Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

ЖИА: Ишкерлер күтүү режиминде турат


Фархад Пакыров.

ЖИА ишкерлер ассоциациясы пандемия убагында ишкер чөйрө көп жабыр тартып жатканын эскертүүдө. Анын ичинде туризм тармагынын кирешеси нөлгө түшүп калганы кабарланды.

ЖИА ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

- Фархад мырза, өзгөчө абал киргенден бери күнүмдүк тиричилигине акча тапкандар, ишкерлер түйшүк тартып жатканын билебиз. ЖИА ассоциациясына мүчө болгон ишкерлердин абалы кандай?

- Азыр коронавируска байланыштуу чектөөлөр киргизилген. Дүйнө жүзүндө болуп жаткандай эле биздин өлкөдө да бир топ чектөөлөр киргизилип, ишкерлер өз жумушун токтотушту. Азыр баары күтүү режиминде турат.

Март айында ишкерлерге жумушчулар маселеси көп түйшүк жаратты. Мындай чектөөлөр боло берсе биз жумушчуларыбызды кантип кармайбыз? Жумушчулардан сырткары насыялар, салыктар боюнча милдеттенмелерибиз бар, аларды төлөбөсөк бир топ кыйынчылык жаралат. Ошон үчүн биз жумушчуларды белгилүү бир деңгээлде маянасын төлөп эс алууга чыгардык. Эгер карантин узара берсе, май, июнь айларында кандай кылабыз деген маселелер да болду.

- Жалпы эле ишкерлик дегенде кайсы тармактар көбүрөөк жабыр тартты?

- Туризм тармагы өзгөчө жабыркады, ушул тармакта ишсиз калгандар көп болуп жатат. Бул тармак толугу менен токтоп калды. Турпакеттерди, авиабилеттерди саткан компаниялар, андан тышкары мейманканалар, ресторандар да өз ишин токтотту.

Коомдук тамактануучу жайлар да жабылганына байланыштуу бул тармакта да ишкерлер жоготууларга туш болду. Курулуш тармагы да токтоп калды. Курулуш тармагынын токтошу дагы бир топ тармактардын ишин токтотууга түрткү болду. Мисалы, курулуш материалдарын өндүрүү тармагы, курулушта иштегендерди тамак-аш менен камсыз кылуу тармагы ишин токтотуп койду.

Тамак-аш өндүрүшүн карай турган болсок, бизде экспорт менен алектенип жаткан компаниялар да кыйналып жаткан учур. Мисалы, бал Азияга, Жапонияга, Түштүк Кореяга, Кытайга, Европага жана Америкага чейин экспорттолчу. Авиакаттамдар токтоп калганына байланыштуу биздин ишкерлер товарларын экспорттой албай жатышат. Андан сырткары базар тармагында иштегендер кыйналды. Учурда базарлар жабылып, алар да жоготууларга дуушар болуп жатышат.

- Карантиндин чегинде эле кыйынчылык болуп жатабы же коронавирус пандемиясынын алкагында чек аралар жабылганы, жалпы дүйнөлүк көйгөй таасир этип жатабы?

- Глобалдык деңгээлде экономиканын өзүнүн тартиптери да өзгөрүп жатат. Орусияда да карантин киргизилип, бизге Орусиядан келген товарлар, мигранттардан келген акча бир топ азайып кетти. Андан сырткары Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү - Кытай, Казакстан, Орусия. Кытай менен чек ара жабык болгонуна байланыштуу бул өлкөлөр менен болгон соода 70-80% азайып кетти. Казакстан менен Орусияда чектөөлөр болгонуна байланыштуу бул өлкөлөр менен да товар алып-сатууга бир топ чектөөлөр киргизилди.

Андан сырткары дүйнөдө доллардын куну көтөрүлүп кеткени өз таасирин тийгизип жатат. Кыргызстандагы көпчүлүк ишкерлер насыяларды доллар менен алышкан. Андан сырткары алар чет өлкөлөр менен көп кызматташкан компаниялардын 90% жакыны доллар менен товар алып келет. Ушул жерде да биздин ишкерлер бир топ жоготууга дуушар болду. Андан сырткары өлкөгө киргизилген карантин да экономикага зыянын тийгизбей койгон жок. Анткени бир канча ишкердик тармактарынын иши токтоп калды.

- Бул кыйынчылыктар карантин бүтсө деле кала берчүдөйбү?

- Карантин бүтөрү менен эле экономика жанданып кетет дегенден алыспыз. Кыргызстандын акча келип турчу эки экономикалык булагы бар. Биринчиси - бул мигранттардан келген акча, экинчиси - ишкерлерден келген акча. Азыркы учурда коронавирустун вакцинасы табылган жок. Кытайда абал башкача болчу, азыр Европа өлкөлөрүндөгү абал такыр башкача. Мындан ары бул канча убакытка чейин уланары белгисиз. Эл аралык аналитикалык борборлор 2020-жылдын аягына чейин экономика бир топ жоготууларга дуушар болорун билдирип жатат.

Андан сырткары коронавирустун вакцинасы табылганы менен эл аралык аба каттамдары, соода алакалары дароо эле ордуна келип калат дегенден алыспыз. Бул этап-этап менен келе турган нерсе. Андан сырткары эл аралык аналитикалык борборлор билдирип жатышат, быйыл климат да башка жылдарга салыштырмалуу бир топ жылуу болуп жатат. Бул да экономикага өз таасирин тийгизет.

- Буга чейин өкмөттө антикризистик чаралар талкууланган. Анда ишкерликке жеңилдик берүү жагында олуттуу деле чоң сунуштар айтылган жок. Өкмөттөн болгону салыктардын төлөө мөөнөтүн узартуу сыяктуу гана чечимдер кабыл алынбадыбы. Салыкты жоюп коюш үчүн өкмөт бюджеттен да куру калчудай. Сиздин оюңузча ишкерлерге кандай жеңилдиктер берилиши керек?

- Ишкерлердин көпчүлүгү өкмөттөн күткөнү - насыялар боюнча чечим. Өкмөт, ишкерлер банктын өкүлдөрү менен чогуу отуруп сүйлөшүп, конкреттүү жеңилдик берилсе жакшы болмок. Анткени Кыргызстандагы көпчүлүк ишкерлерде насыялык милдеттенмелери бар. Салык боюнча да көп кайрылып жатышат. Бул жерде сиз айткан биринчи жеңилдетүү программасында насыялар тууралуу кеңеш түрүндө айтып, салыктардын төлөө мөөнөтүн узартып эле коюшкан. Мисалы, азыр экономика жандана баштаганда биз насыяларды, салыктарды төлөө жагынан да, андан сырткары айыппулдар, ошол эле ишкердикке тиешелүү көйгөйлөр чыгып калса бул жагынан кандай кылабыз деген маселелерге так маалымат алынбай жатат.

Ишкерлерди колдоо боюнча сырттан келген жана ички булактардан 14 миллион доллар бөлүнүп жатат. Бирок 14 миллион доллар менен ишкерлерди кандай тартипте колдошот - бул жөнүндө да так маалыматтар чыга элек. «Иштеп жатат» деген эле маалымат чыгып жатат. Ишкерлердин көпчүлүгүнүн үмүтү, айрыкча орто жана чакан бизнестики ошол 14 миллион доллар мүмкүн болушунча ишкерлер сезе тургандай деңгээлде берилсе деп айтылып жатат.

Аймактардагы чакан ишкерлерди колдоо максатында 2 миллиард сом бөлүнгөн болчу. Анын жыйынтыгын көп ишкерлер сезбей калды. 1,5 миллиард сомдой акча ишкерлерге берилбей эле калып кетти. Бул 14 миллион доллардын ишкерлерге бөлүнүшүндө ишкерликтин өкүлдөрү менен болгон диалогду жандандырыш керек. Анткени мамлекеттик органдар менен банктардын ортосунда эле чечим чыгып, ишкерлердин кызыкчылыгы көп учурда эске алынбай калганын көп айтышып жатышат. Андыктан мамлекет банктар менен ишкерлердин ортосундагы диалогду күчөтүп же атайын кеңешме түзүшү керек.

Карантин киргизилгенден бери ишкерлерде көп түйшүктөр пайда болуп жатат. Мисалы, курулуш тармагы же башка тармактарда жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдарга кайрылсак, алар «силердин маселеңерди экономикалык штабга жөнөттүк, ошол жактан кандай чечилсе биз силерге жеткирип, ошого жараша жооп беребиз» деген эле позицияда болуп калды. Ушундай учурларда өкмөт менен ишкерлердин ортосундагы диалогду да күчөтүш керек.

Азыр бизге Оштон ишкерлер көп кайрылып жатат. Карантин убагында Ош шаарынын мэриясы ишкерлердин жарнама тактайларын, жарнамаларын ишкерлерге эч кандай кабар бербей эле өз чечими менен алып салыптыр. Ишкерлер «мэриянын мындай кадамдары биз азыр ансыз да кыйналып турганда, ого бетер түйшүк жаратып, жоготууга дуушар кылып жатат» деп айтып жатышат. Алар «эгер мэрия бизге алдын-ала айтып койгондо биз жарнамаларыбызды алып коймокпуз» дешти. Анткени ал жерде кымбат баалуу жарнама казагдарын ким алганы, кандай алып кеткени белгисиз. Бирок шаар ичинде «мэрия тазалап жатат» деген да сөздөр болуп жатат. Ишкерлер өздөрү карантинде болгондуктан сыртка чыга албай жатышат.

Бишкекте өткөрмө алуу маселеси көтөрүлүп жатат. Азык-түлүк менен иштегендер, жүк ташыган ишкерлер үчүн онлайн, мобилдик тиркеме аркылуу алсын деген чечим чыкты. Биз өзүбүз да кээ бир компаниялардын кайрылууларын онлайн толтурууга жардам берип, 10-15 жолу толтуруп жатабыз. Бирок эмнегедир ар дайым эле берилбейт деген жооп келип калууда. Мисалы, азык-түлүккө берилсин десе, ушундай учурларда тиешелүү команданттын өкүлдөрү деле ассоциациялар менен тыгыз иштешсе болмок. Азыр күнүмдүк, болбогон эле тоскоолдуктар бир топ жоготууларга алып келип жатат. Ушундай учурда мамлекет ишкерлер менен болгон диалогду токтотуп койбой, тескерисинче күчөтүп, ишкерлердин маселелерине көңүл буруп, ишкерлерге тиешелүү чечимдерди кабыл алууда алар менен кеңешип кабыл алса бул бир топ жоготуулардын алдын алмак.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG