Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

Азык-түлүк коопсуздугу деген эмне?


Бишкектин Ош базарындагы жашылча-жемиш саткан катар. Иллюстрациялык сүрөт. Апрель, 2020-жыл.
Бишкектин Ош базарындагы жашылча-жемиш саткан катар. Иллюстрациялык сүрөт. Апрель, 2020-жыл.

Азык-түлүк коопсуздугу дегенибиз - тирүү адамга керектүү негизги тамак-аштын түрлөрүнүн өлкө калкына бардык учурда жеткиликтүүлүгү, сатып алууга каражаттын жетиши.

Жеткиликтүүлүк дегенибиз - тамак-аштын бардык негизги керектүү түрлөрү өлкөнүн бардык жеринде болушу.

Экономикалык жактан жеткиликтүү дегенибиз - өлкө калкында тамак-аштын негизги түрлөрүн жетиштүү көлөмдө сатып алууга каражаты болушу.

Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээлин баалоо максатында эң керектүү тамак-аштын тогуз түрү аныкталган: нан жана дан азыктары, картөшкө, жер-жемиш, жашылча жана бакчалар, кант, өсүмдүк майы, сүт жана сүт азыктары, эт жана эт азыктары, жумуртка.

Мамлекетте азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун чен-өлчөмдөрү

Эгер өлкөдө тамак-аштын негизги түрлөрү жетиштүү болуп, аны алууга экономикалык мүмкүнчүлүк болсо, азык-түлүк коопсуздугу сакталууда деп эсептесе болот.

Коопсуз тамак-аштын жеткиликтүүлүгү өлкөдө негизги азык-түлүктүн 85% ата мекендик өндүрүшчүлөр өндүрүп, ар кандай кысталыш кырдаалдар үчүн керектөөнүн жылдык көлөмүнүн 17% өлчөмүндө камсыздандыруучу запас турган шартта гана камсыз болот.

Анын үстүнө коопсуз тамак-аштын экономикалык жеткиликтүүлүгү негизги азык-түлүктү өлкө калкы киши башына орточо физиологиялык норма боюнча пайдаланса камсыздалат:

  • буудай (тартылгандан кийинки салмагы) – жылына 115,3 кг;
  • эт жана эт азыктары – жылына 61,3 кг;
  • сүт жана сүт азыктары – жылына 200 кг;
  • жумуртка – жылына 182,5 даана;
  • жашылча-жемиш – жылына 114,3 кг;
  • бакчалар, жер-жемиш – жылына 123,7 кг;
  • картөшкө – жылына 98,6 кг;
  • кант – жылына 25,6 кг;
  • өсүмдүк майы – жылына 9,1 кг.

Же тамак-аштын бир суткалык керектөөсү киши башына жылына 2100 килокалориядан кем болбошу керек.

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээли

Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугун канчалык деңгээлде камсыз кылганын БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба мекемесинин (FAO) баасынан билсе болот. Анда 2018-жылы Кыргызстан кирешелердин деңгээли аз жана азык-түлүк жетишсиздигин башынан кечирип жаткан өлкөлөрдүн катарына кирген.

Мындан тышкары КРнын Улуттук статистика комитети ырастагандай, 2018-жылы республика азык-түлүктүн негизги тогуз түрүнүн ичинен үч керектүү азык-түлүктү гана өлкө толук камсыздай ала турган көлөмдө чыгара алат, алар: картөшкө, жашылча-жемиш жана бакча өсүмдүктөрү, сүт жана сүт азыктары. Калган азык-түлүк Кыргызстанда жетишсиз, анткени башка өнүмдөрдү республика өз алдынча аз өндүрөт: өсүмдүк майы физиологиялык нормада керектөөнүн 20%, кантты – 77%, жумуртканы – 47%, эт жана эт азыктарын – 64%, мөмө, жер-жемиштерди – 32% үлүшүндө чыгарылат (1-жадыб. кара). Ошондуктан Кыргызстан агрардык өлкө дегенибиз менен жыл сайын азык-түлүктүн негизги түрлөрүн сырттан ашып келүү көбөйүп баратат.

1-жадыбал. Кыргызстанда азык-түлүктүн негизги түрлөрүн өндүрүүнүн көрсөткүчтөрү. Булагы: КР Улуттук статкомитети.​

Айыл чарба өнүмдөрүнүн аталышыФизиологиялык керектөөнүн орточо өлчөмү, кг/жылына2018-жылы киши башына өндүрүү, кг/жылынаКамсыздоо деңгээли (кишиге)2018-жылы киши башына керектөө г., кг/жылына

Экономикалык камсыз болуунун деңгээли

Буудай (тартылгандан кийинки салмагы)115,39582%121,6105%
Эт жана эт азыктары61,339,364%22,437%
Сүт жана сүт азыктары200254,1127%88,744%
Жумуртка182,585,247%7943%
Жашылча-жемиштер114,3214,8188%80,470%
Жер-жемиш123,740,232%31,826%
Картөшкө98,6231,2234%4142%
Кант25,619,677%12,950%
Өсүмдүк майы9,11,921%11,2123%

​2-жадыбалдан көрүнүп тургандай, 2019-жылы эт жана эт азыктарын өлкөгө сырттан ташып келүү 39,2 миң тоннага, жер-жемиштерди алып келүү 109,3 миң тоннага, өсүмдүк майы 47,8 миң тоннага көбөйгөн. Ошол эле кезде азык-түлүктүн башка түрлөрүн ташып келүү азайган (буудай, кант).

2-жадыбал. Кыргызстанга сырттан ташылып келген азык-түлүктүн көлөмү. Булагы: Eurasian Economic Commission Statistics.

Айыл чарба өнүмдөрүнүн аталышы201720182019
Буудай (тартылгандан кийинки салмагы), миң тонна267,6147156,6
Эт жана эт азыктары, миң тонна23,128,439,2
Жумуртка, миң тонна2,070,772,2
Мөмө, жер-жемиштер, миң тонна84,2104,8109,3
Кант, миң тонна39,0444,326,26
Өсүмдүк майы, миң тонна45,444,847,8

​Мындан тышкары Кыргызстанда деле буудай өстүрүлөт, а бирок анын сапатынын начардыгынан көпчүлүк эл жергиликтүү буудайды аз колдонот. Кыргызстанда өстүрүлгөн буудайдын сырттан келген буудайга караганда клейковинасы кыйла төмөн. Жергиликтүү дыйкандар өстүргөн буудай көбүнесе малга жем катары колдонулат. Нан азыктарын чыгарыш үчүн республиканын ишканалары көбүнчө Казакстандан ташылып келген буудайды пайдаланышат.

Азык-түлүктүн негизги түрлөрүнүн жетиштүүлүгү жайында кеп кылсак, 1-жадыбалда көрүнүп тургандай, өлкөдө эки көрсөткүч боюнча – нан жана дан азыктары жана өсүмдүк майы жагынан киши башына физиологиялык керектөө нормасынан көп экенин байкайбыз. Азык-түлүктүн башка түрлөрү боюнча ырааттуу көрсөткүч жок, башкача айтканда, норматив боюнча көрсөтүлгөн өлчөмдөн аз.

Мисалга алсак, азык-түлүк өнүмдөрүнүн экономикалык жетиштүүлүгү керектөөнүн орточо физиологиялык нормасына жетпейт: эт жана эт азыктары - 37% ; сүт жана сүт азыктары – 44%; жумуртка – 43%; жашылча – 70%; мөмө жана жер-жемиштер – 26%; картөшкө – 42%; кант – 50% (1-жадыб. кара).

Ошондон улам – тоё тамак-аш жебегендиктен – Кыргызстан калкынын жарымына жакыны күнүнө 2100 ккал азык менен чала тоют бойдон калат (1-сүрөт. кара).

Талдоо көрсөткөндөй, Кыргызстанда азык-түлүктүн негизги түрлөрүнө жетүүгө көпчүлүк калктын экономикалык жана өзүнчө өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгү жетишсиз.

Жугуштуу оорунун тушунда Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу

Дүйнөнү каптаган жугуштуу оору кыска убакыттын ичинде биздин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жагындагы реалдуу абалы кандай экенин ачыкка чыгарып, экономиканын талуу жерлерин көрсөтүп койду.

Мындан тышкары доллардын кымбаттап кеткенине байланыштуу Кыргызстандын азык-түлүк базарында ири өзгөрүүлөр болуп өттү. Тамак-аш өнүмдөрүнүн баасы орточо 5-20% көтөрүлдү. Азык-түлүктүн кымбатташы айныксыз, анткени чек аралар жабылып, көпчүлүк эл айласыз отуруп калды. Буларга кошулуп транспорт чыгымдары көбөйдү, анткени азык-түлүктүн көбү Кыргызстанга сырттан ташылып келет.

Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жагын ойлоно баштады. Жакында Кытай менен чек ара ачылды. Аткаруу бийлигин буудай менен унду сырттан ташып келүү маселеси кабатыр кыла баштады. 2020-жылдын март айынын аягында Казакстан буудай менен унду сыртка чыгаруу боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнө (Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Ооганстан) чектөө киргизип, квота салып койду (200 миң тонна буудай, ун - 60 миң тонна).

Казакстан өкмөтү быйыл сентябрга чейин Кыргызстанга (бул Борбор Азия өлкөлөрүнө бөлүнгөн квотанын 60%) айына 30 миң тоннадан буудай сатууга убада берүүдө, бирок аны азырынча жөнөтө элек.

Ошону менен бирге Орусия менен 33 миң тонна буудай сатып алуу тууралуу келишим бар. Ошонун негизинде 2020-жылдын апрелинде Орусиядан Кыргызстанга 1,8 миң тонна буудай ташылып келди (анын биринчи келгени 1,8 миң тонна, экинчиси 760 тонна).

Анткен менен Кыргызстандын буудай керектөөсүнүн көлөмү ай сайын 62,5 миң тоннаны түзөт (физиологиялык керектөө нормасынан чыккан эсеп), өлкө буудайды Казакстандан сатып алат. КР Улуттук статкомитетинин соңку маалыматына караганда, 2019-жылы Кыргызстан 156,6 миң тонна буудайды сырттан ташып келген. Жаңы түшүмгө чейин, башкача айтканда апрелден сентябрга чейин (май, июнь, июль, август) Кыргызстан керектей турган көлөмдү эсепке алсак, өлкөгө 250 миң тонна буудай ташып келүү зарыл.

Ошол эле учурда бир топ суроолор чыгат: калган 100 миң тонна буудайды каяктан сатып алабыз? Татаал кризис учурунда Казакстан менен Орусия 150 миң тонна буудайын сатабы? Ошончо буудайды 2020-жылдын авгусуна чейин сатып алууга жетиштүү каражатыбыз барбы?

Бул суроолорго жооп табыш кыйын.

Өкмөттүн азыркыдай жүрүм-туруму кабатыр ойлорду жаратпай койбойт. Өлкөнүн кысталыш кырдаалда алып чыга койчу азык-түлүк запасы кампасында толук турушу керек (бул болсо жылдык керектөөнүн 17% же социалдык аялуу катмардын 90 күндүк оокаты), буга кошумча мамлекеттик резервде канча азык-түлүк турганы жөнүндө маалымат жашыруун болот. Бизди санааркаткан жагдай чынга чыгып калса бул багытта да жемкорлуктун схемасы изин калтырып кеткен экен деп ойлоого негиз бар. Жагдайды жакшы жагына оодарыш үчүн аракет кылыш керек.

Кеп соңунда буга чейин өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга анча деле маани бербей келди, азыркыдай кысталыш кырдаалда эмне кыларын билчү эмес деген тыянак келип чыгарса боло.

Чындап келсе азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттин негизги иштеринин бири болуп калышы керек.

Натыйжалуу агрардык реформаларсыз Кыргызстандын экономикасында өнүгүүгө ийгиликтүү кадам таштоо кыйын. Биздин өлкөдө калктын жакыр катмары көбүнесе айыл жеринде жашай турганын эске алсак, айыл чарбасында прогрессивдүү реформалар жүрмөйүн өлкө калкынын жалпы турмуш деңгээлин көтөрүү мүмкүн эмес.

Автор тууралуу кыскача маалымат: Нурлан Токобаев, экономика илимдеринин кандидаты. Агрардык экономика, азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарба кооперациясы боюнча адис. Экономикалык өнүгүү жана азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы эл аралык программалардын катышуучусу:

  • Эл аралык кооператив альянсы (Малайзия, 2020);
  • Дүйнөлүк банк (Москва, 2020);
  • Глобалдык азык-түлүк коопсуздугу жана экосистема борбору (Германия, 2017);
  • Шанхай Кызматташтык Уюму (Кытай, 2016);
  • NAMA (Индонезия, 2016);
  • Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Евразия борбору (Москва, 2015);
  • Чыгыш изилдөөлөр институту (Польша, 2013);
  • БУУ ФАО (Кыргызстан, 2014).

Макаланын түп нускасы бул жерде

(Автордун пикири «Азаттыктын» позициясын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG