Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

«Кош бойлуу келинди күйөөсү катуу сабаптыр...»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык тармакта күйөөсүнөн таяк жеп, үч айлык баласы менен көчөдө калган кош бойлуу келиндин видеосу талкууга түштү. Ал күйөөсү «боюңан алдыр» деп тепкилегенин айтууда.

Бишкек шаарынын четинде үч айлык баласы менен көчөдө калган келиндин тасмасы социалдык тармактарда тарады.

Тасмада келин ага жардам бергени барган ыктыярчылардын суроолоруна жооп берип жатат. «Азаттык» аны менен байланышканда окуясын толугу менен айтып бере алган жок.


Ал ушу күндөрү баш калкалап жаткан үйдүн ээси келиндин окуясын бизге айтып берди:

«Сүйлөй албай коркуп калыптыр. Мен аны эшикте баласы менен көчөдө жүргөн жеринен алып келдим. Барар жери жок, жаанда калган экен. Көзү ачылбай, бети-башы көгала болуптур. Ошого чейин күйөөсү сабап, талагын бериптир. Курсагында бир айлык боюнда бар экен. Айтымында, күйөөсү ичине тээп, боюнан түшүрөйүн дептир. Ошондон коркуп, качып кеткен экен. Биз дароо милицияга арыз жазалы дедик. Бирок, аябай чүнчүп калыптыр. Бүгүн апасы чалып аябай ыйлады. Көрсө келин ушуга чейин кордукта жашап, жакындары менен сүйлөшө элек экен. Апасы беш айдан бери кызымдын үнүн уга электигин айтты».

Атын атагысы келбеген бул аялдын ырасташынча, кош бойлуу келин 20 жаштагы Ош облусунун Ноокат районунун тургуну. Ал мектепти бүтүп эле иштегени Бишкекке келген экен.

Ата-энеси кызын видеодон таанып, туугандарын жибергенин алып баруучу, ушу күндөрү ыктыярчы болуп тамак-аш таратып жүргөн Эрнис Бөрүбаев айтып берди:

Эрнис Бөрүбаев.
Эрнис Бөрүбаев.

«Келин тууралуу мага телефон чалып, кабарлашкан. Барып, көргөндө эле нес болуп калдым. Бир топ адамдар да жашаган бөлмөлөрдүн биринде балдары менен отурган экен. Көзү ачылбай калыптыр. Көрсө күйөөсү кечке бетке тээптир. Бизде видеону көрүп, азыр эле анын туугандары чалып, келип алып кетишти. Оштогу туугандарына барарын мага таекеси айтты. Милиция кызматкерлери да мени менен байланышып, такташты».


Үй-бүлө зомбулугуна кабылган бул келиндин окуясы боюнча иш козголобу же жокпу азырынча белгисиз.

Юрист Айжан Жуманалиева зомбулук болгон учурда жабырлануучуу милицияга кайрылышы керек дейт. Ал жазасыз калуу зомбулукту күчөтөт деп эсептейт:

Айжан Жуманалиева.
Айжан Жуманалиева.

«Аял физикалык зомбулукка, ур-токмокко кабылган учурда дароо милиция кызматкерине чалыш керек. 102ге чалып, окуясын айтып, күйөөсүнө коргоо ордери берилет. Аял оор учурларда чыдап отурбай, өзүн коргошу керек. Ошол эле маалда зомбулук тууралуу ал эле эмес, анын жакындары, кошуналары кыскасы, кайдыгер карабаган адамдар кабарласа болот. Үй-бүлө зомбулугу үчүн айыпталуучу 15 күндөн 5-7 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн. Ага айып да каралган».

Бишкекте коронавируска байланыштуу карантин жарыялангандан бери үй-бүлөлүк зомбулук былтыркыга салыштырмалуу 62% көбөйгөн. Расмий маалыматка караганда өлкө боюнча зомбулукка байланыштуу 65 пайызга көп кайрылуу түшкөн.

Ал ортодо Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Европа Биримдиги үй-бүлө зомбулугуна кабылган аялдарга коопсуз жайларды уюштуруу үчүн Кыргызстанга 200 миң доллар бөлдү. Ал акча азыркыдай обочолонууга мажбур болгон, экономикалык жана социалдык кысымдар күчөгөн шарттарда зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндерге кыска мөөнөттүү кризистик борборлорду уюштурууга багытталган.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова долбоор ишке киргенден бери онго жакын аял коопсуз жайга жайгаштырылганын айтты:

Ализа Солтонбекова.
Ализа Солтонбекова.

«Коопсуз жай бул эмне экенин биз так айта албайбыз. Анткени ошол үчүн бул коопсуз жай. Аларды издегендер болушу мүмкүн. Бир күн мурда жети аял балдары менен жайгаштырылган эле. Аларды жайгаштыруу механизми төмөндөгүдөй: 111 же 112 номуруна чалуу келип түшөт. Ал жердеги адистер оор учурларды дароо жазып, даректерин бизге жиберишет. Биздин топ барып, машине менен алып кетет. Андан кийин алардан сөзсүз тест алынып, алдын-ала тазаланган жерге жайгаштырабыз. Алар менен психолог, юрист жана социалдык кызматкер иш алып барат».

Карантин башталгандан бери өлкөдөгү кризистик борборлор кабыл алууну токтотуп, жардам берүүнү онлайн режимине өткөрүшкөн. Учурда ар бир аймактагы борборлордун ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат.

Расмий эсепке ылайык, 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факты катталып, 5 миңден ашуун коргоо ордери берилген. 580 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG