Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:34

Элеттик жигиттер айылда кайын ата-энеси менен бирге жашоого макул колукту табуу кыйла татаал экенин айтышат. Кыздар эмне үчүн турмушка чыккандан кийин айылда жашоону каалабайт? “Аялзат” берүүсү бул чыгарылышында ушул маселеге токтолду.

Бойго жеткен айылдык кыздардын көпчүлүгү шаарда окуп, жашап иштөөнү каалашат. Шаардык кыздардын айылга барып үй-жай курушу дегеле сейрек учурайт. Ушундай көрүнүштөн улам айылдагы ата-эненин конушунда калган жигиттерге түгөй таап, үй-бүлө куруу бир топ эле кыйын.

Ата-энесинин кенжеси, нарындык Алмаз эки жылдан бери өмүрлүк жар таба албай жүрөт. Түбөлүк кол кармашканга түгөй издеп маал-маалы менен Бишкекке келип турат. Бирок таанышып, жактырган кыздары анын үйлөнүү тууралуу сунушун четке какканда шаабайы сууп, бир нече жолу айылга кайтканын “Азаттык” радиосуна айтып берди:

- Үйлөнөйүн десем таанышкан кыздарымдын баары эле үйдүн кичүүсү экенсиң дешет. “Айылда жашагым келбейт, шаарда жашай турган болсоң турмушка чыгам” дейт баары эле. Үйдүн кичүүсү болсо эмне болмок эле? Ата-энемди таштап кете албайм да. Эми кудай буйруса, бешенеге жазган бирөө тургандыр. Мени түшүнгөн дегендей. Менимче, кыздар айылдагы түйшүктөн качышат. Айылда мал-кел бар да.

Таластын тургуну Адылбек Абдрахмановдун үч кыздан кийинки эрезеге жеткен жалгыз уулу да ушул көйгөйдөн улам үйлөнө элек. Эми ата-эне баш болуп, баласына ылайыктуу кыз табуу аракетинде тааныш-билиштерден сураштырып жүрөт. Абдрахманов өзү дагы бул бирин-экин эле жолуга калган көрүнүш эместигин, акыркы кездери билинбеген чоң көйгөйгө айланып баратканын айтып отурду. Мунун бир себебин ал кыздардын элетте, кайнене-кайната менен чогуу жашоону каалабагандыгы менен байланыштырат:

- Чынында бул маселе бар. Билесиңер да, айылда таң атпай туруш керек. Уй саап, мал багыш керек. Илгери бир үйдө үч-төрт келин батышып эле, чогуу оокат кылып, балдарын карап жашачу. Ынтымак бар эле. Азыр андай нерсе жок.

Чындыгында эле чоң шаарларда иштеп жүргөн кыздар элетте жашай турган жигитке турмушка чыгууну каалашпайт. “Азаттык” радиосунун кабарчысы Бишкектеги ашканада, кафеде, тигүү тармагында, базарларда иштеп, акча таап жүргөн кыздарды сураштырып отуруп да ушундай тыянакка келди.

Турмуш куруп, шаарда калууну каалаган кыздар айылда жашоо-шарттын татаалдыгын айтышат. 25 жаштагы Чолпон үй-бүлө кургандан кийин кандай болбосун шаарда калып жашоону максат кылат. Муну ал элетте түйшүк көп, каалаган иш жок, болочокто балдары татыктуу билим ала албайт деп түшүндүрдү:

- Айылдык балага турмушка чыгып, бирок шаарда жашоону каалайм. Кийин балдарым жакшы мектепке барып, сапаттуу билим алса дейм. Көп кыздар шаарда жашоону артык көрүшөт.

Кыз-келиндердин пикирлерине караганда, кыргыздын салтына ылайык ата конушунда калган кенже балага турмушка чыгып, кайындар менен чогуу жашоо жаш үй-бүлөгө өтө катуу таасир этет. Бир үй-бүлөнүн көкүрөк күчүгүнө турмушка чыгып жашап келаткан Айнагүл Турдумамбетова кичүү келинге талап күчтүү, артылган жүк оор экенин айтат:

- Көпчүлүк келиндер кайнене менен жашагандан качышат. Анткени мунун өзүнчө кыйынчылыгы бар. Кайнене менен бирге жашасаң киши көп келет. Андайда келиндин түйшүгү ого бетер күчөйт. Жыйнап-жууп, үйдү ирээттеш керек. Баланы да караш керек. Андан тышкары ар биринин көңүлүн табуу керек. Бул – бир себеби. Дагы бир кыйынчылык - кыргыздарда келинди экинчи сорттогу адамдай көрүшөт. Көп элге тамак бышырып жүрүп, аягында өзүң эч нерсе жебей калышың мүмкүн. Ушул жедиби-жокпу деп эч ким деле ойлобойт. Жолдошуң ойлошу мүмкүн, бирок аялыма муну алып койгула деп айтуудан намыстанат. Баары үчүн жууп-тазалоого сен гана милдеттүүсүң. Үйдө кайынсиңди же башка бирөөлөр бар болсо деле өздөрүнүн артынан жыйнаганды келиндин гана милдети деп билишет.

Муфтий келиндерди коргоп чыкты

Адистер ажырашуулардын жарымы кайын журт менен келиндин тил табыша албаганынан болорун белгилешүүдө.

Айыл түйшүгүнө чыдап келаткан келиндердин бири Элдананын ыңгайы келсе кайын-журтунан бөлүнүп, өз алдынча жашоо тилеги бар. Ал элетте аялдар жада калса өз ден соолугуна кам көрбөй жүрө берерин айтып, бул аз келгенсип кайнеже-кайынсиңди, абысын өңдүү туугандар үй-бүлөлүк жашоого көп кийлигишкенине нааразы:

- Күндө эрте тургандан тажайсың. Күйөөгө чыкканыма беш жыл болду. Башка абысындарым өз каалагандай жашашат, кааласа көйнөк киет, кааласа жылаңбаш жүрүшөт. Мен болсо кайненемдин айтканындай жүрөм, такай халат кием. Же боено албайсың. Башка жактарга же конокко ээн-эркин барып келе албайсың, тели-теңтуштарың менен каалагандай катышпайсың. Бүт бардык нерседен көз каранды болуп жүрөсүң. Мен үйдө эркин өскөм, азыр жашым 27ге келди. Турмуш кургандан кийин ушинтип кайненемдин көзүн карап калдым.

Ошол эле кезде мурунку маалдагыдай кайната-кайнене менен камыр-жумур түтүн булатып, алардын алкоосуна арзып, батасын алган келиндер да жок эмес. Айылда турмуш курган ​Мээрбү Биримкулова элет түйшүгүнөн качпайт, таң эрте туруп, кайнене-кайнатасын, балдарын караганга жетишет. Ал келиндин келген жери жакшы болушу абзелдигин айтып, шаардан көрө таза абада айылда жашоо артык деген ойдо:

- Тоодо туулуп-өскөм. Кайненем менен жолдошум бир көрүп эле качырып кетишкен. Кенже баласы экен. Азыр аларды карап жашайм. Кайнене-кайната, жолдошум, анын бир туугандарынын баары менен мамилем жакшы. Билбегенимди апамдан сурайм, калганын өзүм билгендей жасай берем.

Эстен чыккан элет

Жаш келиндер элеттеги жашоодон эмнеге качарын сурап улуу муун өкүлдөрүнө кайрылдык. 70 жаштагы Баатыр эне Пашакан Темирова кыз-келиндердин айылга барып жашап, кайын журтуна кызмат кылгысы келбегенин жаштардын сабырсыз, сөз көтөрө албаган мүнөзүнөн көрөт:

- Биздин убактагы келиндер менен азыркыларда айырма көп. Биз кайната менен кайнененин тилинен чыкпай, алардын айтканын аткарып, ашыкча сөз сүйлөбөйт элек. Жолдошум экөөбүз тең унчукпай жумуш жасай берчүбүз. Бири-бирибизге ызат-сый бар эле. Азыр деле келиндерде ошондой жакшы сапаттар бар. Бирок алар жеңил, тез капа болуп калышат. Мен кыздарды да, келиндерди да сабырдуу болууга чакырам. Турмуштун ысык-суугу болот. Баарын чыдамкайлык жеңет. Мага жаш кезимде таенем “сабырдуу бол” деп кулагыма көп куйчу. Ошого адамда сабыр, анан сүйүү болуш керек. Ушул нерсе турмушта баарын артта калтырат. Ал эми азыр келиндер көп учурда текеберленип, менменсинип кетишет. “Мен жашмын, турмуш куруп кете алам” деп өздөрүнө бекем ишенишет. Кыздарымдан да, келиндерден да ушул нерсени көп байкайм.

Жаш кыздар, келиндер да жалкоо болбой, түйшүктөн качып шаарда эптеп-септеп жашагандан көрө, нукура азык, таза абада айылга барышсын.

Адистер болсо кыргыз коомундагы мындай көрүнүштү элеттик жашоо менен шаар турмушунун ортосунда айырманын чоңдугунан көрүшөт. Айыл жергесинде мал багуу, дыйканчылык жана багбанчылыктан башка жумуш жок болгондуктан, элдин көбү шаарга агылууда.

Гендердик теңчилик боюнча профессор Мариям Эдилова айылдагы келин таңсыктыгын чечүү үчүн шаардагы чакан ишканаларда же чет мамлекеттерде эмгектенип жүргөн кыз-келиндерди айылда жумуш менен камсыздап, элетте деле шаардагыдай жашоого болот деген түшүнүктү элге жеткирүүнү өкмөт колго алышы зарыл деп эсептейт:

- Элетте ыңгайлуу шарт жок. Андыктан, шаарда окуп, иштеп калган кыздар кайра айылга баргылары келбей жатат. Ал кыздардын 100% шаарда деле кыйраган жерде жашабайт. Чакан ишканаларда эмгектенгендер батирлерде же туугандарыныкында турушат. Адам жакшы, ыңгайлуу шартка бат көнөт да. Мындан тышкары элетте иштейин десе иш да жок болуп атпайбы. Бир чети ошондон улам да баргысы келбейт болуш керек. Кыздарды айылга барбайт деп айыптоого болбойт. Барып жакшынакай жашап аткандар деле бар. Айылда жашаганга шарт түзүш керек. Аял кишиге эмне керек? Биринчиден, жылуу үй керек. Идиш-аяк жууганга, жуунганга жылуу суу, мончо керек. Ушул сыяктуу жөнөкөй, жакшы шартты түзүп алгандар айылда деле бар.

Ошондой эле элди, жаштарды айылга тартуу боюнча кандайдыр бир идеология же мамлекеттик иш-аракет жок болууда. Өзүнө, жубайына шарт түзүп берип жашап жаткан үй-бүлөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарнамаласа болот. Мамлекет шарт түзүүгө аракет кылышы керек. Мисалы, Орусияда Сибирде эл жашабай калды эле, мамлекет бир гектардан жер берилет деп элди кызыктырып, ал жакта жашоого тартып атат. Бизде деле ушундай кылууга эмнеге болбосун? Бизде жаштар үчүн мотивация жок болуп жатат. "Жаш мугалимдин депозити" деген долбоор да жарытылуу иштеген жок.

Кыргыз коомчулугунда эзелтен салтка айланган “жазылбаган мыйзамдар” бар. Ага ылайык, үйдүн кичүүсүнө ата-эне менен бирге жашоо, аларды карап, кам көрүү жүгү жүктөлөт. Заман өзгөрүп жаткандыктан, коомдогу бул көз караш да алмашып, ата-энени жалгыз гана кенже уул эмес, балдары тең кароого тийиш дейт Мариям Эдилова:

- Азыркы базар экономикасында баарына, жаштарга да, орто муунга, улуу муунга да кыйын. Ошого “бул келин, мен кайненемин” деген түшүнүктөн арылып, бири-бири менен тил табышып жашоого умтулуп, кайнене өзүн "каардуу, желмогуз" катары көрсөтпөшү керек. Кыздар болсо эртең өздөрү да карый турганын, балдарынан жардам күтүп каларын дайыма эстен чыгарбоого тийиш. Азыр кыргыз үй-бүлөлөрүндө оокатка тың ата-энелердин балдарын өз алдынча бөлгөн, өзүнчө жашасын деген учурлары акырындап көбөйүп бара жатат. Замандын өзгөргөнүнө, талабына жараша ыңгайлашуу керек да. Бир чети келиндерге эркиндик берип, аларга чек койбош керек. Келинди күң катары көрбөй, анын ден соолугун ойлоп, келечекте тукум улай турган адам экенин билүү зарыл. Жаш кыздар, келиндер да жалкоо болбой, түйшүктөн качып шаарда эптеп-септеп жашагандан көрө, нукура азык, таза абада айылга барышсын.

Айта кетүүчү жагдай, кыргыз коомунда келиндердин айыл жергесинде кайнене менен бирге жашоодон качканынан улам ажырашып кеткен үй-бүлөлөр да кезигет.

Статистика боюнча соңку беш жыл ичинде жубайлардын ажырашуусу кескин көбөйүп, 10 миңден ашкан. Ал эми жылына 9 миңге чукул аял үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылат. Адистердин эсебинде, үй-бүлөдөгү ыдык көрсөтүүлөргө туш болгон келиндердин 45% кайын журту менен оту күйүшпөй, алардын кодулоосуна кабылгандар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG