Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июнь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Коронавирус бюджеттин капшытын бөксөрттү


Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосун иштеп чыкты. Ага ылайык, ишкана жана ар кандай уюмдар 3 баскыч менен кыймылга келе баштайт.

1-майдан баштап 9 тармактын өкүлдөрү жумушка чыга турган болду. Биринчи этапта өзгөчө абал шартында өндүрүш, соода, курулуш соодасы, тейлөө тармактары ишке кирип жатат. Андан кийинки баскычтар 11-21-майга пландалган. Эпидемиологиялык абалга жараша экономикалык ишмердүүлүктүн уруксат берилген түрлөрүнө өзгөртүүлөр кириши толук мүмкүн. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин айтымында, жумушун баштаган ишканалар менен уюмдар карантин эрежелерин сакташы зарыл. Аталган ишканаларды өткөрмө кагаздары менен камсыз кылууда бир катар кыйынчылык жаралаары да айтылды.

Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

«Кайрылгандар аябай көп болот, 10-20 миң болушу мүмкүн. Ошондуктан кайрылгандар менен иштеген операторлордун ишин жеңилдетүү максатында кошумча адистерди кошуп жатабыз. Өткөрмө кагаз алуу үчүн кайрылгандарды комендатурадагы он оператор тейлеп келсе, аларга башка мамлекеттик кызматтардан кошумча адистер көмөктөшөт. Алар дем алышсыз, майрам күндөрүнө карабай, иштешет».

Экономикалык ишмердүүлүктүн жанданышы менен жалпы эле ишкерликтин ирденип кетишинен экономика боюнча эркин эксперт Кайрат Итибаев күмөн санап жатат. Анын себебин серепчи ишкер чөйрө өкмөттөн каржылык колдоо албагандыгы менен түшүндүрүүдө. Өзгөчө тейлөө жана туризм тармагы жакын арада боор көтөрө албай турганын айтып кейиди:

Кайрат Итибаев.
Кайрат Итибаев.

«Өкмөттүн өзүндө каражат жок. Экинчиден даректүү колдоо көрсөтүш үчүн экономика ачык, ишкерлер расмий иштеши керек эле. Бизде чакан жана орто бизнестин 80% көмүскөдө. Фискалдык жактан гана жардам көрсөтүлдү. Салык, отчет, декларация тарабынан гана жеңилдиктер болду. Алардын төлөө, тапшыруу мөөнөтүн жылдырып беришти».

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин айтымында өкмөттүн экинчи антикризистик планы даярдалып жатыптыр. Ал жеңилдетилген каржылоо механизмин иштеп чыгууга байланыштуу экен. Асрандиев каржы булактарына жана канча каражат каралып жаткандыгына толук токтолгон жок:

«Азыр программанын долбоору даярдалган. Тиешелүү мамлекеттик органдардын макулдашуусуна жиберилген. Алдын-ала айта турган болсом, бул каржылоо чакан жана орто ишкерликке багытталган. Ал жакта күрөөсүз насыя берүү да каралган. Каражаттын бир бөлүгү аймактарга жиберилет».

Асрандиев билдиргендей коронавирус пандемиясынын шартында жыл жаңыргандан бери бажы жана салык тармагынан мамлекеттик бюджетке 10 млрд. сом түшпөй калган. Жоготуулар ушуну менен эле токтоп калбайт. Жогорку Кеңештин депутаты, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин мүчөсү Марлен Маматалиев казынага келбей калган жалпы каражаттын суммасы 35-38 млрд. сом болоорун айтууда. Ал мындай абалда ишкерлер өкмөткө үмүт артпай койсо деле болорун кошумчалады:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

«Биздин бюджет 160 миллиарддын тегереги. Ансыз деле 10 миллиарды дефицит. Аны ар кандай булактар менен толтуруп карыздап ала турган акча эле. Мындан тышкары дагы 20 миллиард сомго баалуу кагаздарды чыгаралы дегенбиз. Ал дагы ишке аша элек. Ошол эле учурда коронавируска пландалбаган чыгымдар кетип жатат. Медицина кызматкерлерине да каражат берилүүдө. Аларга эл чогулткан акча жетпей калып, дагы 130 миллион сом керек экен».

Өткөн жылдын 11 айында эле чет жакта иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2 млрд. 191,9 млн. доллар которгон. Алар жиберген акча менен өлкөдөгү курулуш тармагы өнүгүү жолуна түшкөн. Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров эмгек мигранттарынын экономикага болгон салымы төмөндөй турганын жана алар өлкөгө келип алса жумушсуздук күч аларын эске салды. Адистин айтымында пандемиядан кийинки жашоонун камын азыр көрүп башташ керек.

Төлөнбек Абдыров.
Төлөнбек Абдыров.

«Жалаң эле Кыргызстан эмес, дүйнө өзгөрөт. 30 жылдан бери «айыл чарбасын өнүктүрүш керек, тигини өнүктүрүш керек» деп эле жүрөбүз. Бүгүнкүдөй каатчылыкта кыйынчылыктар сыртка чыга түштү. Эски кадрлар эч нерсе кыла албай турганын көрсөттү. Жаңы жүздөрдү алып келиш керек. Коррупцияны, аткезчиликти да жок кылуу зарыл. Ошондой күчтүү талаптарды койбосок болбойт».

Бюджеттин чыгашаларын чет жактан жардам катары келген каражаттар менен толтурууга аракет көрүлө турганы айтылды. Бүгүнкү күнгө карата Эл аралык Валюта Фондунан 120,8 млн. доллар келип түшкөн. Мындан тышкары эл аралык уюмдардан жалпы 700 миң долларлык дары-дармек, коргонуучу каражаттар алынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG