Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:12

Блант: Орусияда мигранттарга муктаждык азаят


Максим Блант.
Максим Блант.

Орусиядагы экономикалык каатчылыктын чет өлкөлүк мигранттарга тийген кесепеттери тууралуу маек.

Орусиянын экономикасы учурда кош соккудан жабыркап жатат. Коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен тышкары дүйнөдө өндүрүш токтоп, мунайды керектөө азайып кеткендиктен, Орусиянын кирешеси зыянга учурап жаткан чагы.

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен Еврокомиссия быйыл өлкөнүн ички дүң өнүмү 4,5-5% азаярын, ал эми Орусиянын банкы бул көрсөткүч 6% чейин түшөрүн божомолдоп жатышат.

Жогорку экономика мектебинин изилдөөлөрүнө ылайык, орусиялыктардын кирешеси 8-12% чейин азайышы мүмкүн.

Ал эми вице-премьер Татьяна Голикованын маалыматы боюнча апрелде 1,4 миллион киши жумушсуз калганы катталса, Эл аралык эмгек уюму Орусияда ишсиз калгандардын саны 8 миллион адамга жеткенин билдирүүдө.

Экономист-серепчи Максим Блант мындай каатчылыктын Орусиядагы миллиондогон чет өлкөлүк мигранттарга тийчү кесепеттери тууралуу «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

- Учурда Орусиядагы экономикалык абал кандай? Чет өлкөлүк мигранттарды алдыда кандай кырдаал күтөт?

- Эмгек мигранттары эң аянычтуу абалда калды. Чынында азыр жеке ишкердик тармагы каржалып турат. Бийлик жалаң бюджеттегилер менен өкмөттүк жана ири мекемелерди гана колдоого алды.

Чакан жана орто ишкердиктин абалы азыр көз арта тургандай эмес, жардамга муктаж. Буга кошумча, өкмөттүк колдоо кайтарымсыз насыя же грант түрүндө эмес, салык төлөөгө каникул, убактылуу карыз сыяктуу чектелип турат. Эмгек мигранттары адатта эмгек алакасын жумуш берүүчүлөр менен тийиштүү тартипте каттабайт. Андыктан жумуш берүүчүлөр аларды оңой эле иштен кыскартып, жумуштан кетирип жатышат. Жумушчулардын айлыгын кыркып же өзүн иштен кыскартууга тыюу салган Путиндин буйруктары эмгек мигранттарына эч кепилдик бере албайт.

Москвада 12-майдан тартып курулуш иштерин жандандырууга уруксат берилди. Бул аргасыздан кабыл алынган чечим. Анын ичинде курулушта иштеген адамдар жумушсуз, кирешесиз калып, кылмыштуулукка барат деген да кооптонуу бар. Курулуштар жанданды, анткен менен мурункудай деңгээлде иш жүрө баштайт дегенге болбойт. Калктын кирешеси кескин азайып кеткендиктен, турак жай менен коммерциялык имараттарга талап да азайды. Оор акыбал түзүлүп турат. Калктын сатып алуу, тейлөө кызматтарын колдонуу мүмкүнчүлүгү чектелди. Мисалы, сулуулук тармагы такыр түшүп кетти, кеминде мындай жайлардын жарымы кайрадан ишке кире албай калат.

Орусиядагы оор экономикалык кырдаалда бир гана нерсе кубат берип турат. Мунайга азыркыдай баада, эбак бир доллар 100 рублга көтөрүлүп, рублдын куну түшүп кетиши күтүлгөн. Андай болгон жок. Биринчиден, Борбордук банк менен өкмөт бюджеттик эреженин негизинде мунайдан түшкөн киреше азайып кеткенде долларды сата башташты. Муну менен рублдин курсун кармап калышты. Кийин мунун да кереги жок болуп чыкты. Импорт жокко чыгып, туризм токтоп калганда долларды керектөө азайды. Ал эми доллар менен насыя алгандар аны төлөй албай калышты же аны жаап коюшту.

Марттын аягы менен апрелдин башында карантинге каршы чара көрүлүп жатканда дүйнөдө экономика V түрүндө түшүп, бирок кайрадан эле коронавирус пандемиясынан кийин ордуна келет деген божомол болгон. Эми андай болбой тургандыгы, дегеле Орусия мурунку экономикалык абалына бир нече жылда араң кайтары ачык көрүнүп калды. Бир топко азыркы абалда да туруп калышыбыз ыктымал. Рынокто суроо-талаптын кыйрашы, калктын кирешесинин азайышы, өндүрүш, тейлөө, соода жана калкка кызмат көрсөтүү тармактарынын кыйрашы күтүп турат. Ушундан улам кошумча жумушчу күчкө, эмгек мигранттарына муктаждык азаят. Бүт дүйнөдө ушундай абал. Бирок АКШ жана Европа өлкөлөрү бизнес менен калкты күчтүү колдоого алып, соода-сатыктагы суроо-талапты сактап кала алышты.

- Жумушсуздуктун деңгээли кандай болот?

- АКШ менен Европага салыштырмалуу Орусияда чакан жана орто ишкердиктин, жеке сектордун мааниси төмөн. Орусияда өкмөттүк капитализм орногон. Андыктан бийлик бюджетти сактап калууга, бюджеттик каржылоого басым жасап жатат. Чакан жана орто ишкердик өлкө экономикасынын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Бул тармак аябай жабыркады. Соккуга кабылган дагы бир тармак - бул көмүскө иштегендер. Акыркы жылдары алар «өз алдынча алектенүү» макамын колдонуп, мамлекеттик органдарда каттоого туруп, салык төлөй башташкан. Бул салыктан, өкмөттүк текшерүүдөн жашырынбай, ачык иштөө аракет болчу. Ошол эле учурда жумушсуздуктун деңгээли - башкы коркунуч эмес. Орусияда АКШдай 20 миллион киши жумушсуз калбайт, ишсиз калгандар кыйла аз болот. Бирок Орусиядагы азыркы эмгек акы төлөө системасына ылайык, азыр иштеп жаткан мекемелер да жумушчуларга кеткен чыгымдарды кескин кемите баштайт. Орусияда эмгек келишимине азыраак айлыкты көрсөтүп, калганын сыйлык жана кошумча акы катары чегерүү тажрыйбасы бар. Муну менен жумуш берүүчүлөр салыктарды азыраак төлөөгө аракет кылышчу. Мунун баары эми токтойт. Мындай система салыктардын эсебинен иштеген мамлекеттик мекемелерде да бар болчу. Жалпысынан жумушсуздук деңгээли 10% жетпейт.

- Орусияда бир топ жылдан бери иштеген мигранттар 2008-2014-жылдардагы экономикалык кризисти мисал келтирип, учурдагы жумуш орундарын, кирешесин сактап калууга үмүттөнүп турушат. Бул каатчылыктын айырмасы эмнеде?

- Бул экономикалык каатчылык тереңдиги менен айырмаланат. Орусия дүйнө экономикасынан да көз каранды. Бардык божомолор боюнча, дүйнөдө кирешенин азайышын, өндүрүштүн токтошун эске алганда, бул каатчылыкты Америкадагы улуу депрессия жылдарындагы, Орусиядагы 90-жылдардагы абалга салыштырып, тең кароого болот.

Мисалы, Орусиянын Борбордук банкы бул жылы ички дүң өндүрүм 4-5% кемийт деп божомолдоп жатат. Бул коркунучтуу эмес. Мындай каатчылыктын саясий жана социалдык кесепеттеринин кооптуулугун ойлош керек. Бул өлкөдөгү туруктуулук маселесине барып такалат. Советтер Союзу таркап кеткен 90-жылдарды эске алсак, анда деле экономикалык кыйынчылыктар болгон. Бирок ал акыбалдан өлкө мамлекет катары чыга албай калган. Мындай акыбалда улутчулдардан анархисттерге чейин популисттик, экстремисттик агымдар күч алып, толкундоо башталат. Бул жалаң эле Орусияга тиешелүү эмес. Бирок дүйнөдө ошондой толкундоо башталса, биз четте калып калбайбыз. Жабык чек аралар да, эч кандай «темир көшөгө» да андан сактай албайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG