Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Инстаграмдан кеңеш сураган келиндер


Инстаграмды тиктеп отурган кыз
Инстаграмды тиктеп отурган кыз

Ушу тапта эрикпегендин баары эле Instagram желесиндеги kelinki_kg аккаунтун айланчыктап жүрүшкөндөй таасир калтырат. Жаңы барак күйөөгө чыга элек кыздар менен жаш келиндердин сүймөнчүгү. Бул жерге чогулгандардын саны 51 минден ашуун.

Топураган кыз-келиндер жыйналган жерде өздөрүнө гана тиешелүү кеп-сөздөр ортого салынат, балдардан баштап чоңдордун кийимдери, косметолог менен визажистти кантип тапса болот, күйөөсүнүн жоруктары, кайнененин каары – баарысы бар. Минтип жалаң турмуш-тиричилик маселелеринен тышкары кыз-келиндер ден соолукту сактоо жайында да кеп-кеңештерин бөлүшүп турушат. Ошол айтылган кеңештерди сөзсүз эле аткаруу керекпи – мына ушул жөнүндө кеп кылганы турабыз.

Ай-күнүнө жетип калган келин боюнда болгонуна 38 – 39 апта толгондо, суусу келе баштап, дарыгерлер аны төрөтканага жаткырганын жазууда. Келиндин суроосу - эми толгоо качан келет? Ага жооп бергендер кантип боюнда болгонун, төрөтү кандай өткөнүн, толгоо башталганда эмне кылуу керектигин жазышкан. Кызыгы келиндердин арасынан бир-экөө гана мындай иште башкалардын эмес дарыгердин айткандарын жасоо керектигин эскерткен.

Башка бир мисал, кыздардын бири боюнда болтурбай койчу таблеткаларды кантип ичүүнүн жол-жобосун сураган. Аны дарыгерден сурашка бийкечтин убакыт-сааты да, тыйыны да жок экен. 60тан ашуун кеңешчилердин ичинен экөө гана гинекологго кайрылуу кеңешин берсе, калгандары өз тажрыйбасын бөлүштүрүү менен алек.

Гинеколог-эндокринолог Чынара Дүйшөнованын Instagramда өздүк баракчасы бар. Ал кыз-келиндердин билгени деле, билбегени деле кайсы бир аялдын оорусу тууралуу кеп-кеңештерди ойлонбой жаадырганына ачууланат.

- Бул эми туура эмес дарылоого алып келет. Оору өнөкөт формага өтүп кеткенден кийин аны дарылоо кыйынга туруп калат. Билбей кеңеш берген жакшы эмес. Биз колдон келишинче аракет кылып атабыз, бирок кыздар ушундай ыкма менен акчасын үнөмдөп калгысы келет. Дарыгерге келип акча төлөмөй жок, анализ тапшырбайсың. Бирөөлөрдүн тилине кирип өз алдынча дарылануунун залакасы жаман. Андай өз алдынчалык айынан киши мерт болушу мүмкүн, боюнда болбой же төрөбөс болуп калсачы?

Чынара Дүйшөнованын ырасташынча, азыркы жаш келиндердин көбү жалкоо, ордунан козголушу кыйын, анысы сексуалдык турмушунда, жөнөкөй тиричилик деңгээлинде деле байкалып турат. Булары аз келгенсип, алардын сексуалдык сабаты, аял-эркек мамилеси тууралуу түшүнүгү да жылдан жылга начарлап баратат.

Дагы бир дарыгер-гинеколог Елена Юрмашева кесиптешинин пикирин колдойт. Анын айтуусунда, саламаттыкты сактоо боюнча айрымдардын жөнөкөй түшүнүгүнүн жоктугунун себеп-жөнү мектепке, анан үй-бүлөгө барып такалат. Экөөндө тең пенде баласынын ден соолугунун эң маанилүү маселеси тууралуу жеткиликтүү түшүндүрүлбөйт. “Гинекологго келишет, мен келген бейтапка гигиенанын элементардуу эрежелерин түшүндүрүүдөн баштайм, ушуну да билишпейт”, - дейт Елена Юрмашева.

Соцтармакта жааган акыл кошчулардын арасында өзгөчө кооптонууну балдарды дарылоого байланышкан кеп-кеңештер түзөт. Жаш келиндердин баары бир ооздон наристеден байкалган белгилерден улам тигил же бул дарыны эч чочулабастан эле берүүнү сунушташат. Мына, мисалы, жаш эне үч айлык наристенин тамагынан катуу сезгенишинен кийин оору өтүшүп кеткенин жазып, дарыгер берген дарыдан пайда болбогонун белгилеп, "силер кантип дарыландыңар эле?" деп суроо салат.

Ага кеңеш айтчулар башынан өткөргөндөрүн ортого салып, оорудан кыйналган балага бал, биолакт же башка бир дарыларды берүүнү сунуш кылат. Био кошулмаларды чыгаруучулар да бети кызарбастан үч айлык наристеге жардам бере аларын убада кылышат. Аны бер, муну бер деп жаалаган 27 колдонуучунун арасынан үчөө гана адиске кайрылуу кеңешин берген.

“Инстакелиндер” аккаунтундагы жаш келиндер кайсы бир оору же проблема пайда болгондо эмне кылуу керектигин сурап, көп кайрылышат. Мисалы, эки айлык наристенин апасы чүрпөсү эмдигиче уктабай жатканына кабатырланат. "Балам дисбактериоз болду, ыйлап, уктабай жатат. Силерде да ушундай болду беле, эмне кылгансыңар?” дейт.

Ага жооп кылып “Боботик” ичирүүнү (сегиз тамчыдан күнүнө эки же үч ирет, дубаланган сууну берүүнү), баланы көмкөрөсүнөн жаткырууну, “Тугевия” ширесин, “Бебинос”, “Плантексти” тамчылатып ичирүүнү, аны менен эле тим болбой невропатологго барып, башын УЗИ аркылуу текшертүүнү сунуш кылышат.

"Ар бир дарынын таасири ар кандай. Маселен, “Бебинос” менен “Плантекс” аллергиялык реакция бериши мүмкүн. Рекламадан түшпөгөн “Боботик” деле аллергия пайда кылат, ашказанга сиңимдүүлүгү начар, ашказан-ичегини жаралашы мүмкүн Ошондуктан кайсы бир ооруну дарылоо маселеси чыкканда дарыгердин кеп-кеңешин угуу керек. Мындайда миң жакын болсо да курбуңдун, кемпирлердин же табыптардын кеңешинен эч кандай пайда жок", - дешет адистер.

Башкысы, оорубагыла!

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG