Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-август, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 14:24

Өкмөт мигранттар менен тил табыша элек


Орус-казак чек арасындагы кыргыз мигранттары.

Оренбург облусунда орус-казак чек арасынан Кыргызстанга өтүп кетүүнү суранып 250дөй кыргыз мигранты топтолуп турат. 

5-майда кыргыз-казак өкмөттөрүнүн сүйлөшүүлөрүнөн кийин 550дөй жаран автобустар менен чек арадан өткөрүлгөндө автоунааларын таштап кетүүдөн баш тартып, Соль-Илецки шаарында калып калган 70 айдоочуга автоунаалары менен келген кыргызстандыктар улам кошулуп отуруп, жалпы саны 120 кишиге жетти.

Казакстан чек арасын бир күнгө ача турганы маалым болгондон кийин Орусиянын ар кайсы бурчунан жөө-жалаңдап агылып барып, кийин чек арага жетпей Соль-Илецкиге кире бериште калган 50дөй мигранттан тышкары, бул күндөрү Москвадан барган 70 жаран Бузулук шаарына жакын жерде ай талаада күн көрүп жатат.

Москвадан баргандар - март-апрель айларында аба каттамдары токтотулганда Кыргызстанга учуп кете албай, эки айдан бери элчиликтин жана диаспоранын күчү менен уюштурган жатаканада жашап жаткан мигранттар.

Жакшылык Камбаралы уулу алар чек арадан өтүп кетүүгө үмүттөнүп, Москвадан өз алдынча автобус жалдап, жолго чыгышканын айтты:

«Хостелде жатып, азык-түлүгүбүз деле, акчабыз деле түгөндү. Биздин сабырыбыз деле кетти. Ата-энелерибиз биздин акыбалды угуп алып, кыйналып турушат. Мен ал жерде жата берсем, күзгө чейин калам. Айылда жерим, малым бар. Бул жакта же иш жок же квартира жок. Автобустар келет дегенде угуп, ошого үлгүрүп калалы деп чыкканбыз. Бир күн кечиктик. Жалдап келген автобус бизди таштап кетип калды».

Эки күндөн бери Бузулук шаарына жакын жерде ай талаада конуп-түнөп жүргөн мекендештер артка кайтууга макул эмес.

«Азыр ээн талаада эле кийим-кечебизди оронуп, клеенка тартып алып жатабыз. Артка жол жок, бүт жабык. Москвага кайтсак, биз кантип жашайбыз?! Селсаяк болуп кетелиби?!» - дейт Жакшылык.

Москвадагы кыргыз элчигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова бул жарандарга казак чек арасы бир күнгө ачылары, анда Соль-Илецкиде турган кыргызстандыктар өткөрүлөрү эскертилгенин айтты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев да казак тарап чек арасын чектелүү сандагы кыргыз жарандарына бир жолу гана ачып бергени расмий кабарланганын белгиледи:

Уланбек Дыйканбаев.
Уланбек Дыйканбаев.

«Расмий маалымат берилген. Бул оңой чечилчү маселе эмес. Элчилик диаспора башчылары менен иштеп жатат. Биз буга чейин маалымат бердик, Казакстан транзит коридорун бир жолу биздин жарандардын чектелген гана санына гана ачып бергенин. Иш уланууда».

Казак бийлиги 17-марттан тартып чек арада турган 200дөй кыргыз жаранына жол ачып берүүгө макул болгонун 30-апрелде кабарлаган. Анда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев расмий Нур-Султандын шартына ылайык жарандар атайын уюштурулган автобустар менен гана ташыларын, андыктан жеке автоунаасын ошол жактагы токтотмолорго калтырышы керек экенин белгилеген. Мындай макулдашуу бир жарым ай ичинде чечилген.

Чет жактагы мигранттардын минтип жабык чек араларга агылып, ара жолдо калып кеткенин, ар кандай тобокелге салып жатканын Бишкектеги айрым саясатчылардын, коомдук ишмерлердин шыкагы менен түшүндүрүп, мындай аракеттери сындагандар да бар.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жарандарды чек арага чыгууга чакырбаганын айтып, ал пандемия маалында чет жакта оор шартта калган мекендештер менен иш алып барып жатканын баяндады:

«Мигранттардын кайрылууларынын негизинде 31 баракка 1232 жарандын атынан жеке байланыш маалыматтары менен коштомо кат жазып туруп, президентке, Жогорку Кеңештин спикерине, ТИМге, Ыкчам штабга, депутаттарга жөнөттүрдүм. Кээ бир депутаттар маалыматты өздөрү сурап, алып кетип жатышат.

Токтайым Үмөталиева.
Токтайым Үмөталиева.

Мамлекет эми чечим кабыл алышы керек. Буларга жарандары керекпи же керек эмеспи?! Ошол жарандардын ичинде сегиз эне отурат. Балалуу, кош бойлуу келиндер бар. Квартирадан чыгып калгандары бар, Москвага убактылуу баргандар бар. Булар иштеген жеринен чыгып алган адамдар эмес. Колунда билеттери бар жарандар бар. Ошол жерде элчи Аликбек Жекшенкулов консулдары менен иштеши керек. Анын ордуна Соль-Илецкиден ар кандай видеолорду алып, менин үнүмдү кошуп монтаждап, фейк маалымат таркатып жаткандарын мен тастыктадым».

Үмөталиева бул кезде Москвадан Кыргызстанга кайтууну каалаган 1232 жарандан тышкары дагы 550дөй кайрылуу түшкөнүн кошумчалады.

Ал эми Оренбургда ээн талаада жаткан мекендештердин видеосу менен «Фейсбук» баракчасында бөлүшкөн саясатчы Нариман Түлеев кызматташтарын, мурунку жана азыркы аткаминерлерди ара жолдо калган мигранттарга каражаттан жардам көрсөтүүгө, ал эми активдүү жаштарды уюштуруучулук жагын колго алууга чакырган. Саясатчы бул маселени чечүүгө өзү кандай көмөктөшө аларын белгилеген эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев өкмөт мигранттар менен ачык сүйлөшүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөндүктөн ушундай акыбал түзүлгөнүн белгиледи:

«Чек арага мигранттардын кайрадан топтолуп, өкмөткө талап коюп, ошол жерге түнөп атышканынын себеби - бул өкмөттүн так позициясынын жоктугу. Анткени казак тарап 500дөн ашуун мигрантты өткөргөндөн кийин «эми чек араны ачпайбыз» деген болсо, өкмөт ошону мекендештерге так айтышы керек. Өкмөт жаман көрүнгөндөн коркуп отурат. Өкмөт башчы же вице-премьерлерден бирөө чыгып, «мекендештер, биз силерди жакшы көрөбүз, бирок абал бизде мындай» деп айтышы керек эле. Эми чек арага келип алгандан кийин алар депутаттарга, саясатчыларга, партияларга чалып атышат. Анан алардын үнүн өкмөткө жеткирбей койгонго алардын да укугу жок.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Ошондуктан азыр баарыбыз мекендештерге туура түшүндүрүп, Орусияда мүмкүнчүлүгүнүн болушунча кармалып турууга, жолго чыкпоого чакырышыбыз керек. «Ички акыбалыбыз ушундай. Обсервацияга жаткырып, дары-дармек, тамак-аш менен камсыздоого мүмкүнчүлүгүбүз жетпей жатат. Бюджеттин абалын билесиңер» деп так кесе бирөө айтышы керек. Ошол ток этер жерин айта албай, мекендештерге жаман көрүнүп албайлы деген позицияга өтүп, «убакыт өткөрүп, эптеп унчукпай отурсак, бирдеме болуп чечилер» деген илең-салаң позиция жарабайт. Мынтип биз дагы бир-эки ай жүрө беребиз. Өкмөт мекендештер менен сүйлөшө албай жатат».

Тышкы иштер министрлиги 7-майда Оренбург облусунан Казакстан аркылуу мекенге 541 жаран кайтарылганын кабарлаган. Ага чейин өкмөт 28-апрелде Орусиянын Екатеринбург шаарынан чартердик каттам менен 157 кыргызстандыкты, 22-апрелде Новосибирск шаарынан учак менен 176 кыргыз жаранын алып кеткен. Саламаттык сактоо министрлиги алардын баары обсервацияга алынганын маалымдаган. Екатеринбургдан кайтарылган 69 жаштагы жаранда коронавирус табылып, ал илдеттен көз жумган.

Москвадагы кыргыз элчилиги өлкөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар, темир жол жана аба каттамдары толук жабылгыча Орусиядагы 750 миңдей мигранттын 10 миңи Кыргызстанга кетүүгө жетишип калганын буга чейин маалымдаган болчу.

8-майга карата Орусияда COVID-19 илдети 10,5 миң адамда аныкталып, ооруга чалдыккандардын саны 190 миң кишиге чамалады. Бул өлкөдө оорудан 26 миңден ашуун адам айыгып, 1 723 киши көз жумду.

Орусияда коронавирусту жугузуп алган кыргызстандыктардын жалпы саны расмий ачык айтылбаган менен илдетке чалдыгып, ооруканаларда жана үй шартында дарыланып жаткан жүздөгөн мекендештер, анын ичинде каза тапкандар тууралуу кабарланып жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (20)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG