Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:32

Европа жанданып, Орусияда оору көбөйдү


Париж, 10-май, 2020-жыл.
Париж, 10-май, 2020-жыл.

Орусия кооронавируска кабылгандардын саны боюнча үчүнчү орунга чыкты. Европанын айрым жерлеринде пандемияга байланышкан кээ бир чектөөлөр акырындап алына баштады. Дүйшөмбүгө карата дүйнөдө ооругандар 4 миллиондон ашты, 280 миңден ашун бейтап оорунун айынан дүйнө менен кош айтышты.

Орусияда COVID-19га каршы ыкчам штаб 11-майда кабарлагандай, соңку бир күн ичинде коронавирус дагы 11 656 адамдан табылды. Бул пандемия жарыялангандан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды.

Өпкөнү сезгенткен вирус жуккандардын жалпы саны 221 миң адамдан ашты. Ошентип Орусия Британия менен Италияны басып өтүп, үчүнчү орунга чыкты.

Дүйшөмбү күнү Францияда миллиондогон адамдар дээрлик 2 айдан кийин уруксат кагазы жок эле сыртка чыга баштады. Мектептерде башталгыч класстардагы балдар окууга кайтууда, кээ бир дүкөндөр, чачтарачтар, башка жайлар кайра ачылууда. Бирок ресторандар, театрлар, кинотеатрлар дагы бир топко чейин жабылып кала берет.

Испанияда эпидемиянын очогу болгон Мадрид жана Барселона шаарынын тургундары эми ачык асман астындагы барлар менен кафелерге бара алышат.

10-майда Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон чектөөлөрдү алууга эрте экенин, үйлөрүнөн иштей албагандар кеңселерине бара берсе болорун айтты. Ошол эле учурда коомдук транспортко түшпөөгө жана коопсуз аралыкты сактоого чакырды:

Борис Жонсон.
Борис Жонсон.

«Өлгөндөрдүн саны абдан кайгылуу, кыйынчылыктар эбегейсиз болгону менен, биз бул эрежелерди киргизип, өлкөнү мындан да чоң апааттан сактап, жарым миллион кишинин өмүрү кыйылат деген сценарийдин алдын алууга жетиштик. Сиздердин аракеттериңердин арты менен көз жумган бейтаптар, ооруканаларга түшкөндөр азайууда».

Британияда дүйшөмбү күнкү статистикага ылайык, коронавирустан 32 миңдей киши көз жумду. Бул – Европадагы эң жогорку, дүйнөлүк алкакта АКШдан кийинки экинчи көрсөткүч.

Эки айдан бери дүйнөдө жүз миллиондогон киши жумушка чыкпай, өндүрүш, тейлөө, башка тармактар дээрлик токтоп турду. Дүйнөнүн чар тарабындагы өлкөлөр экономикалык абалды оңдоого аракет кылып келатышат.

Инфекциялангандардын саны боюнча пандемиядан эң көп жабыркаган Кошмо Штаттарда 33 миллиондой киши жумушсуз калды. Ошол эле учурда финансы министри Стивен Мнучин жана Ак Үйдүн экономика боюнча кеңешчиси Лэрри Кудлоу жылдын экинчи жарымында экономика калыбына келе баштайт деген божомолун менен 10-майда жарыялады.

Штаттардын көбү чектөөлөрдү алууга, сыртка чыгууга уруксат берүүгө аракеттенип жатышат, бирок эксперттер эки жакка каттаган адамдардын көбөйүшү опурталдуу экенин эскертишүүдө.

Жон Хопкинс атындагы университетке караштуу институттун жетекчиси Кристофер Мөррей августтун башына чейин COVID-19дан өлгөндөрдүн саны өлкөдө 137 миң адамга жетиши ыктымал экенин билдирди.

Соңку маалыматтарда АКШда вирусту жугузуп алгандардын саны 1,3 миллион адам, көз жумгандар 80 миңдин айланасында экени айтылды.

Дүйшөмбүгө карата дүйнөдө коронавирус жуккандар 4 миллиондон ашты, 280 миңден ашун бейтап оорунун айынан дүйнө менен кош айтышты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG