Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:22

Кыргыз коомундагы келиндин орду кандай, деги эле келинге кандай мамиле жасайбыз?

Буга чейин “Азаттык” радиосу кайын-журттун кысымына кабылдым деп даттанган эки келиндин окуясын жарыялаган. Алардын бири кайнагасынын колунда 15 жыл малай болуп иштегенин айтса, экинчиси кайненеси менен тил табыша албай, келин болуп барган убактан тартып кордукта жашаганын айтып берген эле.

Ушундан улам “Аялзат” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында кыргыз коомундагы келиндин орду кандай, деги эле келинге кандай мамиле жасайбыз деген темага кайрылууну туура көрдүк.

Каардуу кайната

- Кайнатам мас болуп келген сайын эле мага асыла берет. Сөгүп, ар кандай ыпылас сөздөрдү айтат. Баласын дагы мага каршы тукуруп, "кетир, башка катын алып берем, керек болсо онду алып берем" деген күндөрү болгон. Азыр деле ошентет.

Иллюстрация
Иллюстрация

Самара Таластын келини. Жолдошу менен түтүн булатып жашаганына 10 жылга чукулдады. Ошол убакыттан бери кайнатасынын “балама жаш, сулуу, турмуш көрө элек кыз алып берем, сен кете бер”, - деген сөзү кулагына сиңип бүткөнүн айтат. Ортодогу үч бала үчүн кайын-журттун кылыгына чыдап жүрөм деген Самара окуясын “Азаттыкка” айтып берүүгө макул болду:

- Кайнатам урушуп, "мындан кийин сенин кайненең мен болом" деп айткан. Кайненем болсо бетиме эч нерсе айтпайт. Бирок кайнатамды, балдарын мага каршы тукурганын байкап калам. Балдарымды удаа төрөп иштебей үйдө отуруп калганда кайнатам “сен муну өмүр бою бага бересиңби, бул иштебейт, кетир” деп айта баштады. Төркүнүмө чейин мас болуп барып, “кызыңар менен жашатпайм, балама башка кыз алып берем” деген. Күйөөм дагы анын тилине кирип кээде “кет, мен башка катын алам” деп кол көтөрөт.

Самара үйдө улуу келин болгонуна карабай, ар кандай маанилүү иш-чараларда, той-кечелерде өзүнүн пикири эске алынбай каларына көнүп бүткөн.

- Күйөөм экөөбүз кайнатамдын үйүнөн кетип, өзүбүзчө жашап жатабыз. Кээде менин пикиримди сурап, кеңешип калат. Кайын-журтум келген убакта мен четте калам. Көп нерселерди “мындай болгону жатыптыр” деп күйөөмдөн угам. Негизи эле мага көп нерсени айта бербейт.

Буга чейин “Азаттык” радиосуна кайрылган келиндердин бири турмушка чыккандан тарта жашоосу тозокко айланганын, кандай иш кылса дагы кайненеге жакпай койгонун айткан эле.

Жазылбаган мыйзамдар

Кыргызда “күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр” деп коюшат. Ал эми
келинге болгон мамиле кыргыздарда гана эмес, Борбор Азия элинде да түрдүүчө бааланып келет. Илгертен кыргызда келиндин кайын-журттагы орду чоң мааниге ээ. Алардын ар бир жасаган кыймылы көз жаздымда калбай, ага коюлган талаптар да катуу болгон. Келиндин баскан-турганы, кыймыл-аракети анын тарбиясынан кабар берип турган. Келин жакпай калса ата-энесине сөз тийген.

Келинге болгон мамиле, жазылбаган мыйзам ар бир аймакта ар башка. Эзелтеден келаткан мындай эреже келиндердин айрымдарына сый-урмат алып келсе, кээ бирлеринин үй-бүлөсүнүн бузулушуна себеп болууда.

Айрым учурда бир үй-бүлөнүн эмес, бүтүндөй айылдын сынынан өтүп, “жеңип” чыгышы керектигин айрым келиндер тамаша-чыны аралаш айтып калышат. Бирок ошол марага ким, кантип жетет? Биз көчөгө чыгып, шаар тургундарына микрофон сундук.

Заманбап келиндер

Казакстанда “келин” деп аталган атайын социалдык тармак бар. Аны казакстандык Дидара Пернебаева аттуу студент жаш келиндердин маселесин чечүүгө жардам болсун деген ниетте ойлоп тапканын айтат. Тиркемеге катталган миңдеген келиндер өз кеңештери, тамак-аш сырлары, ар кандай турмуштук пайдалуу кеңештер менен бөлүшөт.

Салкын: Келиндерге мамиле ар кандай. Мен жаңы келин болуп келгенде жакшы эле мамиле кылышкан. Кайын-журтум ташбоор деп ыйлаган келиндерди угам. Бизге коңшу жашаган үй-бүлө бар эле. Келин менен күйөөсүнүн мамилеси ысык эле болчу, кийин кайненеси уруштурдубу, айтор ажырашып кетишти. Ал келиндин төркүнү жок экен, ошондуктан аны жакшы эле кордошту. "Сенин ата-энең жок, тартипсиз өскөнсүң" деп какшап отуруп келинди кетиришти.

Айсулуу: Алгач келин болуп барганда ошол үйдүн шартына көнөсүң. Алгач жаман болуп жүргөм, кийин мен дагы балдарыма кайненемдей сүйлөп калдым. Кайындардын мамилеси келиндин өзүнө да жараша болсо керек.

Алишер: Келин келген жердин өзүнүн тартиби, көз карашы, турмуш-тиричилиги бар да, ошого жараша болот го. Андан сырткары адамдын өзүнүн инсандык аң-сезими, бири-бирине мамилеси болот. Ал эми үй-бүлөнүн статусуна караганда бул тарыхый тажрыйба, улуулар чечет, аларга баш ийип, ошолордун тилин алышыбыз керек. Менин келиним жок. Мен өзүм абдан демократиялуу кайната болсом керек. Негизи жаштар өздөрү чечиши керек, эгер кеңеш сураса жардамыбызды беребиз.

Наргиза: Мен өзүм келинмин, мага мамиле жакшы, сыйлашат. Өзүмдүн оюмду эркин айта алам. Менин алысырак сиңдимдин айтымында, өлкөнүн түштүгүндө, Ош, Жалал-Абадда келинди адам катары көрүшпөйт. Келин кылыш керек, антиш керек, бул келин да деп турушат экен. Менин жолдошум мени коргоп турат, "келин болсо эле эмне экен" деп каяша кайтарат. Бул күйөөсүнө да байланыштуу болот го.

Чыдаган төргө өтөт

Биздин дагы бир маектешибиз Кыздаркан Бакирова элүү жашта. “Барган жери жарашса, кара катын ак болот" дегендей барган жеринен баар таап, балалуу-чакалуу болуп, барына-жогуна чыдаганда гана үй-бүлө курулат деген пикирди карманат.

- Менин кайненем жакшы жактарды көрсөтүп, өз кызындай кабыл алган. Мен азыркыга чейин кайненемдин тарбиясы менен жакшы эле апа болдум. Азыр өзүм да келин алганы турам. Ошол келген үй-бүлөнүн ыгына түшкөнгө чейин кайнене келинге жардам бериши керек. Келин дагы ошол үйдүн бийлигин алуу үчүн дагы көп эмгек сиңириши керек. Мен 50 жаштамын, мага эми гана "бийлик" тийди. Кайненем азыр 70 жашта, ушул убакытка чейин ал киши эмне десе ошону жасап, алар каякка акса ошол жакка актым. Себеби, мен күйөөмдү сыйладым, бардыгына чыдап ошол жерге бүлө болуп кетейин дедим. Бардык нерсени ичиме сактап, макул деп, билбегенди үйрөндүм. Жашап кетейин деген келин бардык нерсеге чыдашы керек. Ошондо гана күйөө да, бала да болот. Кайнене да, күйөө да урушат. Кайнеже дагы каарын салат. "Апа, эже" деп жүгүрүп жүрүп, күңдөй эле болгом. Азыр болсо төргө чыгып, идиш-аяк жуугандан эми эле кутулдум.

Кыздаркан Бакирова айткандай, кайын-журттун жубайлардын турмушуна кийлигишкенин, тили тийгенин кадимки көрүнүш катары кабылдаган кыз-келиндер жок эмес. Учурда чет өлкөдө жашап жаткан журналист Карамат Токтобаева турмушка чыккандан кийин көпчүлүк келиндердин өз ысымы унутулуп, “ай, келин” атка конорун, ал келген күндөн тартып, ар кандай сыноого туш болуп, турмуштун чоң соккусуна кабыларын жана андан аркы жашоосу ошол сындан өткөн же өтпөгөнүнөн көз каранды экенин “Азаттыкка” жазган болчу. Ал өзүнүн блогунда кайын-журт келинге малайдай эле мамиле кыларын жазган.

- Негизи биз тарапта, Алайкууда келинге өзгөчө мамиле жасашат. Келгенден баштап эле сыноо учурлары өтөт. Кээде ошол сыноо деле бүтпөй, ар бир кадамына чейин сынаган учурлар болот. Жеңе, келин деп коёт баарына чыдаш керек, бардыгын жасаш керек дешип... Бирок кордой берсе келиндин кыялы менен тили чыгып, тажаал болуп кетет деп ойлойм. Кээде кайын-журтуна эле эмес, бүтүндөй айылдын сөзүнө терикпей жашап келаткан келиндер да бар.

Адистердин эсебинде, Кыргызстанда үй-бүлөдөгү ыдык көрсөтүүлөргө туш болгон келиндердин 45 пайызын кайын-журту менен тил табыша албай, алардын түрткүсүнө кабылгандар түзөт. Ошол эле учурда психологдор келин менен ымаласы келишпей стресске кабылган кайненелер дагы көп экенин айтышат. Бул сандар бейөкмөт уюмдар чыгарган болжолдуу статистика. Кеңири изилдөө жүргөн эмес.

Анткен менен Оштогу “Ак жүрөк” укук борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова кайын-журттун айынан ажырашкан же күйөөсү менен ыйкы-тыйкы болгон учурлар көп экенин билдирип келет.

- Келин деген кыздай болбойт деген принцип бар кыргыздарда. Келин деген үй жыйнап, короо шыпырышы керек, кийин баласын карап башка ишти да чогуу ала жүрүшү керек, жумуштун бардыгы келин аркылуу өтүш керек деген түшүнүктө жүрүшөт. Бизге кайрылгандардын көпчүлүгү деле ушундай жагдайларды айтышат. Кайненеден сырткары кайнежесинин үстөмдүгүн айтып арызданышат. Бирөө кайнежесинин жууп кой деп кирин таштап кеткен, кайнага кадимкидей сөккөн учурларын айтышат. Ушундай учурлар болот. Аны жашырганга болобу?

Жеңил ойлуулук тагдырды талкалайт

Кыргыздарда келинге карата бир катар тыюулар бар. Бул бир чети тарбия болсо, экинчиден, укуктарынын чектелиши катары каралып келет. Мисалы, келин текебер сүйлөбөй, дайыма ийкемдүү болуп, кайын-журтка кызмат кылууга милдеттүү экени айтылат. Күйөөсүн сыйлаган келин кайын-журтту урматташы керек, муну баскан-турганы, жасаган иши менен далилдеши зарыл. Антпесе күйөөсүн тоготпоо болуп саналат. Бирок ошол эле учурда социологдор келиндин үйдөгү орду анын күйөөсүнө байланыштуу дешет.

Анткен менен кыргыз коомунда жалаң эле келиндер кайын-журттун каарына калып жатат деп бир кылка баа берген туура болбойт. Тескерисинче, “келини батырбай коюптур”, “келини начар чыкты” деген кептер дагы айтылып жүрөт. Айрым улгайган адамдардын карылар үйүнө барып калышына дал ошол келиндер себепкер болгон учурлар да жок эмес.

Нарындагы "Бакубат" коомдук уюмунун жетекчиси Турганбүбү Орунбаева кызын турмуш курууга, жеңил ойлуу болбой көп нерсени сабырдуулук менен жеңүүгө же жөн эле үй-бүлөнүн ачуу-таттуусу болорун үйрөткөн, ушуга тарбия берген ата-энелер аз болуп жатканын белгилеп жатат. Мунун айынан кайненелердин, күйөөлөрдүн укуктары бузулган учурлар бар экенин айтты:

- Бул маселени бир жактуу караганга болбойт. Бул келиндердин чындыгы, кайнени угуп отурсаң алардын өзүнүн чындыгы бар. Экинчиден, келинге үй кызматчы катары мамиле кылган учурлар да бар. Көп учурда биздин кыздарыбыз, ата-энелер өздөрү да күнөөлүү. Турмушка кыз өзү сүйлөшүп бара турган болсо "жакшылап танда, байка, ачуусуна чыдагыдай бол, жакшылыгын көтөргүдөй бол" дебей эле "басып кет, жашооң өтпөй калабы, балаңды биз багып беребиз, иш табылат" деп бузган төркүндөр бар. Бизде кыздарды турмушка даярдаган институт жок. Ата-энесин жакшы көрүп, 25-30 жыл сыйлап жүрүп эле келинчеги келип ата-энең мындай экен десе анын сөзүнө кирип кеткен эркектер да бар. Мени сыйласаң ата-энемди сыйла, экөөбүз бир бүтүнбүз деген балдар азыраак. Азыр бир нерсе болсо эле небереңерди көрсөтпөй коём, анан жашап көргүлө деп коркуткан келиндер бар.

Өткөн жылы муфтий Максатбек ажы Токтомушев да келиндер темасына кайрылып, аларды кайын-журтка кызмат кылууга милдеттүү эместигин жана аны күйөөсү өз туугандарына жагууга аялын мажбурлабашы керектигин билдирген. Диний аалымдын келиндерди жактаган сөзү коомчулукта талкууга түшүп, айрымдар колдосо, кээ бирөөлөр муну улуттук баалуулуктарды жокко чыгаруу катары сыпатташкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG