Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

УКМКнын аскер бөлүгүндө жоокер сабалды


Токмок жеген жоокер ооруканага түштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

Токмок жеген жоокер ооруканага түштү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 64479 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер токмоктолуп, ооруканага түштү.

УКМКнын аскер бөлүгүндөгү жоокердин бети-башы көгала болуп, мээси чайкалганга чейин сабалышына анын командири шектелүүдө. Жоокердин атасы Абытбек Темиров буларга токтолду:

- Биринчи кабатка түштүм. Түшкөндө чапты, көзүм жалтырай эле түштү дейт. Ошол жерден канча урганын билбей калыптыр. Себеби эсин жоготуп ийген экен. Анан башка бөлмөгө алып кирип сабады дейт. Өтүк менен ургулап, дубалды сүздүрүптүр. Башын дубалга такап алып, катуу урган экен.

Баласынын көк-ала болгон абалындагы сүрөттөрүн колуна кармап, аеосуз сабалганын айтып берип жаткан Абытбек Темиров окуяны 21-январда эртең менен уккан. Баласы Мамарасул ага телефон чалып, аскер бөлүгүнө келүүсүн суранган. Абытбек 21-январдын түнүндө командири баласын эч себепсиз урганын айтат:

- Эмнеге сабаганын Аралбаевдин өзүнөн сурадым. Ал үйдө балам ооруп калып, ошого нерв болуп уруп салдым, кечирип коюңуз деди. Андан башка деле себебин айткан жок.

Токмоктолгон жоокер учурда аскер госпиталында дарыланууда. Эжеси Нурия Темирова аталган аскер бөлүгүн окуяны жашырууга аракет кылган деп айыптап жатат. Анын айтымында, инисине учурунда тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес.

- Азыр абалы оор. Тизесиндеги сөөккө, кабыргага өтүк менен тепкилеген экен. Азыр бир көзү жакшы көрбөй, кулагы жакшы укпай жатат. Дагы кандай диагноз коет билбейбиз. Иниме сабалгандан кийин бир күн медициналык жардам көрсөтүлбөптүр.

Жоокерди сабады деп шектелип жаткан командир Аралбаевден жана ал иштеген аскер бөлүгүнөн коюлган дооматты төгүндөгөн же бышыктаган маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

Улуттук коопсуздук комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов аталган аскер бөлүгүнүн командири, анын орун басары жана жоокерди сабады деп шектелип жаткан ротанын командири кызматтан алынганын билдирди. Ал эми Аскер прокуратурасы бул факт боюнча териштирүү иштерин баштады. Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Нурлан Тагаев:

- Учурда жоокердин сабалганы боюнча аскер прокуратурасында териштирүү башталды. Экспертизанын жыйынтыгына карап чечим кабыл алынат. Азыр жоокерди сабады деп Нурлан Аралбаев шектелип жатат.

Аскер бөлүгүндөгү окуянын акыйкат териштирилишине Жоокерлердин энелери республикалык уюму да көз салууда. Уюмдун жетекчиси Уулкан Байкубатова бул Кыргызстандагы аскер бөлүктөрүндөгү алгачкы окуя эмес дейт. Уюмдун ишеним телефондоруна ондогон жоокерлер ушул сыяктуу арыз менен кайрылышат экен.

- Жоокер жоокерди уруп койсо “дедовщина” деп билебиз. Бул жерде командири келип сабап жатат. Бул эмне деген шумдук? Жоокер тартип бузса, аскердик жобо менен жазаланышы керек. Бирөөнү сабап салууга эч кимдин укугу жок.

Сабалган жоокердин аскер кызматындагы мөөнөтү эки айдан кийин аяктамак. Кыргызстанда аскер бөлүгүндө жоокерлер сабалып, майып болуп калган, өз жанын кыйган учурлар байма-бай катталат.

Бирок байкоочулар көпчүлүк учурда бул өңдүү иштер аягына чыкпай, күнөөлүүлөр жазасыз кала берерин айтышат. Көйгөйдү жоюу үчүн серепчилер армияда түп-тамырынан реформа жасалышы керек экенин белгилешүүдө.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG