Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:52

Өз жанын кыйган келин, созулган сот


Ноокат районунда тогуз жыл мурда асынып алган келинге байланышкан сот иши али токтой элек.

Кайненесинин үйүнөн төркүнүнө качып келип малканада жоолугуна асынып алган Нигора Камилованын апасы Мавлюда тогуз жыл мурунку окуяны баяндап, ыйлап отурат. Окуя 2007-жылы 15-августта болгон. Ошондо башталган сот али да аягына чыга элек. Нигоранын атасы Сакыжан Камилов келиндердин өлүмүнө үй-бүлөдөгү зомбулук себеп болгонун айтат.

- Менин кызымдан кийин айылда дагы үч келин өз жандарын кыйышты. Баары жогорку билимдүү эле. Алардын бирин да жарытылуу териштирген жан болбоду. Сот органдары бирин жинди десе, бирин оору деди. Кыскасы, ишти жаап салышты.

Бул иш боюнча соңку сот Нигоранын кайненесин, пенсиядагы Хавохан Мырзамахмудованы эки жылга шарттуу кесип, Камиловдордун үй-бүлөсүнө 100 миң сом кун төлөп берүүгө милдеттендирген. Бирок, маркумдун кайненеси өзүн куру дооматтын курмандыгы болдум деп, Камиловдорду жамандап отурат.

- Көрпө-төшөктөрү чачылып, ушунтип тиленип жүрө береби. Ал каанага кирип тиленип жатат, бул каанага кирип тиленип жатат. Акча керек болсо Орусияга барып иштебейби, бир эле мени карап отура бербей. Мен пенсиядагы кемпир болсом.

Кайын журтунун запкысынан улам жанын кыйды делген Нигора Камилованын иши тогуз жыл аралыгында жергиликтүү соттордо кайра-кайра каралса, Жогорку Сотко чейин барып, кайра кайтып келген.

Укук коргоочулардын баамында, аягы кайгы менен бүткөн үй-бүлөлүк зомбулуктар жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова зомбулуктун көбөйүшүнө сот адилеттигинин жоктугу себеп болот деп эсептейт.

- Бизде үй-бүлөлүк зомбулук жыл сайын көбөйүп жатат. Элдеги кылмыштуу окуялар кылмыш катары саналбай нормалдуу көрүнүш катары кабылданышына жол ачылууда. Бул өтө коркунучтуу.

Тартип сакчылары болсо, бардык эле үй-бүлөнүн турмушуна кийлигише берүүгө мыйзам жол бербейт дешет. Ош облустук ИИБнин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев үй-бүлө зомбулугу тууралуу кайрылгандардын ичинен өз арызынан баш тарткан адаттар элди тартипке салууга тоскоолдук кылууда дейт.

- Мындай окуялар элдин менталитетине да жараша болот экен. Маселен, сөз болуп жаткан айылда мусулманчылык, тууганчылык, эл эмне дейт дегендей көрүнүштөр өтө таасирдүү. Ошонун таасири да тийип жатат. Милицияга арызданбайт. Арызданса да тосмо арыз жазып салышат. Мына ошонун айынан зомбулуктардын аягы кайгылуу бүткөнүн көрүп атабыз.

Негизи Ош облусунда жыл башынан бери өз жанын кыйган 50 учур катталган. Милициянын анализи суицидге баргандардын 70% аялдар экенин көрсөткөн.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG