Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Элеттик аялдарды өнүктүрүүгө арналган долбоор ишин жыйынтыктайт


Кыргызстанда элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө арналган долбоор ишин жыйынтыктап жатат.

Улуттар Уюмунун төрт программасы жана кыргыз өкмөтүнүн биргелешкен долбооруна өлкөдөгү 73 пилоттук айылдан 3,5 миңден ашуун аял катышкан. Алар БУУ кызматкерлеринин жардамы менен ишкерликти, лидерлик сапаттарды өнүктүрүү боюнча сабатын жоюшкан. "БУУнун аялдары" деп аталган программанын коомчулук менен байланышуу кызматкери Мериза Эмилбекованын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, 2014-жылдан бери иштеп жаткан долбоорго катышкан аялдардын кирешеси 30% көбөйүп, арасынан саясий лидерлер өсүп чыккан:

- Элеттик үч жарым миң аялды окутуп, жардам бергенбиз. Алардын ичинен 23 аял айылдык кеңештин депутаты болду. Ишкерлик кылып, наабайкана ачып, кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүүгө жардам бердик. Бир аялга фотостудия ачууга жардам бердик.

Иш-чарага Социалдык өнүктүрүү министрлигинен, Айыл, суу чарба жана тамак-аш өндүрүшү министрлигинен, БУУнун тиешелүү программаларынан, эл аралык уюмдардан өкүлдөр жана бул долбоордун натыйжасында ийгиликке жетишкен элеттик аялдар катышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG