Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Аскердеги кылмыштар жазасыз калууда


Аскерде болгон кылмыштар боюнча тиешелүү адамдар жазага тартылбаганына наарызылыктар айтылууда.
Аскерде болгон кылмыштар боюнча тиешелүү адамдар жазага тартылбаганына наарызылыктар айтылууда.

Ошто чек арачынын жоголушуна, бир катар аскерлердин сабалышына, бейбаш милицияларга байланышкан кылмыш иштердин тергөөсү создугуп келатат.

Жабырлануучулар муну аскер жана милициянын үстүндөгү көзөмөл органдардын коррупциялашканы деп баалашууда.

"Алып кеткен баламды үйгө алып келгиле"

Ош чек ара отрядына караштуу "Карамык" тозотунда кызмат өтөп жаткан жоокер Бексултан Бааридиновдон жети айдан бери дайын жок. Ош гарнизондук аскер прокуратурасы жоокер аңчылыкка жиберилгенин аныктап, ишти сотко өткөргөн. Бирок жоголгон жоокер боюнча бир да аскер кызматкеринин аракетине укуктук баа бериле элек.

Жоокердин апасы Майрам Бакирова улам учу узарган соттук териштирүүдөн көңүлү калып отурат.

Жоголуп кеткен Бексултан Бааридиновдун апасы Майрам Бакирова уулунун сүрөтүн карап отурат.
Жоголуп кеткен Бексултан Бааридиновдун апасы Майрам Бакирова уулунун сүрөтүн карап отурат.

- Күбөлөр жакшы суралган эмес. Тергөөчүлөр пара жеп алган окшойт. Анан иш сотко өткөн. Соттор дагы туугандашып, параланып калган окшойт. Ишти алгач карап аткан соттордон баш тарткам. Ошол бойдон созулуп келетат. Майнап жок. Мен болсо чырактай баламды үйдөн кандай алып чыгып кетсеңер ошондой кайра алып келип бергиле деп, айыптуулар жазаланышын талап кылып жатам.

Аскерде токмоктолгон жоокерлер

Ал эми мындан эки жыл мурда, 2014-жылдын июнь айында Оштогу №30-626 аскер бөлүгүнүн жоокери Асилбек Ажиевди таяктаган офицерлер али жазасын алыша элек. Таякталган бутуна ириң толуп, эки жолу операция болгон жоокер аз жерден майып болуп кала жаздаган. Бул кылмышка айыпталган Ырысбек уулу Эрлан жана Нургазы Чекиров аттуу аскер кызматкерлери жазаланган эмес.

Жоокердин атасы Нурлан Ажиевдин ырасташынча, ал окуя боюнча сот иши али да аяктай элек.

- Баламды Ырысбек уулу Эрлан жана Нургазы Чекиров аттуу офицерлер токмоктошкон. Азыр балам үйдө. Эки жылдан бери соту бүтпөй жатат. Сотко чакырышат, барсаң "эртең кел, бүрсүгүнү кел" дешет. Акыркы жолу сот үч ай мурда болгон, ошондон бери чакырыша элек. Баламды сабагандар жазаланган жок. Тескерисинче, кайра иштерин улантып жатышыптыр.

Өткөн айда Улуттук гвардиянын Оштогу 703-бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Төлөгөн Абдимиталип уулу ушул эле бөлүктө келишим менен иштеген Давран Юлдашевдин тепкисинен буту сынып, ооруканага түшкөн. Ош гарнизондук аскер прокурору Өмүрбек Эрматов бул окуя териштирилип жатканын айтат.

- Жоокерди Давран Юлдашев аттуу старшина тепкени боюнча факт катталды. Ал боюнча кызматтык иликтөө жүрдү. Азыр тергөө аягына чыга элек. Тергөөнүн соңунда старшинанын аракетине укуктук баа берилет.

Кыргыз армиясындагы жоокерлер
Кыргыз армиясындагы жоокерлер

Учурда жоокерди сабады делген Давран Юлдашев эки айга кызматтан четтетилген. Бирок анын аракетине укуктук баа али бериле элек. Жабырланган жоокердин апасы Лайликандын айтымында, уулун сабаган аскер кызматкери жазадан кутулуу үчүн азыр тосмо арыз сурап, чуркап жүрөт.

- Балам башында жашырып айтпай жаткан. Мени алдап, тамашалашып жатып, бутумду сындырып алды деген. Чындыгында окуянын кандай болгонун эми айтып жатат. Көрсө, Давран Юлдашев "мага эмнеге честь бербейсиң" деп, баламды тепкен экен. Балам бутунан операция болду. Анын чыгымдарын Юлдашев төлөп берди. Эми күндө келип, тосмо арыз сурап жатат. Мен балам басмайынча тосмо арыз жазбай турганымды айттым. Мен бирөөнү каматайын деген ниетим жок, бирок балам баспай калса, эртең буга ким жооп берет? Азыр мен күн сайын балама тамак ташып жатам. Үйдө болсо менин колумду караган дагы үч жетим бар.

Бейбаштыктан милиция да куру эмес

Бир ай мурун Министр Турганбаевге түз баш ийген ИИМдин атайын даярдыктагы полкунун кызматкери Искендер Сайидхожаев менен Оштогу генерал Сүйүн Өмүрзаковго баш ийген кайгуул күзөт кызматынын кызматкери Төлөн уулу Эдил 200 сом доолап, 21 жаштагы Өмүрбек Калмурзаев аттуу жарандын жаагын эки жагынан сындыра тепкени кабарланган.

Милиция кызматкерлеринен таяк жегенин айткан Өмүрбек
Токмок жеген жигит милиционерди айыптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

Бул кылмышка айыпталган милиция кызматкерлеринин ишин Ош шаардык прокуратурасынын тергөөчүсү Ильич Исамамбетов карап жатат.

- Арызда көрсөтүлгөн эки жарандын үстүнөн факты боюнча кылмыш иши козголгон. Азыр териштирип жатабыз. Азырынча тергөө бүтө элек.

Деген менен жаагы сынганча таякталган Өмүрбектин апасы Кымбат Калмурзаева прокуратуранын ишине ичи чыкпай отурат. Анын айтымында, тергөөчү аларга кылмышкердей мамиле кылып, күнү-түнү майнапсыз сурак жүргүзүп, ал эми айыптууларга тиешелүү жаза чегере албай жатыптыр.

- Баламды урган милиция кыматкерлери жазаланмак тургай иштен да четтетилген жок. Аларды күбөдөй кылып сурап, кайра коё беришет. Балам экөөбүздү ар күнү суракка чакырат. 7-март күнү да күндүзгү саат экиде суракка барып, түнкү онго чейин ачка көрсөтмө берип отурдук. Оштун прокурорлорунда Кыргызстандын мыйзамынан башка өздөрү ойлоп тапкан мыйзамдары бар экен. Каалаганын камап, каалаганын бошотот экен. Тоок уурдагандар камалып атат, булар менин баламды тоокчолук көрбөгөнү күйдүрдү. Мыйзам акчасы барга иштеп, акчасы жокту тепсеп кете берет экен. Менин ошого көзүм жетти.

Жогоруда саналган жабырлануучулардын айрымдары көзөмөл органдардын көңүлүн буруу үчүн убагында чакан пикет уюштурууга аргасыз болушкан. Натыйжасыз териштирүүлөргө соттор прокурорлорду, прокурорлор болсо сотторду айыпташат. Эл арасында бардык көзөмөл органдары коррупцияга чырмалып калды деген пикир күч бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG