Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

“Tesla” компаниясы Калифорния штатынын бийлигин сотко берди


“Tesla” компаниясынын башчысы Илон Маск.
“Tesla” компаниясынын башчысы Илон Маск.

Автоунаа чыгарган “Tesla” компаниясы АКШнын Калифорния штатынын бийлигин сотко берди. Буга компанияга Аламида округуна караштуу Фримон шаарында жайгашкан заводунун ишин жандантууга уруксат берилбегени себеп болду.

“Tesla” компаниясынын башчысы Илон Маск мындай талаштан улам ишкананын баш кеңсесин Калифорниядан чыгарып кетиши мүмкүндүгүн айтты. Ал буга чейин коронавируска байланыштуу карантин чаралары бизнеске “олуттуу тобокелчилик” жаратарын билдирген.

7-майда Маск Фримонттогу завод бир күндөн кийин чектелүү көлөмдө иштей баштарын айткан. Бирок Аламида округунун бийлиги айрым маанилүү ишканалардын гана ишине уруксат берип, бул тизмеге “Tesla” компаниясын кошкон эмес. Аймакта коронавируска байланыштуу жалпы карантин май айынын соңунда гана алынмакчы.

Масктын электр унааларын чыгарган компаниясынын бул заводу жумушчулардын коопсуздугу үчүн бардык чараларды көргөнүн билдирүүдө. Аламида округу заводдун ишин жандантуу маселеси боюнча “Tesla” менен иш алып барып жатканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG