Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 28-январь, 2020 Бишкек убактысы 10:45

Келин - кайын-журттун күңү эмес


Иллюстрациялык сүрөт.

Эсимде, эжем мындан 25 жылдай мурда биринчи баласын төрөгөн. Кыркы чыга электе кайненеси шалыда (күрүч айдалган талаа) иштөөгө мажбурлаган. Күрүч суу баскан чылада өсөрү маалым.

Төрөттөн кийин өз апасынын үйүндө тыңыгыча жүрүп калды. Анан «...шалыга барайын, бирок сураныч - мени суу кечтире көрбөңүз, иштегендердин чайын кайнатып, тамагын бышырганга жардам берейин» деп кайненесин көндүрүш үчүн баласын көтөрүп жөнөп кетти...

Кыз жер иштеткен үй-бүлөгө жакшы ниет менен келин болуп барган. Тиричиликке жатыркабай эле баш-оту менен кирип кетти. Бирок кайын-журтуна жакпады. Түйшүгү барган сайын оорлошо берди.

Каардуу кайненесинин «Ажыраштырам!» деген сөзүнөн жалтактап, коркуп турчу.

Таң атпай төрт-беш чакырым алыс, адырлуу жердеги сарайга барганы эсимде. Анткени бир нече уйду саап, сүтүн алып сатарларга тапшырчу. Күн сайын 20 литрге жакын сүттү көтөрүп, айылдагы аялдамага акактап жетип келет. Ошентип жүрүп курсактагы баласынан ажырап калды. Кийин ажырашып кетти.

Түгөнбөгөн кесепет

Түркияда ушул күндө кыргыз жарандарынын саны 30 миңден ашканы маалым. Өзгөчө соңку беш жылда алар кескин көбөйдү. Эмгек мигранттарынын көбү кыз-келиндерден турат.

Ушундан улам мекендештер арасында «Анкарадагы Кызылай майданында бараткан кыргыз кээде Түркияда жүргөнүн унутуп коёт» деген азил кеп айтылып келет.

Эркектин же аялдын адал эмгек менен нан тапканы - албетте, жакшы. Бирок миграциянын жүгү оңой эмес. Кээде сыртынан шайыр, бактылуу көрүнгөн эже-карындаштардын карегинен кыттай уюган санааны көрөсүң. Алардын банктан алынган карызынан кутулуп, балдарын багып, окутууну эңсегенин угуп кээде зээниң кейийт.

Түркияга келген 25 менен 35 жаштын ортосундагы кыргыз айымдардын көпчүлүгү ажырашып кеткенин айтышат.

Албетте, ажырашууга түрткөн себептер арбын дечи. Бирок мен бүгүн ошол мүшкүлгө көбүрөөк негиз болгон келин менен кайын-журттун мамилесине кеңири токтолгум келет.

Биздин салттык түзүмүбүздү эске алганда, ажырашууга же солгун үй-бүлөнүн куралышына кээде келин менен кайнененин мамилеси деле роль ойнойт.

Кайненелер (баары эмес, албетте) жаңы келинге кыр көрсөтүп, каарыганды тубаса укугундай көрөт эмеспи.

Аскердик кызмат өтөөдө, өзүнөн мурдагы курактан токмок жегени үчүн жаш жоокерди урган «эр-азаматтар» сыяктуу, кайнене деле келинди көргөндө «менден эмнеси артык, баарыбыз эле келин болбодук беле» деген сезимге жеңилет окшойт.

Маселенин маңызы

Канткен күндө да маселенин жыйынтыгы менен эмес, себептери менен күрөшүүгө үйрөнүү зарыл. Тактап айтканда, уурулук болгон жерде «Колу туткакты кантип жазалаш керек?» деп суроодон мурда «Эмне үчүн буга барды?» деген суроо көбүрөөк кызыктырыш керек.

Анын себептери менен күрөшүү аркылуу «кылмышкердин» кадимки кишилигин сактап калуу - аны жазалоого караганда алда канча пайдалуу иш.

Андыктан эмне үчүн ажырашуу көбөйдү? Эмне үчүн биздин бир жакшынакай кыз-келиндер башка өлкөгө барып, чоочун адамдын баласын багууга мажбур болууда?

Албетте, башында айткандай, миграциянын агымын токтотуш үчүн жашоо-шарт жакшырып, экономикалык абал оңолуп, билим деңгээли жогорулашы керек. Кыргыз коомунун жыргалчылыгы баарыбыздын максатыбыз болууга тийиш. Мен бул жерде айтылган маселенин диний, психологиялык жагына бир аз токтолуп өтөйүн.

1. Адатта турмуш куруп жаткан жубайлардан бир ооз «Баланчанын аялы, бустанчанын күйөөсү болууга макулсуңбу?» деп суроо парз эмеспи. Бирок ошол эле нике кыйылып жаткан учурда «Баланчанын ата-энесин, ага-ини жана эже-карындаштарын сыйлоого макулсуңбу?» деген шарттарды укпайбыз.

2. Келин менен кайнененин чатагына кээде жар күткөн уулдун апасынын таасиринен чыга албагандыгы да себеп болот. Бул абалды психологияда «тийиштүүлүк» (commitment) жана «көз карандылык» (dependency) деген терминдер менен дагы тагыраак түшүндүрсөк болот.

Бир тараптын экинчи тарапка болгон сый-урматы, аларга болгон ишеними, аң-сезимдүү түрдө өзүн ошол тарапка багыштаганын - тийиштүүлүк абалы деп атоого болот.

Бирок бул учурда кишинин инсандык сапаты (personal identity) жоголбойт. Тактап айтканда, өзүн тийиштүү деп эсептеген тарап андан жеке принциптерине каршы бир нерсе талап кылса, аны четке кага билет.

Ал эми бир тарап экинчи тарапка көз каранды болгон учурда инсандык принциптери жоголот. Бул учурда тараптардын алакасы, сый-урматка, аң-сезимге негизделбейт. Толук жетилбеген киши басмырлоого дуушар болгон учурда коркуп, «Мен» деген сезимин жоготуп алат.

Бизде баланын ата-эне менен болгон мамилесинде бул эки терминдин чеги толук сакталбайт. Адатта жигит аялы менен апасынын ортосунда калыс боло албай, аялы толугу менен ак болгон учурда деле апасынын айтканынан чыга албай калган учурлар кездешет.

Муну балким ата-энеге болгон сый-урмат же алардын сөзүнөн чыкпаган сапат; т.а. бул кадамын тиешелүүлүк катары баалашы мүмкүн. Чындыгында бул абалдагы киши үй-бүлөсүнө (мисалы, апасына) тиешелүү эмес, көз каранды болуп саналат.

Үй-бүлө курууда биологиялык жактан жетилүү гана жетиштүү эмес экени тууралуу мурдараак бир макала жазгам. Аң-сезимдик өнүгүү да үй-бүлө куруш үчүн маанилүү экенин эске сала кетейин.

Жыйынтык

Анкарадагы кыргыз кыз-келиндери жаман жолго түшүп кеткени тууралуу кабарлар соңку кезде бай-бай чыгууда. Баарыбыз эле алардын адебине асылып, айыптаганга устабыз.

Мен деле аларды сындасам болмок, бирок маселенин жыйынтыгы менен эмес, себептери менен күрөшүүнү туура көргөн адам катары, ар дайым окуянын себептерин аңдыганды жактырам.

Так ушул жерде да бизди «Түнкү клубга дайыма барып, ичимдик ичип, андан ары жолун улап кеткендер тозокто кантип күйөт?» деген суроодон мурда «Эмне үчүн ушул жолго барды, адамды бузган себептер менен кантип күрөшүш керек?» дегенге жооп издөө көбүрөөк кызыктырышы керек.

«Кыз-келиндерибиздин ушундай абалга жетишине биздин канчалык салымыбыз бар?» деген суроону да бере билүү зарыл. Биз жакшы жубай, жакшы кайнене, жакшы келин же жакшы тууган боло алсак, т.а. жакшы коом кура алсак, учурдагы кейиштүү абал жаралбайт беле?!

Демек, кайын-журт келинин күң катары көрүүдөн баш тартууга тийиш! Айрым кайненелердин кылыгын карап туруп «Уулуңду жубайы менен эркин коё бергенге руханий жактан жетиле элек болсоң, аны эмне үчүн, кайсыл этикалык принципке негиздеп бул дүйнөгө алып келдиң?» дегиң келет экен.

Материалдык, өзгөчө аң-сезимдик жактан талапка жооп бере тургандай жетилбеген тараптардын турмуш курбашын туура көргөн имам Газалинин көз карашын учурунда сөз кылган элек.

Мындан сырткары, бирөөнүн акысын тепсөө исламда кечирилбеген күнөө экенин айтканбыз. Бирөөнүн акысын жеп, ага каршы туура эмес, мамиле кылуу кечирилбеген күнөө болгондой эле, адам өзүнүн жакындарына да так ошол адептик нормаларды сакташы абзел. Жөнөкөй тил менен айтканда, өзүнүн уул-кызына, келин-күйөө баласына көрсөткөн кордугу үчүн ар бир адам акыретте жооп берет.

Бактылуу, ынтымакта жашаган үй-бүлөлөрдүн көбөйүшүн тилөө менен...

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (14)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG