Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:19

Ош: кайнага кордогон келин


Наргиза Өмүрбекова балдары менен
Наргиза Өмүрбекова балдары менен

Каракулжалык келин 15 жылдан бери кайнагасынын колунда малай болуп жүргөнүн айтып чыкты. Бул арада анын төрт перзенти медициналык жардам албагандыктан оорукчан болуп калган. Кайнагасы болсо келини өз ыктыяры менен кызмат кылып келгенин айтууда.

Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борборуна Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүнөн келген Наргиза Өмүрбекова кайрылган. Келиндин айтымында, ал 15 жыл бою бир тууган кайнагасынын колунда малай катары иштеген. Бул аралыкта сыркоологон балдарын догдурга көргөзө албай, алар оорукчан болуп калганын айтып берди:

- Кулдай эле иштеген экенбиз. Балдарым ооруп жатканда догдурга көрсөтө албадым. Төрт баламдын бирөө гана айылдагы төрөт үйүндө жарыкка келген. Үч баламды жайлоодо боз үйдө таптым. Балдарым ооруп калса "кокуй, тигини кылыш керек эле, муну бүтүрө салыш керек эле" дешет. Анан иш бүткөндөн кийин "бара бербейт белең" деп абысыным шылдыңдайт. Эми балдарымдын келечеги кандай болот? Баары оорукчан...

"Мен аларды камаган эмесмин"

Келин келди - "күң" келди

Келин келди - "күң" келди

Наргиза бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы болгон. Бирок аны ата-энеси мектепти бүтөрү менен айылдагы Залкар Таабалдиев аттуу оорукчан жигитке берип коюшкан.

Ошентип жаш жубайлар Залкардын бир тууган агасы Союзбек Таабалдиевдин малын багышкан. Бирок Союзбек келининин "малай болгонбуз" деген сөздөрүн четке кагууда.

- Кул кылгыдай аларды мен камап койгон бекем? Ар ким өзү каалагандай жашайт да. Балдары ооруса мен күнөөлүү боломбу? Аларга үй сатып бергем. Документин ошол үй саткан адамдан өздөрү сурап алсын. Мен бир нерсе десем актанып жатат дешиңер мүмкүн. Айылдаштардан, кошуналардан сурагыла. Ошолор айтсын.

Союзбек Таабалдиев келини Наргизанын кызматын ага-инилердин үй-бүлөлүк чарбасы бир болгондугу менен түшүндүрдү. Бирок Наргиза туугандык кызматка жараша туугандык камкордук болбогонун айтууда.

- 15 жыл иштедик. Кышында урап калган дубалды ылай менен бүтөгөн күндөр болду. Жолдошум майып, ишке жарабайт. Ал ылай жасап бергенге араң жарайт. Кышында өзүм эркектин ишин кылып, короону бүтөйм. Улуу балам айылда калып, ал дагы кайнагамдын жумушун кылат. Балдарымдын китеп-дептери түгөнсө сатып бербейт экен. Өзүң алып бер деп мага айтат. Мен болсо күйөөмдүн майыптык пенсиясын өөнөп жатып араң жеткирем. Тууган дагы ошондой болобу?

Наргизанын балдары окуган Көк-Арт мектебинин мугалими Кеңешбек Мураталиев бул үй-бүлөнүн балдары камкордуксуз өсүп жатканын ырастады:

- Тун уулу 7-классты бүттү. Кызы 3-классты, үчүнчү уулу 2-классты аяктады. Балдардын сабакка жетишүүсү абдан начар. Калем, дептери жок. Бул үйдө аларга жетиштүү көңүл бурулбагандыктын кесепети. Ата-энесине айтайын десем кышы-жайы тоодон түшпөйт.

"Жаш туруп түйшүктөн эзилген"

Наргизанын "балдарым оорукчан" деген сөзүнүн чын-төгүнүн билмекке Оштогу облустар аралык балдар ооруканасынын дарыгери Чолпон Оморбековага кайрылдык.

​- Наргиза Алайкуунун Көк-Арт айылынан келди. Бир баласын текшерсек, оң калтасына жумурткасы түшпөй калган экен. Муну кичине кезинде эле операция менен ордуна келтирип койсо болмок. Булар бала 13кө чыкканда кайрылышты. Мындай куракта операция натыйжа бербей, бала кийин тукумсуз болуп калышы мүмкүн. Дагы бир баласын лор адистерге көрсөттүк. Ал угат экен, бирок сүйлөбөй калган. Аны дагы дарылап жатабыз. Булардан башка дагы бир кыз, бир уулу айылда калыптыр. Апасынын айтымында, алар да жакшы сүйлөй албайт.

Чолпон Оморбекова
Чолпон Оморбекова

Учурда Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борбору Наргизанын жана анын балдарынын укугун коргоого киришти. Уюмдун жетекчиси Дарика Асилбекова келиндин азыркы абалы тууралуу буларды айтты:

- Наргиза жаш туруп, түйшүктөн эзилип калыптыр. Майып күйөөсүн, оорукчан төрт баласын кайнагасынын колунда кулдай иштеп багат экен. Иштесин, баары өз үй-бүлөсү үчүн дейин десең, кайнагасына малай болуп эч нерсе ашыра албаптыр. Балдары оорулуу, мектепте деле жыргатып окубайт экен. Өзү болсо жашоо деген ушул тура деп кышы-жайы тоодо жүргөн. Документ иштери боюнча айыл өкмөтү жардам бербесе, балдары жөлөк пул албаса, кайнагасы кызматты кылдырып коюп, жардам бербесе бул эмне деген кордук? Биз азыр ага жардам берүү жолдорун издеп жатабыз.

Учурда Наргиза Оштогу шаардык ооруканада дарыланып жатат. Ал биз менен сүйлөшкөндөн кийин айылга барган экен. Бирок кайнагасы Союзбек Таабалдиев аны сабап, үйүнөн кууп чыкканы кабарланды. Наргизанын туугандары келиндин көзү көгөрүп, мурду сынган видеосун интернетке таратып, коомчулуктан жардам сурашты. Кайнагасынын үстүнөн милицияга арыз жазганын билдиришти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG