Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

Зомбулукка кабылган аялдар үчүн түнөк ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюму менен Европа Биримдиги Кыргызстанга үй-бүлө зомбулугуна кабылган аялдарга коопсуз жайларды уюштуруу үчүн 200 000 доллар бөлдү.

Карантин башталгандан бери өлкөдөгү кризистик борборлор кабыл алууну токтотуп, жардам берүүнү онлайн режимине өткөрүшкөн. Учурда ар бир аймактагы борборлордун ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат.

Кризистик борборлор ассоциациясынын жетекчиси Толкун Тилекова ушу тапта зордук-зомбулук күчөп, ага дуушар болгон кыз-келиндерди тез арада коопсуз жайга жайгаштыруу талабы пайда болгонун айтты:

Толкун Тилекова.
Толкун Тилекова.

«Онлайн жардам берүү учурунда кимге кандай жардам керектиги дароо билинет. Психологиялык болсо телефон аркылуу сүйлөшүп, кеңеш берилет. Бирок «Аялды жашаган үйүнөн тез арада чыгарып кеткенде аны кайда алып барабыз?» деген суроо жаралат. Мисалы, Бишкек шаарында жашаган эки баланын энеси күйөөсүнүн ур-токмогунан кийин ооруканага жатып калыптыр. Биз аны ушундай абалда кайра кантип үйүнө алып барабыз? Ошондон улам коопсуз жайга муктаждык жаралат. Андай жайларда абалга байланыштуу психологдун гана эмес, социалдык кызматкерлердин ишине да талап пайда болууда. Бизге кайрылган аялдардын көбүнүн колунда документи, балдарынын күбөлүктөрү жок экен. Алар карантин учурунда азык-түлүк алуу үчүн документтерин дүкөндөргө коюп коюшуптур. Социалдык кызматкерлер анын баарын топтоп, кайрылган аялдардын тек-жайын тактап чыгышы керек болот».

Бишкекте коронавируска байланыштуу карантин жарыялангандан бери үй-бүлөлүк зомбулук былтыркыга салыштырмалуу 62% көбөйгөн. Расмий маалыматка караганда өлкө боюнча зомбулукка байланыштуу 65 пайызга көп кайрылуу түшкөн.

Ал ортодо Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Европа Биримдиги үй-бүлө зомбулугуна кабылган аялдарга коопсуз жайларды уюштуруу үчүн Кыргызстанга 200 миң доллар бөлдү. Ал акча азыркыдай обочолонууга мажбур болгон, экономикалык жана социалдык кысымдар күчөгөн шарттарда зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндерге кыска мөөнөттүү кризистик борборлорду уюштурууга багытталган.

БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун Кыргызстандагы башчысы Азамат Баялинов буларды билдирди:

Азамат Бялинов.
Азамат Бялинов.

«Өкмөттүн, эл аралык өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун, журналисттердин жана ар бирибиздин биргелешкен аракетибиз менен COVID-19 пандемиясы учурунда аялдарга карата зомбулуктун күчөшүнө байланышкан көйгөйдү тез арада чечүү өтө маанилүү. Азыркы жагдайда Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук жана гендердик зомбулук көбөйүп жатканын белгилейбиз. Ошондуктан «Спотлайт» демилгесин ушул көйгөйдү чечүүгө ыңгайлаштырабыз».

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги учурда мамлекеттик 14 кризистик борбордо зомбулукка кабылган 22 аял, 25 бала баш калкалап турганын билдирди.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова долбоор ишке киргенден бери онго жакын аял коопсуз жайга жайгаштырылганын айтты:

Ализа Солтонбекова.
Ализа Солтонбекова.

«Коопсуз жай бул эмне экенин биз так айта албайбыз. Анткени ошол үчүн бул коопсуз жай. Аларды издегендер болушу мүмкүн. Бир күн мурда жети аял балдары менен жайгаштырылган эле. Аларды жайгаштыруу механизми төмөндөгүдөй: 111 же 112 номуруна чалуу келип түшөт. Ал жердеги адистер оор учурларды дароо жазып, даректерин бизге жиберишет. Биздин топ барып, машине менен алып кетет. Андан кийин алардан сөзсүз тест алынып, алдын ала тазаланган жерге жайгаштырабыз. Алар менен психолог, юрист жана социалдык кызматкер иш алып барат».

Аталган министрликтин маалыматына караганда коопсуз жайлар өлкөнүн ар бир аймагында уюштурулган.

Дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде киргизилген карантинге байланыштуу үй-бүлөдө зордук-зомбулук күч алды. Адистердин айтымында, адамдар көнүп калган шартынан оолак, үйүндө чыкпай отурууга аргасыз болгон шартта эмоцияларын жакындары менен балдарынан чыгара баштаган.

Расмий эсепке ылайык, 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факты катталып, 5 миңден ашуун коргоо ордери берилген. 580 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG