Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:47

Аялзат: келиндин кызматы бизнеске айланды


Иллюстрация
Иллюстрация

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жумушсуз катары расмий каттоодо тургандар саны 192 миңден ашуун. Алардын 93 миңге жакынын ишке жарамдуу курактагы аялдар түзөт.

Айрым кыз-келиндер иштин көзүн таап, жаңы кызматтарды ачууда. Мисалы "Келин на час" же "Супруга на час" деген агенттиктер үй жыйнап, конок тосуп, түрдүү тамак жасап берсе, бала багуучу издегендерге "Няня.kg" сайты жардамчы болуп келет. Кыз-келиндер жумушсуздукту кантип жеңет?

"Төрт баламды багышым керек"

Махабат Бишкектеги "Лимпио" тазалоочу компаниясында иштейт. Ал атайын чакыруу менен терезе жууп, үйүн жыйнап берет. Жолдошу "кара тизменин" айынан Москвадан жакында эле келип, убактылуу жумушу жок экен. Төрт баланы окутуп, багуу үчүн Махабат азыр кара күчүнө гана ишенип турган чагы.

- Үйгө барганда дагы ушундай иштерди жасаганга туура келет. Чарчап барган учурда бала-бакырага тамак жасап, курсагын тойгузуу керек. Төрт балам бар. Акчасы аз болсо да үйдө бош жата бергенден көрө нан табайын дейсиң да. Азыр бүт эле акчага бүтөт. Мектеп да сурайт. Күйөөм болсо иши жок, бош отурат. Балдарды карап жатат азырынча. Азыркы жумуш бирде жеңил, бирде оор. Күнүнө 200 сомдой табам, бош жаткандан көрө бул деле акча. Аны мага ким бермек эле. Азыр үй жыйнап иштейм. Буга чейин базардан иш издедим, самсы сатканга, нан бышырганга киши керек деп чыгып жатты. Алардын акчасы аз, мисалы 50 самсы сатсаң 300 сом түшөт экен. Ал самсы өтөбү-өтпөйбү, анан кыдырып сатышың керек.

Заманбап келиндер

Заманбап келиндер

Казакстанда “келин” деп аталган атайын социалдык тармак бар. Аны казакстандык Дидара Пернебаева аттуу студент жаш келиндердин маселесин чечүүгө жардам болсун деген ниетте ойлоп тапканын айтат. Тиркемеге катталган миңдеген келиндер өз кеңештери, тамак-аш сырлары, ар кандай турмуштук пайдалуу кеңештер менен бөлүшөт.

Ал эми Тумар Бишкектеги окуу жайлардын биринде сырттан окуйт. Окуусуна, баскан-турганына бала багуучу болуп иштеп акча табат. Жумуштагы кыйынчылыктар, кожойкенин кызматчыга жасаган мамилеси туурасында "Азаттыкка" айтып берди.

- Кеңселерди, жер тамдарды жыйнаганга чакырышат. Бизди эми колунда барлар жалдашат. Чакырып алып акчаны бербей койгон учурлар болбойт. Мен биринчи жолу бирөөнүн уйүн жыйнаганда аябай ызаланып, уялгам. Бирок кандай болсо да биз адал иштеп жатабыз да, денесин саткандарга караганда. Биздин иш буюртмага жараша болот, бир күндө эки-үч үйдү жыйнаганга барабыз. Кыздарга иш көп эле, бирок кебетеңе карап алышат. Кээ бирөөнө жумуш сурап барсаң жакшы жооп бербейт. Кээ бир кожоюндар акчаны бербей жалдыратат. Акча колдун кири да, өмүр бою барчылыкта жашай тургандай болушат. Негизинен бала багып иштеген кыйын. Баласы бир нерсе болбосун деп коркосуң. Тырмагы сынып калса да "апасы эмне дейт" деп чыйпылыктап кетесиң. Мен ошентип бир ай бала карап айлыгымды араң алгам. Кожойке баласын каратып, үйүн жыйнатып, тим койсо ич кийиминен бери жуудурчудай. Мен кул эмесмин деп кетип калгам. "Мен болбосоң мынча акча албайт болчусуң" деп айтышчу.

"Мейман тоскондор чакырат"

Айрым кыз-келиндер коомго зарыл ишкерликтин жаңы түрүн киргизип, үй-бүлөсүн да багып, жумуш орундарын да түзүп жатышат.

Алсак "Келин на час" же "Супруга на час" деген агенттиктер үй жыйнап, конок тосуп, түрдүү тамак жасап берсе, бала багуучу издегендерге "Няня.кg" сайты жардамчы болуп келет. Мисалы чоң үй-бүлөнүн келини Индира Темирканова "Келин на час" агенттигин кантип түзүп калганын айтып берди.

- Мен өзүм бир чоң үй-бүлөнүн жалгыз келинимин. Иштеп дагы, үй-бүлөмө дагы кызмат кылып жетишпей калган учурлар көп болгон. Ошондо акчасын деле төлөп берет элем, ушундай кызмат болсо деп ойлонуп койчумун. Кесиптешиме сунуштасам "менин дагы колум бошобой атат, куда тосот элем" деп калды. Ошентип биринчи кызматты кесиптешимден баштадык. Кийин жарнама бергенде ушундай кызматка муктаждар абдан көп экенин билдик.

Эрте келин болгон эселектер

Эрте келин болгон эселектер

Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Бул жыл сайын 7 миңдей эселек күйөөгө тиет дегенди билдирет.

Индира азыр ишкер айымга айланган. Азыр анын кол алдында иштеген кыздары кыз узатуу, тушоо кесүү, сүннөт тойлорун уюштуруп, дасторкон жайып, кожейкенин табитине жараша тамак жасап, эл кеткенден кийин үйүн да жыйнап кетет.

- Биз жакында эле биздин кызматты пайдалангандардын санын эсептеп чыктык. Туруктуу кардарлардын саны 97 экен. Ал эми биз кызмат көрсөткөн коноктордун саны 3 миңге жакын болуптур. Көбүнчө тойлорду тейлейбиз. 24кө жакын кызматкерибиз бар. Бизге көбүнчө иштеген, казан-аякты кармоого колу тийбеген, балалуу жаш келиндер кайрылат.

"Мээримдүү бала багуучу керек"

Заман алдыга жылган сайын үй шартында бала багуучуга жана үй кызматчыга суроо-талап өстү. Ага жараша андай кызматчылардын катары жергиликтүүлөр эле эмес, чет өлкөлүк иш издөөчүлөр менен да толукталууда. Экинчиден, бала багуу эң кооптуу жана кымбат төлөнчү кесиптердин катарына кире баштады. Кыргызстанда баласын карап эле эмес, окутуп, бир нерсеге үйрөтүп кароо үчүн 10 миң сомдон 300 долларга чейин төлөнөт. Азыркы тапта ишенимдүү бала баккыч же үй иштерин жасаган адамды табуу оңой эмес. Мына ушундай суроо-талаптан улам Чынара Дөөлөтова "Няня.кg" сайтын ачкан. Анда бала багуучу тууралуу маалымат, анын бул багыттагы тажрыйбасы жана алар сураган маяна көрүнүп турат. Чынара айым бала багуучуну тандоодогу оош-кыйыштар туурасында ою менен бөлүштү:

- Чындыгында тажрыйбалуу, кесипкөй жана балдарды жакшы көргөн ачык-айрым бала багуучулар абдан аз. Ошондуктан сайт ачалы деп чечкенбиз. Кээ бир бала багуучулар абдан көп сүйлөйт. Айрымдарга ошондой жагат. Анан мүнөзү катуулары бар, көптөрү андайларды жактыра бербейт, коркот. Мүнөзү жумшагырак болсо дешет.

Көп иштеп, аз табышат

Буга чейин Акыйкатчы институту алты облуста жана тигүү цехтеринде сурамжылоо жүргүзүп, аялдардын эмгек укуктары корголбой жатканын айтып чыккан. Ага катышкан кыз-келиндер оор шартта эмгек келишими жок иштеп жүргөнү, майрам жана дем алыш күндөрү да эс албай, ашыкча эмгектенип бирок аз айлык аларын айтышкан. Аталган мекеменин Балдар укугу, үй-бүлөлүк зомбулуктан жана гендердик басмырлоодон коргоо бөлүмүнүн башчысы Махабат Турдумаматованын белгилешинче, жакында Жогорку Кеңеш ушул маселе боюнча акыйкатчынын баяндамасын угат.

Аялзат: тигүүчүлөрдүн эртеңи эмне болот?

Аялзат: тигүүчүлөрдүн эртеңи эмне болот?

Кыргызстанда расмий эмес маалыматтар боюнча, 200 миңден ашык кыз-келин тигүү тармагында иштесе, анын 90 пайызы көмүскө иш алып барат. Адистер өмүрүн тигүү тармагына арнагандар жашы өткөндө пенсия жана башка жөлөкпул албай калуу коркунучу бар экенин айтышат.

- Иликтөөдө көп жагдайлар ачыкка чыкты. Мисалы иштөө алдында алдын ала келишим түзүү керек, антпесе иш учурунда алган жараат үчүн кенемте же эс алууга кеткеге акы төлөнбөйт дегенди билүү керек. Азыр бизге "эмгек акыбызды төлөбөй жатат" деп кайрылгандар бар. Баары эле бизге кайрыла бербейт. Бул маселенин бир бөлүгү гана. Ошентсе да биз бир арыздын артында ондогон ушундай көйгөйлөр бар экенин анализдеп билебиз. Бир учур деп көңүл бурбай койгонго болбойт.

Кыргызстанда расмий каттоодо турган жумушсуздардын саны 192 миң 200 кишини түзөт. Ишке жарамдуу куракта жумушу жок жүргөн аялдардын саны эркектерге караганда 1,5-2 эсеге көп. БУУ акыркы баянында Кыргызстанда үй тиричилиги менен алектенген аялдар эмгекке жарамдуу калктын 72 пайызын түзөрүн жарыялаган. Ошондой эле аялдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли 2014-жылы 29 пайыз болсо, 2015-жылы 32 пайыздан ашканы да белгиленген. Аялдардын иштебегени алардын көз каранды болушун жана зомбулукту шарттап жатканын айткан укук коргоочулар элет жеринде кыз-келиндерди ишкерликке үйрөткөн долбоорлорду колдоого өкмөттү чакырууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG