Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

COVID-19: Өзгөчө абал режими алынды


Сузак району. 4-апрель, 2020-жыл.
Сузак району. 4-апрель, 2020-жыл.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына жана Ат-Башы районуна киргизилген өзгөчө абал режими 11-майда алынды. Ал эми жалпы өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими кала берет.

Өкмөт эпидемиологиялык кырдаал оор аймактарда карантиндин мөөнөтүн узартып, санитардык-карантик постторду да калтырды. Бирок өткөрмө кагаз талап кылынбайт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режими 47 күнгө созулду. Бул убакыт аралыгында Бишкек, Ош баш болгон шаарларга жана облус, райондорго коменданттык саат киргизилип, 21:00дөн таңкы саат 6:00гө чейин автоунаалардын да, адамдардын да кыймылына толук тыюу салынды. Андан тышкары мекеме-ишканалар ишин токтотту.

11-майдан тартып өзгөчө абал алынып, өлкөдө өзгөчө кырдаал режими узартылды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 10-майда республикалык штабдын жыйынында мындан ары талап-тартип кандай болорун түшүндүрдү.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт. Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилет».

Өзгөчө абал алынып жатканына байланыштуу комендатуралар да ишин жыйынтыктады. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматына караганда, эми санитардык-карантик посттордон өткөрмө кагаз талап кылынбайт. Ошол эле кезде автоунаалар токтотулуп, айдоочулардын көчөгө чыккан себеби такталып турат. Бишкек, Ош шаарларына, Ат-Башы районуна жана Каныш-Кыя айылына киргизилген карантиндин эрежелери иштелип чыкты.

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

«Карантин киргизилген аймактарга санитардык-карантик посттор коюлат. Посттон өтүүнүн да эрежеси болот. Мисалы, Чүй облусунда жашаган, бирок Бишкекте иштеген адамдар жумушунан «иштейт» деген тастыктама алышы керек. Аны Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги райондук бөлүмдөрүнө алып барып мөөр бастырып алсаңар болот. Ошондон кийин посттордон эч кандай тоскоолдуксуз өтө бересиңер».

Эми 11-майдан баштап камсыздандыруу компаниялары, күрөөкана, акча алмаштыруу пункттары, кыймылсыз мүлк агенттиктери, туристтик агенттиктер, адвокаттык кызматтар, калкты тейлөө кызматтары иштей баштайт.

Сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштерге, тиричилик техникаларын оңдогон жайларга да уруксат берилет.

Курулуш материалдарын, автоунаа тетиктерин, кездеме саткан дүкөн, базарлар, тигүү тармагы ишин жандантат. Машине саткан базарлар иштебейт, бирок автосалондорго уруксат берилди. Ишине уруксат берилгендердин катарын жалпыга маалымдоо каражаттары да толуктайт.

Өкмөт буга чейин 11-майдан баштап коомдук транспорт иштей баштарын билдирген. Бирок премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эпидемиологиялык кырдаалдан улам азырынча коомдук транспорт иштебей турганын айтты.

«Коомдук транспорт азырынча киргизилбейт. Анын ичинде троллейбус, автобус жана кичи автобустарга уруксат жок. COVID-19 инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктери пайда болушу ыктымал, мындан улам бул этап өзгөчө мааниге ээ. Ошого жараша санитардык талаптарды так сактоо менен бирге, социалдык аралыктын принциптери катуу тартипте көзөмөлгө алынат. Ушул этапка чейинки өзгөчө тартип жана кыймыл-аракеттер текке кетпеши керек».

1-майдан бери курулуш объектилери, сугат, жол куруу иштери жанданган. Дөңгөлөктөрдү желимдөө станциялары, интернет дүкөндөр, курулуш материал, жер-жемиш саткан базарлар, чач тарачтар жана такси кызматы иштеп жатат. 21-майда соода борборлору, кийим-кече, автоунаа саткан базарлар ишин жандантат.

Өкмөт ишканаларды жана адамдарды санитардык-гигиеналык талаптарды так сактоого чакырды. Аткаруу бийлиги кеңседе иштеген кызматкерлерди дене табын текшерип туруу керектигин, медициналык беткапты сөзсүз тагынуу зарылдыгын билдирди. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев санитардык-гигиеналык эрежелерди бузгандар айыппулга жыгыларын эскертти.

Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

«Ушул күнгө чейин 3000ге чукул объект текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында санитардык эрежелерди сактабагандарга 2800гө жакын эскертүү берилди. 170 миң сомго жакын айып салынды. Эрежени так сактабасак коронавирус дагы эле кооптуу болуп турат».

Ал тапта 10-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккандар 1002ге жетти. Жекшембиде илдет 71 адамдан табылса, анын 55и Орусиянын Соль-Илецк шаарынан бир автобуста келип, Чүй облусунда обсервацияда жаткан мигранттар. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирустан 12 бейтап каза болду, 675 киши айыгып чыкты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан 22-марттан тартып өзгөчө кырдаалдын, 25-марттан тартып оору күч алган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарлары, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондору өзгөчө абалдын эрежелерине ылайык жашап келди. Президенттин жарлыгы менен 15-апрелден тартып өзгөчө абал жарыяланган аймактарга Нарын шаары менен Ат-Башы району кошулуп, 28-апрелден тартып Нарын шаары, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондору өзгөчө абал режиминен чыгарылган.​

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG