Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:26

Мырзакеде кыз-келинге мамиле өзгөрдү


Калича Жороева үй-бүлөсү менен.
Калича Жороева үй-бүлөсү менен.

Бириккен Улуттар Уюмунун атайын долбоорунун алкагында аймактардагы бир катар активисттер аялдардын укугун коргоого, үй-бүлөлүк зомбулукка, эрте никеге, ала качууга байланышкан атайын окуудан өтүштү.

Ош облусунун Мырзаке айылынын 66 жаштагы тургуну Кадича Жороева эки жылдан бери айылда иштеп жаткан аялдар укугун коргоо боюнча долбоорду жетектеп келет.

«Келиним менин балам, үч неберемдин апасы. Анын саламаттыгы өзүнө, балдарына, күйөөсүнө керек. Ошондуктан мен өзгөрүүнү өзүмдөн баштадым», - деди Кадича Жороева.

Кадича Жороева.
Кадича Жороева.

«Келинге мамилени өзгөрттүм. Буга башка кайненелерди да үндөй баштадым. Ушул окуудагы эки жылдык тажрыйбамды адегенде өз үй-бүлөмдө колдондум. Ошол окуудан кийин келинимдин түйшүгү, иши көп экенин байкадым. Ошон үчүн үй иштерин баарыбызга тең бөлүштүрдүм. Эми сууну бири ташып, дагы бирибиз короо шыпырып, тандырга от жагып, кыскасы, анын ишин жеңилдеттик».

Кадича Жороеванын үйүндөгү мындай өзгөрүүлөрдү көбү таң калуу менен кабыл алган.

Себеби, менталитетке ылайык айыл жеринде келинге талап күчтүү, артылган жүк оор. Деги эле кыз-келиндерге карата жазылбаган мыйзамдар бар. Ушундан улам Жороеванын келиндерине болгон мамилесин сындагандар да чыккан:

«Менин эки келиним, төрт кызым бар. Келиндериме мамилемди оңдоп, башкаларды да ага үндөп жүрсөм кыздарым мага аябай капа болду. Алар «апа, сиз эмнеге антесиз, келин өзү кылышы керек да, бизди кайненебиз антип аябайт» дешти. Бирок мен бул мамилени башкалар көрүп, алардын да ою өзгөрсө деп ойлочумун. Ошондо келиндердин түйшүгү жеңилдемек. Кичүү келиним менен беш жылдан бери чогуу жашайбыз. Ал үч баланы операция жолу менен төрөдү. Ошондон улам оор иштерди жасатпай, суу ташытпай, көчө шыпыртпай, аны аяйм».

Расмий маалыматтарга караганда, элеттеги кыз-келиндер шаардык аялдарга караганда акы төлөнбөгөн үй ишин төрт эсе көп аткарышат. Элет жеринде өспүрүм курактагы никеге туруу шаарга караганда 2,5 эсе, ала качуу 2 эсе көп катталат. Өзгөн районунун Мырзаке айылында 20 миңдей киши жашайт. Бул айылда үй-бүлөлүк зомбулук, эрте никеге туруу, ала качуу көйгөйлөрү бар.

Кадича Жороева баштаган 13 адамдан түзүлгөн топ GALS ыкмасынын негизинде аялдар укугун айыл жергесинде коргой баштаган. Алгач жолугушуулар элеттик китепканада башталган:

Айылдык активисттер.
Айылдык активисттер.

«Биздин айыл өкмөткө кирген үч айылда түшүндүрүү иштерин баштадык. Зордук-зомбулук боюнча мектептерди кыдырып, мен иштеген китепканада айтып берип жаттык. Аларга ала качуу кылмыш болгонун, ал үчүн жаза каралганын, эрте никеге туруу да мыйзамсыз экенин, анын аялга тийгизген таасири тууралуу сөз кылдык. Эрте төрөт учурунда аялдын саламаттыгы, өз убагында билим албай калганы жетишсиз жашоого кириптер кылаарын түшүндүрдүк. Маалымат берүү ыкмасы ар кандай болду: аңгеме, лекция же сүрөт аркылуу жеткирип турдук».

Топто ар кандай курактагы адамдар болгон. Алардын жетөө эркек, алтоо аял. Аялдарга карата көп укук бузуу болорун, алардын айрымдары билинбей каларын мен ушул окунун негизинде түшүндүм. Долбоордун алакагында он аялды гендердик сезимталдыкка үйрөттүк. Алар бешөөнө, дагы бешөө үчөөнө, ошентип отуруп саны өсүп, "Вотсапта" түзүлгөн топто саны 200дөн ашты. Алардын баары өзүнүн жашаган көчөсү, айылындагы мектеп, жакындарына кыз кишиге болгон камкордукту үйрөтө баштады.

Биз тууралуу айыл тургундары билип, кеңеш сурагандары же жакында кызын турмушка берип, уулун үйлөндүргөнү келип, маалымат бере баштады. Себеби биз кайсы жерде той болбосун өзүбүздүн тобубузда дароо жазышып, «тактагылачы, анын кызы канча жашта экен? Уулу канчада экен?» деп тез эле маалымат алчубуз. Эрте никени алдын алган ошондой бир нече учур болду. Биринде баланын ата-энеси өзү жардам сурап кайрылды. Биздин аракетибиз менен андай учурлардын алдын- алдык».

GALS - бул гендердик сезимталдык иш-аракеттер системасы. Аны БУУнун Аялдар түзүмү Евробиримдиктин колдоосу менен бирге 2016-жылы ишке ашыра баштаган.

2018-жылдан баштап бул ыкма менен Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Талас облустарынын активисттери эки жыл окуудан өтүшкөн. Окууга ар бир аймактан ондон ашык ар кандай курактагы адамдар тандалып алынган. Муундар ажырымын жоюу жана зомбулуктун алдын-алуу максатын көздөшкөн.

БУУнун Аялдар түзүмүнүн адиси Гүлмира Расулова долбоор тууралуу буларды билдирди:

«Бул үй-бүлөлөрдү, адамдар ортосундагы мамилерди өзгөртүүгө багытталган ыкма. Анын максаты - бактылуу, зомбулуксуз үй-бүлөнү куруу. Ал үчүн адамдардын кыялдары, бири-бирибирине болгон сый мамиле, тактап айтканда ар бир адам өзүнүн жашоосунун саякатчы экенин жеткиребиз. Аларды жашоосунун лидери болууга үндөп, үйрөтөбүз. Муну менен өзүнө болгон ишеними жогорулайт. Демек, башкаларга болгон мамилеси да өзгөрөт. Мына ушунун баарын биз жазуу же сүрөт тартуу ыкмалары менен жеткиребиз. Аларды кызыктырууга аракет кылабыз».

Гүлмира Расулова ар бир аймакта өткөн тренингдерде аны угуучулардын ою, аң-сезими өзгөрүп, өзгөчө аял кишини сыйлоого үйрөнүшкөнүн кошумчалады:

Гүлмира Расулова.
Гүлмира Расулова.

«Бирде окуу учурунда эркек киши «мен аялымды аябайт экем, ага жок дегенде кир жуугуч машине алып берсем болмок экен» деп айтып калды. Топтордо ар кандай курактагы адамдар иштегендиктен бири улуулар менен, бири кичүү менен мамиле кураганды, сүйлөшкөндү өздөштүрүп жатты. Кайненелер "келиндерибизге такыр туура эмес мамиле кылчу экенбиз" деп жатышты. Алар маселени чечүүдө өзгөрүүнү өзүнөн баштоо керектигин үйрөндү. Азыр эми окуудан өткөн эркектер "уй саагандан, тамак жасап, үй оокатына жардам бергенден уялбай калдык" деп калышат. Себеби, башында бул учурларды жакындары, коңшу- колоңдору кескин сындап, алардын басымына кабылышкан. Кызыгы, биз калыптанган ой менен эле "аял көп иш кылат жана ага жүк артылган" деп ойлойт экенбиз. Бирок «көрсө мен да күйөөмө жардам берип, колдоп турушум керек экен» деген аялдар болду. Мунун баары үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы түшүнүктү пайда кылат. Ал зомбулуктун алдын-алат».

GALS долбоорунун дагы бир катышуучусу - Мырзаке айлынын башчысы, 62 жаштагы Садырбек Жумалиев. Ал дагы айылындагы аялдардын укуктарын коргогон активисттердин бири. Жумалиев үй-бүлө күткөн 38 жыл ичинде аялдын түйшүгүн түшүнүп, коргобой келгенин айтты:

Садырбек Жумалиев.
Садырбек Жумалиев.

«Үйлөнгөнүмө быйыл 38 жыл болот. 7 балам, 17 неберем бар. Эки неберем биздин колубузда. Үйдө иш жетиштүү. Тренингге катышкандан кийин мен аялыма үй оокатына жардам бере баштадым. Ага чейин ал өзү жалгыз отун ташып, от жагып, тамак-аш жасачу. Чынын айтсам, окууга чейин аялдын түйшүгүн түшүнчү эмесмин. Ал тургай ушунча жыл бою байкабай келипмин. Азыр эми мен аялымды сыйлап, түшүнгөнгө үйрөндүм. Аялым тамак жасап жаткан маалда мен неберелеримди карайм, аларды бакчага алып барам. Жакында аялыма машине алып берейин деп жатам».

Садырбек Жумалиев өзгөчө айыл жергесинде тең укуктуу үй-бүлө же аялына үй оокатына жардам берип жаткан көрүнүштү өөн кабыл алышат дейт. Бирок ал ушул сыяктуу окууларга эркектерди катыштырып, түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүү менен үй-бүлөдөгү зомбулук маселесин алдын-алууга болот деп эсептейт:

«Мен ушундай окууларга эркектерди сөзсүз катыштыруу керек деп эсептейм. Үй-бүлөдө чыр-чатак, түшүнбөстүк болбошу үчүн үй оокатын аял жана эркек теңме-тең аткарышы керек деп эсептейм. Аларда ошондо жоопкерчилик жана аялды түшүнүү сезими пайда болот. Ошондуктан бизде аял эркек ортосунда бирдей укук жана жоопкерчилик жетишсиз болуп жатат. Бир жолу фартук кийип, шыпылдап тамак жасап жатсам тааныштарым көрүп, аябай таң калышты. Арасында түшүнбөгөндөрү да чыкты. Бирок аялды колдоп, жардам бергенди эп көрдүм. Азыр биздин айылда аялдарга мамиле өзгөрүп, мурдагыдай үй-бүлөлүк зомбулук дээрлик жок. Албетте бир-эки учур болот, түшүнбөгөндөр бар да, андайда дароо маселени чечкенге аракет кылабыз. Мени аялдар укуктары жагынан айылымдагы абал жакшырып баратканы кубандырат».

Статистикалык маалыматтарга карганда, Кыргызстанда 3 млн. 155 миңге жакын аял жашайт. Бул өлкө калкынын теңинен көбүн түзөт. Айылдык аялдардын иш менен камсыз болушу 39% түзсө, эркектердин 61% жумуш менен камсыз болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG