Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

"Кылым шамы": армияда жылыш жок


Кыргызстандын аскеринде жоокерлер арасындагы зомбулук, уруп-сабоо, суицид, кодулоо сыяктуу көрүнүштөр кыскарбай келет. Аскердик бөлүктөрдөгү жатакана, тамак-аш, суу, дааратканалар да минималдуу жашоо шарттарына да туура келбейт.

Бул жөнүндө аскер кызматын өтөөдөгү оош-кыйыштарга байкоо салган "Кылым шамы" уюмунун тыянагында айтылат. Бул корутунду боюнча Бишкектин четиндеги Кой-Таш аскер бөлүгүндө да талкуу болду.

2015-жылы армиядагы адам укуктарынын сакталышы боюнча иликтөөнү “Кылым шамы” укук коргоо уюму, Акыйкатчы институту, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор биргелешип жүргүзгөн. Алар жоокерлердин укуктарын анкета аркылуу изилдешкен. Натыйжада бул тармакта эң негизги көйгөй мурдагыдай эле аскерлер арасында "дедовщина", зомбулук, уруп-сабоо экени аныкталды.

Кыйноолорду жана зомбулукту алдын алуу боюнча Улуттук борбордун өкүлү Айнура Каракашева буларга токтолду:​

- Аскерлердин арасында өзүнөн төмөн тургандардан акчасын, же башка буюмун коркутуп тартып алган факттар арбын. Муну көп мезгилде командирлер да колдойт экен. Мындан сырткары улутуна, кайсы аймактан келгенине жана социалдык абалына карап да кодулоого, кемсинтүүгө кабылгандар дагы деле катталууда. Ошондой эле кадимки “дедовщина” да бар экени ушул байкоо учурунда аныкталды.

Каракашева аскерде эреже бузган жоокерлерди мыйзамсыз жана акылга сыйбаган жолдор менен жазалоо кыскарбаганын белгиледи:​

- Сурамжылоого катышкан 500дөй аскердин 27си аскердик тартиптин бузулушу жөнүндө кабарлаган. Иликтөөгө катышкандардын 77сине кезексиз нөөмөт жазасы колдонулса, 11 аскерге белгилүү бир убакытка чейин катып туруу, 6 аскерге “табуретка”, төртөөнө “слоник”, үчөөнө “стодневка”, калгандарына “телевизор”, “велосипед” деген жазалар колдонулган. Бул жердеги жазалардын ичинен кезексиз нөөмөткө чыгаруудан башкасы мыйзамсыз жана кемсинтүү деп саналат.

Соңку иликтөө көрсөткөндөй, армияда милдетин өтөп жүрүп, күтүүсүз өлүмгө кабылган жоокерлердин саны акыркы төрт жылда 62ге жеткен. Алардын 70 пайызы өз жанын кыйган. “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова бул окуялардын иликтениши жакшы жолго коюлбаганын билдирди:​

- Былтыр Кыргызстанда аскер кызматын өтөп жаткан он жоокер каза тапты. Анын айтымында, 2014-жылы 13 аскер набыт болгон. Ал эми 2012-2013-жылдары 39 жоокер өмүрүнөн ажыраган. Дээрлик бардык фактылар боюнча иликтөө жүргүзүлүп, көбүнчө алар өз жанын өзү кыйган деген тыянак чыккан. Бирок бир да ата-эне мындай бүтүмгө макул болгон эмес. Анткени бул иштерди иликтөөгө аскердик прокуратура кайдыгер маселе жасап койгон. Маселен, Ошто Төө-Моюн аскердик бөлүгүндө каза болгон Кубанычбек Ногойбаевдин өлүмү боюнча иликтөө дароо жүргүзүлгөн эмес. Биздин адвокат ишти иликтей баштаганда гана кылмыш иши козголду. Анда дагы ишти кайра жаап салып, кайра козгоп ишти араң иликтешүүдө. Ногойбаев аскер бөлүгүнөн сыртка чыгып асынып алганы бул жерде ишенич туудурбайт, андан мурда эле анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Бирок ушул нерселерди тергөө эске албай жатат.

Мамлекеттик стандарт боюнча бир офицерге тамак-аш үчүн күнүнө 150 сом эсептелсе, ушу күндө аларга болгону 60 сом берилет. Укук коргоочулар да, күч кызматтарынын жетекчилери да бул жетишсиз экенин айтышат. Ошол эле учурда аскерлерге берилген тамак-аштын калориялуулугу да аз экени соңку мониторингде белгилүү болду.

Акыйкатчынын орун басары Эрлан Алимбаев аскер бөлүктөрүндө жашоо шарттары минималдуу стандартка туура келбей турганын ортого салды:

- Казармаларда гигиеналык-санитардык жайлар бар. Бирок биз текшерүүгө алган бардык аскердик бөлүктөрдө жуунучу жайлар керектүү талаптарга жооп бербейт, ысык суу жок, кээ бирлеринде болсо алтургай муздак суу да жок. Аскерлерге берилген тамак-аштары да нормага жетпейт. Офицерлерге болсо маяна, тамак-ашка акча жетиштүү берилбейт. Аскер бөлүктөрүндө инфраструктура да начар.

Ал эми Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Жаныбек Капаров аскердеги кемчиликтер акырындык менен жоюлуп жатканына токтолду:​

- Ооба, аскер тармагында көйгөйлөр бар. Биз баарын кыйратып салдык деп айтпайм, кээ бир жерлерде биздин кызматкерлер ката кетиришүүдө. Ооба, коррупция бар, зомбулуктар да орун алып жатат. Айрым көйгөйлөр системага айланып калган, аны сындыруу өтө кыйынга турууда. Бирок кемчиликтер жылдан жылга жоюлуп жатканын, аскер тармагы оңолуп жатканын да белгилеп коюшубуз керек. Каржы жетишсиздигин өкмөткө жеткирип жатабыз, эми чечилип калаар.

Армиядагы адам укуктарынын сакталышы талкуулаган Кой-Таштагы Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын аскердик даярдык борборундагы жыйынга укук коргоочулар, аскер кызматкерлери, президенттик аппарат, парламент, Коргоо кеңешинин, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү катышты.

"Кылым шамы" быйыл аскерлердин укугу боюнча экинчи мониторингинин жыйынтыгын жарыялады. Буга чейинкиге салыштырганда бул жолу аскерге кабыл алуу процесси жана зомбулук фактылары катталган бөлүктөргө өзгөчө көңүл бурулду. Корутундунун соңунда өкмөт менен Жогорку Кеңешке маселени чечүүнүн бир нече жолдору сунушталды. Бул иликтөөнү жүргүзүүгө ЕККУ каржылык жардам көрсөткөн.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG