Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

"Ийгиликтүү кыз" секелектерге кол сунат


«Ийгиликтүү кыз» деп аталган долбоордун алкагында өспүрүм кыздардын укугуна арналган форум Каракол жана Талас шаарларында болот. Форумдун максаты тууралуу анын уюштуруучусу “Балдардын укугун коргоо” лигасынын координатору Наргиза Конушалиева “Азаттыкка” маек куруп берди.

“Азаттык”: Форум өспүрүм кыздарды өз укугун коргоону гана эмес, келечегин тандай билүүгө багыт берүүгө арналган окшойт?

Конушалиева: Туура айтасыз. Бүгүн Каракол шаарында кыздар арасында чоң форум өтүп жатат. Бул иш-чара ата-энелердин, коомчулуктун көңүлүн кыздардын көйгөйлөрүнө буруу максатын көздөйт.

Ошондой эле биз форумга чейин 11-12 жаштагы кыздардан тартып, 16-17 жашка чейинки 60 кызга көп багыттуу тренингдерди өткөнбүз. Аларды жеке өстүрүү программасы аркылуу кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга аракет кылганбыз.

Бойго жете элек эже-сиңди бир күндө турмушка чыкты

Бойго жете элек эже-сиңди бир күндө турмушка чыкты

Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылынын тургуну 16 жана 17 жаштагы эки кызын бир күндө күйөөгө берди. Бул факт боюнча жергиликтүү бийлик териштирүү иштерин баштады.

Биз кыздарды лидерликке, туура максат коюуга, ага кантип жетүү, кантип билим алуу, гендердик жана укуктук суроолор боюнча семинар өтүп, билим-багыт бергенбиз. Кыздарга чеберчилик сабактар да өтүлгөн.

Ар кайсы тармакта ийгиликке жетишкен айымдар, уздар кыздарга сабак өтүп, өздөрүнүн ийгилик сырлары менен бөлүшкөн. Бүгүнкү форумда ал кыздар башка өздөрүнүн теңтуштарына үйрөнгөндөрү тууралуу айтып беришет.

“Азаттык”: Кыздар жаш кезинен ар кандай зомбулукка дуушар болуп жатканы чындык. Эрте турмушка чыгууга айласыз болгондору бар. Кыздарга мындан тышкары репродуктивдүү ден соолук тууралуу да сабак берилсе жакшы болмок беле?

Конушалиева: Бүгүнкү күнү өспүрүм кезинен зордук-зомбулукка кабылган кыздар көп болуп жатат. Мисалы, Кыргызстанда айыл жергесинде 18 жашка чейинки 12-14% кыздар турмуш курушат. Шаар жергесинде 8-10%. Бирок кыздар билимдүү болсо, укугун билсе, өздөрүнүн репродуктивдүү ден соолугу тууралуу маалыматы болсо, эрте турмушка чыккандын кесепети кандай болорун билсе жана лидерликке үйрөнсө, алардын келечектеги жашоодон ордун табуусуна ошончолук оңой болот.

Мындай тренингдерден кыздар түрдүү өнөрлөргө да үйрөнүп чыга алышат, эгер алар колунан иш келип, колоктоп бош жүрбөсө, үйүндөгү ата-энеси деле аларды эрте турмушка узатууну каалабас эле.

“Азаттык”: Демек, “Ийгиликтүү кыз” долбоору кыздарды келечегине тарбиялоону максат кылат турбайбы?

Конушалиева: Албетте, ар бир эле кыздын алдына койгон максаты бар. Биз ошону туура коюп, аны ишке ашыруунун жолдорун үйрөтүүнү максат кылабыз. Алар ошол максатына жетүү үчүн илим, билим алып же лидерлик сапаттарын өркүндөтүп, ошол эле учурда билгендери менен башка теңтуштарына да айтып бере алышат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG