Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Аз кандуулук - улут дарты


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын дээрлик жарымы аз кандуулуктан жабыркайт. Ушул күндөрү Саламаттыкты сактоо министрлиги республика аймагында “Алгачкы 1000 күн” деген өнөктүк жүргүзүп жатат.

Майрам Асыранкулова Чүйдүн Калдык айылынын тургуну. 38 жаштагы келин кичүү баласын багып, үйдө отурат. Калган үч баласы мектепке жана бала бакчага барат. Майрам өзү курактуу коңшулары менен айылдын Ден соолук борбору уюштурган жолугушууга барып келген:

- Айылдын Ден соолук комитети балдары бар келиндерди чогултту. Тамактан кийин чай ичпеш керек экен. Себеби, ал организмдеги темирди жууп кетет деп түшүндүрүштү. Адатта биз, кыргыздар, чайды аябай жакшы көрөбүз го...

Майрамдын күйөөсү мал кармайт, андыктан, эт-аш жагынан тартыштык жок. Короосуна жашылча айдап, балдарын жайы-кышы витаминдерге бай азыктар менен камсыз кылууга аракеттенет.

Байытылган ун эне-баланы балээден сактайт

Байытылган ун эне-баланы балээден сактайт

Адистер акыркы мезгилде акыл-эси кем, башында суу толуп кетип же салмагы аз, ара төрөлгөн балдардын саны барган сайын көбөйүп жатканын айтып, бул жалпы элдин келечеги үчүн кооптуу деп коӊгуроо кагышууда.

Бирок калкынын көпчүлүк бөлүгүнүн кирешеси аз, жумушсуздук курч Кыргызстанда бардык эле үй-бүлөнүн дасторконунда эт-сүт дайыма эле боло бербейт.

Догдурлардын айтуусунда, бул көйгөй биринчи кезекте кош бойлуу аялдардын абалын оорлотуп жатат. Расмий медициналык статистика боюнча, боюнда бар келиндердин дээрлик жарымы аз кандуулуктан жабыркайт. Организмде темирдин жетишсиздигинен пайда болгон анемия өз кезегинде төрөлө турган баланын ден соолугуна жана келечегине залакасын тийгизет.

Мына ушул себептен улам Саламаттыкты сактоо министрлиги бул күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында кош бойлуу аялдардын туура тамактануусу тууралуу атайын жолугушууларды уюштуруп жатат.

“Алгачкы 1000 күн” деген аталыш менен өткөрүлүп жаткан бул өнөктүктүн негизги максаты – элге баланын ден соолугу энеси кош бойлуу кездеги тамактануусуна түздөн түз көз каранды экенин айтып, түшүндүрүү. "Себеби дал ушул миң күн – түйүлдүк пайда болгондон тарта эки жашка чыкканга чейинки аралыкты камтыйт",- дейт Республикалык Ден соолукту чыңдоо борборунун адиси Жамила Мадалбекова:

- Киви, банан, мандарин, апельсин жегиле деп деле айтпайбыз. Өзүбүздө өскөн алма, картошка, капуста, ашкабак, пияз, сабиз, помидор бадыраңды жайы менен жесе болот. Ал эми кышында жок дегенде ашкабак менен сабизди жеп турса, А витамини бар. Бул эки өсүмдүк жакшы да сакталат. Ошону эле жей бериш керек!

Кош бойлуу келиндин ден соолугуна ал өзү гана эмес, үй-бүлө мүчөлөрү да жооптуу дейт Жамила Мадалбекова.

- Келиндер тамактын жакшысын, эттүүсүн улууларга, балдарга салып берип, өзү элден артканын жейт. Бул да бир негизги фактор. Дагы бир себеп – кыргыздар чайды көп ичкебиз. Аялдар башым ооруп жатат, уйкум келди деп жүрө берет. Бирок организминде темир жетишпегенде балдардын аң-сезиминин өсүшү начарлайт. Бул мектепке барганда билинет.

Туура тамактанууга төңкөрүш жасайлы

Туура тамактанууга төңкөрүш жасайлы

Бизде Кыргызстанда “чың ден соолук” боюнча билим, түшүнүк өтө төмөн болгондугу аябай чоң трагедия деп ойлойм. Ден соолукту чыңдоо деген бул ооруганда кантип дарыланууну билүү эмес!

Буга чейин анемиянын алдын алуу үчүн тамак-ашка байытылган унду колдонуу керек деген ураан айтылып келсе, эми догдурлар кош бойлуу келиндерди көпчүлүгүбүз жакшы көргөн чайды абайлап ичүү керек деп эскертүүдө. Себеби, чай ансыз деле этти анда-санда бир көргөн, күч-кубатынын бир бөлүгү ичиндеги түйүлдүккө кетип жаткан аялдын организминдеги болгон темирди жууп кетет дешет.

Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери, профессор Талант Өмүрбеков дени сак баланын төрөлүшүнө кош бойлуулукка чейин кам көрүлө башташы керек деп кеңеш берди:

- Хирург катары тубаса кемтик менен төрөлгөн балдар боюнча иш алып барам. Ал балдардын 90% энеси оорулуу болгонуна, жыныстык инфекцияга чалдыкканына байланыштуу майып болуп төрөлгөндөр. Аял кош бойлуу болор замат догдурларга каттоого туруу керек. Биринчи күндөрдөн тарта турса, алдын алуу жеңил болот.Тилекке каршы, Бишкекте 50-60% көбү төрт-алты айдан кийин келип жатат. Дагы бир маанилүү жагдай: камкордукту кыздардан баштоо керек. Себеби кыздын ден соолугу жакшы болсо кийин ал чоңоет, турмушка чыгат, эне болот.

Кыргызстандын алты миллион калкынын 900 миңге жакынын беш жашка чейинки балдар түзөт. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк уюмунун расмий статистикасына караганда, беш жашка чейинки кыргызстандык балдардын 20% жакыны туура тамактанбайт, тагыраак айтканда, керектүү азыктарды толук албайт жана мунун айынан түрдүү оорулардан жабыркайт, 40% медициналык китепчесинде анемия деген диагноз жазылган.

XS
SM
MD
LG