Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:36

Коомдук транспортто жүрүү эрежелери иштелип чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.

11-майдан тартып ишке киришүүчү муниципалдык коомдук транспортто жүрүү учурунда коопсуздук чараларын көрүү боюнча Саламаттык сактоо министрлиги атайын жобо иштеп чыгып, таратты. Ага ылайык, автобус, троллейбустардын айдоочулары салонго унаадагы отургучтардын эсебинен 60-70% гана жүргүнчү салууга тийиш. Ар бир каттам аяктаган сайын салонду дезинфекциялап, унаанын ичин желдетип туруу зарыл. Салонго кире беришке санитайзер коюлушу керек.

Ал эми жүргүнчүлөр коомдук транспортко беткапсыз түшүүгө тыюу салынат. Жол кире «Тулпар» картасы аркылуу гана төлөнөт. Жүргүнчүлөр бири-биринен алыс, салондо шахмат тартибинде орун алууга милдеттүү. Жүргүнчүлөргө айдоочунун айтканын угуп, салон толуп калса, кийинки транспортту күтүү милдеттендирилген.

Өкмөттүн чечими менен 11-майдан тартып коомдук муниципалдык транспорт ишин жандантат. Өзгөчө кырдаал шартында коомдук транспортто: автобустарда жана троллейбустарда эл ташууга жана жүрүүгө өкмөт тараптан да бир топ талаптар коюлган. Ага ылайык, жүргүнчүлөр баары беткап, мээлей кийип, антисептик каражаттар менен жүрүүгө тийиш.

Маршруттук кичи автобустардын ишин жандандырууга азырынча уруксат бериле элек.

Ишканалардын жумушчуларын ташыган транспорттордо жумушчулар отуруп барышы керек. Унаада сөзсүз санитайзер болууга тийиш. Транспорт күн сайын тиешелүү түрдө дезинфекцияланышы керек. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (17)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG