Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Түштүк Кореяда соңку бир күндө COVID-19 жугузгандар катталган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түштүк Кореянын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору акыркы суткада өлкө ичинде коронавирус жуккан бир да учур катталбаганын билдирди. Анда жаңы аныкталган төрт адам аэропортто карантинге алынгандардын арасынан чыкканы айтылды.

Аталган борбордун дезинфекцияга жооптуу кызматкери Юн Та Ху 30-апрелде мындан эки жума мурун 29 миллиондой адам катышкан парламенттик шайлоодо да коронавирус жуккандар болбогонун белгиледи. Добуш бергени келген жарандар беткап, мээлей кийип, аралыкты сактоого милдеттүү болгон жана алардын дене табы да текшерилген.

Коронавирус Кытайдан четке тарала баштаганда катуу жабыркагандардын бири Түштүк Корея эле. Өкмөт жапырт медициналык тест өткөрүп, вирус жугузгандарды дароо обочолонтуп, өзгөчө режим жарыялабастан илдеттин жайылышын ооздуктады.

Акыркы маалыматка караганда, өлкөдө вирус жуккан 11 миңдей адамдын 9 миңден ашууну айыкты. 247 киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG