксат берилген. Мындан тышкары “Бундеслига” же Германиянын футбол боюнча башкы чемпионаты май айынын экинчи жарымынан тартып оюндарды баштоого уруксат алган эле.

Александерплац аянтындагы каршылык, 9-май 2020-жыл.
Александерплац аянтындагы каршылык, 9-май 2020-жыл.

Буга карабастан 8-майда Германиянын бир катар шаарларында карантинге каршы акциялар өттү.

“Демонстрациянын максаты - коронавирустун алкагында көрүлгөн чаралар адамдардын фундаменталдуу укугун чектеп койгонун баса көрсөтүү. Бул жакта чогулгандардын басымдуу бөлүгү дал ушул негизги укуктардын калыбына келишин каалашат”, - деп билдирди Штутгарт шаарындагы демонстрациянын уюштуруучуларынын бири Ральф Людвиг.

Ишемби күнү Берлинде өткөн акцияда митингчилер менен полиция кагылыша кетти. Берлиндин полициясы Александерплац аянтында күч органдарына бөтөлкө ыргыткан 86 киши кармалганын билдирди. Окуяда кеминде бир полиция кызматкери жараат алганы белгилүү болду.

Дортмунд шаарындагы акция маалында тележурналисттердин тобуна кол салган 23 жаштагы киши камакка алынды. Кёльн шаарында митингчилер тургундардан соода жайларына кирердин алдында беткаптарын чечүүнү талап кылып жатышты. Мюнхендин полициясы үн күчөткүч аркылуу демонстранттарды ортодогу аралык сактоого чакырып турду.

Германия вирусту жугузуп алгандардын саны (жалпы 171 миң) боюнча дүйнөдө жетинчи орунда турат. Бирок бул өлкөдө Европанын башка аймактарына салыштырмалуу COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны (7,5 миң) бир нече эсе аз.

Кошмо Штаттар

АКШда коронавируска каршы аракеттерди тескеген үч расмий жетекчи - Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун башчысы Роберт Редфилд, Тамак-аш жана дары-дармек администрациясынын комиссары Стивен Хахн жана АКШнын Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институтунун жетекчиси Энтони Фаучи карантинге алынды. Буга алардын вирусту жугузуп алган адам менен байланышканы себеп болду.

АКШда коронавируска чалдыккандардын саны 1 миллион 315 миң адамга жетти. 79 миңдей адам COVID-19 илдетинен көз жумду. Карантинге байланыштуу Кошмо Штаттарда жумушсуздуктун деңгээли 14,5 пайызга көтөрүлүп, тамак-ашка кезекке тургандардын катары калыңдады. Президент Дональд Трамп 9-майда билдиргендей, өкмөт фермерлерден 3 миллиард доллардык айыл чарба продукцияларын сатып ала турган болду.

АКШнын Мэриленд штаты, 9-май 2020-жыл.
АКШнын Мэриленд штаты, 9-май 2020-жыл.

Айрым штаттар карантин чараларын акырындап жумшартып жатканы менен бизнес толук ишке кирише албай турат. Бул маселе боюнча пикир келишпестиктен улам электр унааларды чыгарган “Tesla” компаниясы Калифорния штатынын бийлигинин сотко берди. Буга компанияга штаттын Аламида округуна караштуу Фримон шаарында жайгашкан заводунун ишин жандантууга уруксат берилбегени себеп болду.

Орусия

Жекшемби күнү белгилүү болгондой, Орусияда соңку бир сутка ичинде 11 012 адамдан коронавирус табылды. Маалыматка ылайык, вирус аныкталган бейтаптардын 42 пайызында илдеттин белгилери байкалган эмес.

Ушуну менен Орусияда өпкөнү сезгенткен коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 210 миңге чукулдады. Акыркы бир күн ичинде 88 адам COVID-19 илдетинен көз жумду. Өлкөдө вирустан өлгөндөрдүн жалпы саны 1915 кишиге жетти.

Орусияда 3-майдан бери бир күндө аныкталган учурлардын саны 10 миңден азайбай жатат. Вируска чалдыккандардын басымдуу бөлүгү баш калаа Москвада катталууда. Бир күн мурда Москванын бийлиги карантин чараларын 31-майдын аягына чейин узарткан. Санкт-Петербург шаары тургундарын беткап кийип жүрүүгө милдеттендиргени жатат.

10-майга карата дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 4 миллион 67 миңден ашты. 280 миңдей киши каза тапты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG