Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

«Кыргыз өкмөтү азыр эл менен диалогго муктаж»


Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело. Фото: БУУнун Кыргызстандагы кеңсеси.

Кыргыз өкмөтү коронавирус пандемиясынын кесепети тууралуу калк менен ачык диалог курушу керек. Мындай пикирин Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

Ал дүйнө жүзүндө коронавирус пайда кылган маселелер, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугу, адам укуктарынын абалы, экономикалык рецессиянын күңгөй-тескейи тууралуу кеп салып берди.

- Озонниа мырза, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында март айынан бери карантин өкүм сүрүп жатат. Өкмөт вирусту токтотуу үчүн бир катар чараларды көрдү. Бирок алар канчалык натыйжалуу болду? Өкмөттүн эпидемияга каршы чараларына кандай баа бересиз?

- Кыргызстандагы чаралар башка көп өлкөлөрдө көрүлгөн иш-аракеттерден айырмаланбай турганын белгилеп коюу керек. Ал чаралар Кытайдагы жана башка өлкөлөрдөгү тажрыйбага негизделген.

Биринчи чара - симптомдору бар адамдарды аныктоо, аларды башкалардан бөлүү, дарылоо жана алар менен байланышта болгондорду таап, обочодо кармоо.

Экинчиси – гигиеналык эрежелерди күчөтүү жана социалдык обочолонууну камсыз кылуу сыяктуу коомдук чаралар. Дүйнө жүзүндөгү көп өлкөлөр ушул жолду басып өтүштү. Мындай чаралар көрүлгөн мамлекеттерде вируска чалдыккандар азайды.

Менимче, кыргыз өкмөтү бул багытта комлекстүү чараларды көрдү. Ооба, акыркы жумада бейтаптардын саны көбөйүп, кайра азайганы байкалды. Өкмөттүн чаралары болбосо бул сан кыйла жогору болмок. Андыктан жаман тажрыйба же жакшы тажрыйба деген түшүнүк жок. Ар бир өлкөнүн тажрыйбасы ар башка. Ар бир өкмөт ар кандай чечим кабыл алышы мүмкүн. Бирок башкы маселе – коомчулуктун өкмөт менен кошо иштеп, эрежелерге баш ийүүсү. Канчалык эрежелер туура сакталса, ошончолук натыйжа жакшыраак болот. Пандемияга каршы күрөш кыска аралыкка чуркоо эмес, марафон экенин эске салып койгум келет.

- Коронавирус пандемиясы медициналык кызматкерлердин канчалык аярлуу экенин ачык көрсөтүп койду. Кыргызстанда да ондогон дарыгерлер вирусту жугузуп алышты. Алар алгач жеке коргонуу каражаттары жетишпей жатканын айтып жатышты. Кыргызстандын медиктери COVID-19га канчалык даяр эле?

- Пандемия Кыргызстанга жеткенге чейин эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмундагы менин кесиптешим өкмөттүк мекемелер жана башка эл аралык өнөктөштөр менен жолуккан. Январда медициналык мекемелер менен өлкөдөгү өткөрмө бекеттердин абалы изилденип, баяндама жарыяланган.

Жакында биз польшалык жана кытайлык дарыгерлерди кабыл алдык. Биз польшалык адистерди медициналык кызматкерлердин арасында инфекцияга чалдыккандар эмне үчүн көп болуп жатканына баа берүү үчүн да чакырганбыз. Алар кыргыз медиктери туура протокол менен иштеп жатат деген тыянакка келишти.

Медиктердин арасында илдеттин көп жайылышынын эки себеби бар. Биринчиси - жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги. Бул Кыргызстандагы гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги маселе. Бир дагы өлкө пандемиянын масштабы мынчалык болоорун күткөн эмес.

Экинчиси – үй-бүлөлүк медициналык борборлордун пандемияга даяр эместиги. Алар бул кырдаалга ылайыкташкан эмес. Коронавируска шектелген бейтаптар мындай борборлорго келип жатышты. Аларды медициналык кызматкерлер коргонуу каражаттары жок эле кабыл алып жатышты. Андыктан илдетти жугузган медиктердин көбү COVID-19ду дарылоого ылайыкташкан жайлардын эмес, үй-бүлөлүк борборлордун кызматкерлери. Дүйнөдө жеке коргонуу каражаттарынын өндүрүшү көбөйүп, дарыгерлер керектүү жабдыктар менен жабдылат жана бул маселе чечилет деп үмүттөнөбүз.

Ожиело: Кыргызстанга улуттук консенсус керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:24 0:00


Пандемия жана адам укуктары

- Пандемиянын башка бир өңүтү тууралуу сөз кылсак. Бириккен Улуттар Уюму дүйнө өлкөлөрүндө чектөөлөр күчөп, коронавирус пандемиясы адам укуктарынын кризисине жол ачып жатканын эскертти. Мындай оор кырдаал дүйнө жүзүндө адам укуктарынын, демократиянын же сөз эркиндигинин абалына кандай таасирин тийгизди?

- Коркунуч жаратып жаткан тарап – бул адам эмес, вирус экенин ар бирибиз эске алышыбыз керек. Мындай коркунучту жоюу үчүн жогорку деңгээлдеги кызматташтык жана өнөктөштүк зарыл. Коом мобилизация болушу кажет. Эл “аралыкты сактагыла, үйдө отургула” деген башкаруучуларга ишеним арта алгыдай болушу керек. Ошондо гана алар эрежелерге баш ийет.

Өкмөттүн жарандардын кыймыл-аракетин чектөө чечими ачык-айкын жана муктаждыкка төп келиши кажет. Бул стандартты бардык өкмөттөр сактоого тийиш. Бир жагынан көрүлгөн чаралар вируска чалдыккандарды аныктоону көздөйт.О шол эле учурда алар жеке купуялык, оппозицияны бутага алуу сыяктуу маселелерди жаратып койду.

Өкмөттөр мындай шартта медианын ролун, алардын элди агартуу жана аларга маалымат жеткирүү укугун таанышы керек. Кайсы гана өлкөдө болбосун маалымат каражаттары пандемияга каршы эң башкы өнөктөш болуп берет. Журналисттер канчалык ээн-эркин иштеп, маалымат жеткире алышса, эл ошончолук өкмөттүн жашыра турган эч нерсеси жок экенин түшүнөт. Мындай жагдай өкмөткө болгон элдин ишенимин арттырат.

- Кыргызстанда ушундай болуп жатабы? Журналисттер канчалык ээн-эркин иштеп жатат деп айтууга болот?

- Мамлекет вируска каршы мыйзам чегинде карантин чараларын киргизгенде медианын колдоосу чоң экенин эске алышы керек. Журналисттердин беткап, колкаптарды кийип, эрежелерди сактоо менен кырдаалды так чагылдырып бериши абдан маанилүү. Мен өкмөт өкүлдөрү медианын мындай маанилүү ролун таанып жатканын уга баштадым.

Мамлекет менен жарандардын ортосунда башкача бир диалог зарыл. Калк мамлекеттик кызматтар акча уурдалып кеткени үчүн эмес, каражат жок болгону үчүн аткарылбай жатканына ишенгидей болушу керек...


Биз, Бириккен Улуттар Уюму катары өкмөттү медиа менен мындай кызматташтыкты тереңдетүүгө шыктандыргыбыз келет. Себеби изилдөөлөрдүн баары бул вирус жакын арада кетпей турганын, вакцина табылгыча биз менен жүрө берерин көрсөтүүдө. Вируска чалдыккандардын саны көбөйүп, кайра азая бериши мүмкүн. Ошондуктан элди агартуу жана мобилизациялоо маселесинде медианын ролу дагы жогорулап жатат.

- Кыргыз өкмөтү карантин маалында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын саны өскөнүн ырастады. Бириккен Улуттар Уюму менен Европа Биримдиги Кыргызстанда зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндерге убактылуу баш калкалоочу жайларды түзүүгө көмөктөшүп жатат. Сиздин байкооңуз боюнча Кыргызстанда бул маселе канчалык терең жана канчалык кабатырлануу жаратып жатат?

- Бул маселе дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө байкалууда. Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюму жана Европа Биримдигинин ортосунда бул багытта мыкты кызматташтык бар. Зомбулукка, анын ичинде үй-бүлөдөгү ыдык көрсөтүү көрүнүштөрүнө каршы мындай кызматташтык вируска чейин эле башталган. 5 миллион 800 миң евролук бул программа былтыр ишке киришкен. Өлкөнүн түрдүү аймактарында үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнү тууралуу маалыматтардан кийин биз бул программаны тезирээк жүзөгө ашырууга кириштик.

Биз Евробиримдик менен чогуу коопсуз жайларды түздүк. Себеби учурда иштеп жаткан кризистик борборлор кырдаалды жөнгө салып жетишеби деген маселе турду.

Ошондой эле түз байланыш номерлери ачылды. Ага зомбулукка кабылган же күбө болгон бардык адамдар чала алышат. Бул милицияны тез арада жөнөтүүгө, жабырлануучуну коопсуз жайга жеткирүүгө, ыдык көрсөткөн адамга чара көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз коомунда чоң бир маселе бар. Ыдык көрсөткөн адам кармалса да, анын үй-бүлөсү жана жабырлануучу да аны бошотууну сурана баштайт. Андыктан биз аялдар үчүн да, эркектер үчүн да агартуучу иштерди алып барып жатабыз. Көйгөйдү азыр чече албашыбыз мүмкүн. Бирок көп иш жүрүп жатат. Мен өкмөттүн бул маселе бар экенин таанып, аны жөнгө салууга аракет көргөнүн белгилегим келет.

Бишкектеги милиция кызматкерлери.
Бишкектеги милиция кызматкерлери.

- Алдыда айтылгандай, Бириккен Улуттар Уюму коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга мындан башка да жардам көрсөтүп жатканы белгилүү. Ортодо дагы кандай конкреттүү кызматташтык бар?

- Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму түрдүү кокустуктарга даяр болууну көздөгөн планын иштеп чыккан. Бул өкмөттөргө жеке коргонуу каражаттарын, тесттерди, реагенттерди камдап алууга жана медициналык борборлорду даярдоого мүмкүнчүлүк берет. Март айынын башында вице-премьер-министр мага расмий кат жолдоп, вируска каршы аракеттерди пландоого көмөктөшүүнү өтүнгөн. Бул план медицина, тамак-аш, билим берүү жана санитария сыяктуу алты тармакты камтыйт.

Күнүмдүк каражатка жан баккандардын маселесин кантип чечүү керек? Карантинге алынгандар жаткан борборлордо санитардык эрежелерди кантип камсыз кылуу зарыл? Социалдык чөйрөнү жана экономиканы кантип калыбына келтирүү керек? Ушул маселелер боюнча планды иштеп чыгып, мамлекетке тапшырып, аны ишке ашырууга жардам берип жатабыз. Биз өкмөткө антикризистик планды ойлонуштурууга да көмөктөшүп жатабыз. Экономиканы калыбына келтирүү үчүн канча каражат керек? Бул багытта өнөктөштөрдүн сунушу кандай? Планда улуттук өкмөттүн COVID-19га каршы ушундай комплекстүү чаралары камтылган.

Дүйнөнү тооруган тобокелчилик

- БУУнун тамак-аш коопсуздук боюнча агенттиги COVID-19 пандемиясынан улам дүйнөнү ачарчылык коркунучу тооруп турганын билдирди. Кырдаал канчалык оор? Ачарчылыкты алдын алуу үчүн кандай аракет керек?

- Абал оор экени бышык. Көп өлкөлөрдүн айыл чарбасына көп зыян келбейт деп үмүттөнөбүз. Кыргыз өкмөтү жазгы айдап-себүү иштерине шарт түзүү үчүн да карантинди жумшартып жатат. Дүйнөдө карантинден улам ишканалар жабылып, айыл чарба продукцияларды бир жерден экинчи жерге жеткирүү үзгүлтүккө учурады. Айрым өлкөлөрдө азык-түлүк жетишсиз болуп жатат. Тамак-аш болсо да элдин аны сатып алууга акчасы калбашы мүмкүн. Бул олуттуу маселе. Маселени чечүү үчүн дүйнө өлкөлөрү кызматташышы керек.

Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк жок Борбор Азия чөлкөмү “жашыл коридорлор” сыяктуу чечимдерге муктаж. Мындай коридорлор азык-түлүктү гана эмес, медицина каражаттарын да жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле Дүйнөлүк азык-түлүк программасы сыяктуу институттардын чыныгы муктаж адамдарга тамак-аш жеткирүү аракетине өбөлгө түзөт. Себеби пандемиядан эң көп жабыркагандар, күнүмдүк кирешенин көзүн карагандар бар. Алар үй-бүлөсүн кантип багышат? Андыктан дүйнөнүн алдында чоң кыйынчылык турат. Борбор Азия өлкөлөрү бул маселеге көңүл буруп, кызматташтыктын жаңы жолдорун караштырып жатат деген үмүттөмүн.

- Cиз жардам чындап муктаж болгон тараптарга жетиши керек экенин айтып кеттиңиз. Эл аралык Валюта Фонду сыяктуу дүйнөлүк бир катар каржы институттары Кыргызстанга каражат бөлдү. Бирок айрым бейөкмөт уюмдар бул акча туура эмес колдонулуп кетпейби деп кабатыр болуп турушат. Берилген жардам өз максатына жетиши үчүн эмне кылуу керек? Ачыктыкты кантип камсыз кылса болот?

- Бул маанилүү суроо. Көзөмөл институттары анчейин күчтүү болбогон ар бир өлкөдө каражаттын кайсы бир тешиктен агып кетүү коркунучу бар. Мамлекет бул мүчүлүштүк жөнгө салынганын көрсөтө алышы керек. Өкмөт элдин ишенимине ээ болушу кажет. Жарандар өкмөт элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканына ынанышы зарыл. Ал үчүн өкмөт туруктуу түрдө бюджетти жана чыгымдарды ачык жарыялап турууга тийиш.

Кыргызстанга келген жардамдар тууралуу маалымат өкмөттүк сайтка жарыяланып жатат. Бул туруктуу болушу керек. Келген акча гана эмес, сарпталган каражат да жазылышы абзел. Мындан тышкары жарандык коом менен кызматташтыкка муктаждык бар. Жарандык коомдун бюджетке, чыгымдарга байкоо жүргүзүүгө, аны анализдөөгө мүмкүнчүлүгү болушу кажет. Өкмөт медиа менен да иштешиши зарыл. Көзөмөл жүргүзүүчү институттарды бекемдөө керек. Парламент бюджетти түшүнүп, аткаруу бийлигинен акча кантип сарпталып жатканын сурап турушу кажет. Мунун баары мамлекетке болгон ишенимди бекемдейт. Мамлекеттин кырдаалды жөнгө салуу аракетине көмөктөшөт.

Кыргызстанда бул маселеде өкмөт менен жарандык коомдун ортосундагы бекем диалогго муктаждык бар. Себеби өкмөттөгүлөр сыяктуу эле жарандык коом да кырдаалды жөнгө салууга кызыкдар. Муну өз чөнтөгүнөн акча бөлгөндөрдүн, элге тамак-аш тараткандардын мисалы деле күбөлөп турат. Эч бири башкасынан көбүрөөк патриотмун деп айта албайт. Өз ара өнөктөштүк зарыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело, 6-апрель 2020-жыл.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело, 6-апрель 2020-жыл.

Эңшерилген экономика жана ачыктык

- Эл аралык институттар бөлгөн акчанын бир бөлүгү Кыргызстанга келип түшкөн. Бул акча кантип сарпталып жатканы же кандай сарпталаары тууралуу пландар сизди канааттандырып жатабы?

- Биз өкмөт менен бир нече кеңешме өткөрдүк. Быйылкы улуттук бюджетте 500 миллион доллардык таңкыстык болот деген божомол бар. Таңкыстыкты жоюу үчүн бир катар аракеттер көрүлүп жатат. Эл аралык Валюта Фондунан 120 миллион доллар келди. Фонд ушунча эле көлөмдөгү акчаны бөлө турган болду. Бир нече эл аралык институттар кредит бермей болушту. Мунун баарын кошсоң, 400-470 миллион долларга жетиши мүмкүн.

Бюджетке мамлекеттин жана анын институттарынын чыгымдары да камтылат эмеспи. Мисалы өкмөт саламаттык сактоо тармагына каражат бөлүп жатат. Булардын баары мыйзам ченемдүү муктаждыктар. Андан тышкары жумушсуз калгандарга жардам көрсөтүү сыяктуу чукул көрүлө турган чаралар бар. Божомолго ылайык, өлкөдө 1 миллион 800 миңдей адам тамак-ашка муктаж болушу мүмкүн. Бул жалпы калктын чейрек бөлүгүнөн көп. Ал үчүн акча табуу керек.

Көзөмөл институттары анчейин күчтүү болбогон ар бир өлкөдө каражаттын кайсы бир тешиктен агып кетүү коркунучу бар. Мамлекет бул мүчүлүштүк жөнгө салынганын көрсөтө алышы керек...


Ошондой эле экономиканы калыбына келтирүү үчүн да каражат зарыл. Өкмөттүн божомолуна ылайык, экономикалык чараларга 600-700 миллион доллардай каражат керек болушу мүмкүн. Бул акчанын баары кайдан келери так белгисиз. Донорлордун өз өлкөсү да вирустан жабыркап жаткандыктан эч кимиси кошумча акча бөлө албай жатат. Мурда берген убадаларды гана аткаруу маселеси турат.

Мындай шартта эмне кылуу керек? Мамлекет менен жарандардын ортосунда башкача бир диалог зарыл. Себеби мамлекет кайсы бир кызматтарды камсыз кыла албай жатат. Калк бул кызматтар акча уурдалып кеткени үчүн эмес, каражат жок болгону үчүн аткарылбай жатканына ишенгидей болушу керек. Кантип жапа тырмак иш алып баруу керек? Кайсы тармакка артыкчылык берилет? Табылган акча кайда жумшалат? Мамлекетте бул боюнча талкууга муктаждык бар.

- Кыргызстанда ушундай диалог же сүйлөшүү болуп жатабы?

- Өкмөт өзүнүн антикризистик планы боюнча элдин пикирин сурап жатканын билем. Мен бул сыяктуу маселелерде дагы тереңирээк диалог курууну сунуштаар элем. Эл акылсыз эмес. Алар экономист болбошу мүмкүн. Бирок алардын баары өздөрүнүн капчыгын жакшы билишет. Экономиканын коомго таасирин сезип турушат. Ар бир адам адилеттүүлүк жана туура чечим деген эмне экенин, эмне кылуу керектигин билет.

“Бизде мынча бар. Муктаждыгыбыз ушундай. Муктаждык колубуздагы каражаттан көп. Эмне кылуу керек? Сизди кандай чечим канааттандырат?” деген диалог керек. Мындан диалог курган ар бир коом кырдаалдан чыгып кете алат. Жарандар да тез баш-аягын жыйнап, коомдуу жакшыртуу үчүн ыктыярдуу түрдө убактысын бөлө алат.

Озонниа Ожиелонун Кочкор районундагы иш-сапарында тартылган сүрөт, 2019-жылдын апрель айы.
Озонниа Ожиелонун Кочкор районундагы иш-сапарында тартылган сүрөт, 2019-жылдын апрель айы.

- Экономика демекчи, Эл аралык Валюта Фонду быйыл Кыргызстандын экономикасы 4 пайызга төмөндөй турганын билдирди. Өлкө экономикасы мигранттардын акчасына өтө эле көз каранды. Кыргыз экономикасын эң оор сценарийден сактап калуу үчүн эмне кылуу керек?

- Глобалдык рецессия болоору бышык. Анын таасири болбой койбойт. Көп нерсе вирустун жайылышын канчалык тез ооздуктай алабыз деген маселеге барып такалат. Ошондо гана экономикалык иш-аракет качан башталары, жарандар качан жумушка кайтып, качан салык төлөй турганы белгилүү болот. Бирок бул жерде тобокелчилик да бар.

Бир жагынан экономика жанданышы керек. Ошол эле учурда элди пандемиядан сактоо зарыл. Соңку жумада карантин жумшарып, көчөгө көбүрөөк эл чыгып калды. Мындай шартта инфекцияга кабылгандар кайра көбөйүп кетиши мүмкүн. Андыктан Саламаттык сактоо министрлигинин айткандарына кулак салуу керек. Өтө зарылчылык болбосо сыртка чыкпай турган оң. Ишин баштап жаткан ишканалар санитардык эрежелерди так сакташы зарыл. Муну менен вирусту жайылышын алдын алып, экономикалык ишмердиктин жакшырышына өбөлгө түзөбүз. Андыктан баарыбыз чогуу аракет кылбасак, эрежелерди сактабасак, калыбына келтирүү процесси узагыраак болот. Анын экономикага кесепети Эл аралык Валюта Фонду болжолдогондон да оорураак болушу мүмкүн.

Айрым адамдар муну тамаша катары кабыл алып жатышат. Социалдык тармактардан окусаңыз керек. Өтүп кетет дешет. Өтпөйт. Өкмөт менен жарандардын кызматташуусу маанилүү.

- Акырында жеке өзүңүздүн Кыргызстандагы байкоолоруңузду да сурай кетейин. Кыргызстан өзүн демократиялык коом куруну көздөгөн мамлекет катары көрсөтүп келет. Бирок өлкө дүйнөдө жакыр мамлекеттердин катарынан толук чыга албай жатат. Коюлган максаттар ишке ашышы үчүн Кыргызстанга эмне керек?

- Биринчиден, Кыргызстанга келгенимден берки 28-30 ай укмуштуудай кызыктуу өттү. Жети облустун баарына барып келдим, коомчулуктун көп өкүлдөрү, улуттук деңгээлдеги саясатчылар менен жолуктум.

Ар бир өлкө өзүнө гана тиешелүү жолду басып өтөөрү бышык. Бирок өлкөнүн багыты боюнча улуттук консенсус болушу керек. Биз ачык парламенттик демократия болгубуз келет. Демократияга жана парламентаризмге жол бир күндүк эмес. Артыкчылык жана кемчиликтер болот. Эң башкысы туура сабак алганды билүү керек.

Өлкөнүн жигердүү жана жаратман жаш калкы бар. Биз мамлекет менен мамлекеттик эмес акторлордун жана жарандык коомдун өнөктөштүгүн күчөтүшүбүз кажет. Алдыга умтулуу маселесинде чөлкөмгө карап түздөлбөшүбүз керек. Кандай коом кургубуз келерине көңүл бурушубуз кажет. Өкмөттүн ичинде да, коомдо да, жеке сектордо да ачык, плюралисттик, демократиялык коом куруу идеясына ортоктош тараптар жетиштүү. Демократияга умтула берүү үчүн ушундай коалицияга муктаждык бар. Бул өлкөдө иштеген мага абдан жакты. Көп досторду да таптым.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG