Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги инфекция жугузгандардын жалпы саны 1 миң 118 кишиге жеткенин, 33 киши илдеттен көз жумганын, 477 бейтап сакайганын билдирди.
Таанымал профессор, банктын мурдагы жетекчиси, коопсуздук иштери боюнча мурдагы министр....
Маркумдардын жакындары алардын баары ооруканада коронавирустан каза тапканын жазышууда.
Амстердамда жашаган тажикстандык саясат таануучу Шарофиддин Гадоев ооругандар расмий маалыматта көрсөтүлгөндөн алда канча көп болушу мүмкүн деп шек санайт:
"Башынан эле бийлик коронавирус жугузгандар бар экенин жашырган. Эми алар өлгөндөр боюнча маалыматтарды жашырууга аракет кылып жатат. Журналисттерге ооругандар жана каза тапкандар тууралуу так маалыматты айткандар иштен айдалды. Азыр баш калаадагы ооруканаларда орун калбай калганын айтып жатышат. Эми өзүңөр эсептеп көрсөңөр, Дүйшөмбүнүн ооруканаларында 4 миңден ашуун орун бар. Илдетке кабылгандардын расмий саны андан аз. Муну кандай түшүнсө болот?".
Ал арада тажикстандык белгилүү активисттер атайын сайт ачып, ал жакта өлгөндөрдүн бейрасмий тизмесин жарыялашты.
Сайттан коронавирустан каза тапты деген 200 адамдын аты-жөнүн көрүүгө болот. Активисттер бул тизмени социалдык тармактарга жана маалымат каражаттарына чыккан билдирүүлөрдүн негизинде толукташууда. Бирок акыркы суткада Тажикстандын өзүндө сайтка кирүү мүмкүн болбой калды.
Ал арада тажик бийлиги коронавирустан каза болгон адамды мусулманча жерге берүүнүн коопсуз жолу кандай болорун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) адистеринен сурады.
Учурда бул өлкөдө илдеттин айынан жан бергендердин сөөгүн сууга алууга жана жерге берүүгө жакындары катыштырылбайт. Желим баштыкка салынып, хлор менен жуулган сөөк жаназасыз, шашылыш көмүлүп жатат.
Бийлик мындай чаралар тумоону токтотуш үчүн жасалып жатканын, адамдар муну түшүнүү менен кабыл алышы керек экенин билдирген. Бирок бийликтин мындай чаралары коомдо нааразы пикирлерди жаратууда.
Алсак, соцтармактарда кеңири жайылып жаткан видеолордун биринде, аны тарткан киши көрүстөндөгү жылтырак жабылган жерлерде коронавирустан өлгөн адамдар көмүлгөнүн айтууда.
Бийлик бул маалыматты дароо төгүндөп, көрүстөн тоонун боорунда жайгашкандыктан ал жакта мүрзөдөгү жаңы жайлар такай жылтырак менен жабыларын билдирди.
Айрым күбөлөр маркумдардын сөөктөрү түнкүсүн жерге берилип жатканын айтышууда.
Тажикстанда түндө көмүлгөн маркумдар
Мына ушундай нааразы пикирлерден улам тажик бийлиги коронавирус жугузуп каза болгон адамды акыркы сапарга мусулманча узатуу жөрөлгөсүн кантип коопсуз уюштуруу боюнча ДССУдан кеңеш сурады.
Тажикстандын Дин жана каада-салт комитетинин төрагасы Сулаймон Давлатзода ДССУнун эксперттери менен 13-майда Дүйшөмбүдө жолукту. Ал коронавирустан көз жумган адамды акыркы сапарга узатуунун коопсуз, ошол эле учурда элдин маданиятына каршы келбеген жолун сурады:
«Биздин коомдо маркумду акыркы сапарга узатуу, сөөктү сууга алуу, жаназа окуу деген жөрөлгөлөр бар. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында жок дегенде бир жакын тууганынын катышуусу абдан маанилүү. Бирок ошол жөрөлгөлөр менен гигиеналык эрежелерди айкалыштыруунун жолун тапсак жакшы болмок. Ушул маселеде биз уюмдун адистеринин пикирин билүүнү каалайт элек».
Давлатзода коронавирус жуккан көп адамдар өз үйлөрүндө дарыланып жатканын, үйдө жатып каза болуп калгандар да болушу мүмкүн экенин айтты. Андыктан ошондой учурда сөөктү жерге берүүдө кандай эрежелер сакталышы керек экенин сурады.
ДССУнун Тажикстанга келген эксперттер тобунун башчысы Патрик О`Коннор бул маселе боюнча сунушун жакынкы күндөрдө өзүнүн отчётуна кошуп берерин билдирди.
Мурдараак тажик парламентинин жогорку палатасынын вице-спикери Ёдгор Файзов коронавирусту токтотуу боюнча республикалык штабда «көрүстөндөр даяр болгонго чейин сөөк ооруканада калат. Сөөктү жерге берүү медицина кызматкерлеринин катышуусунда гана өтөт» деген.
Файзов коронавирустан көз жумган адамды акыркы сапарга узатуу боюнча сунушун жергиликтүү «Ховар» маалымат агенттигине да билдирген.
«Азыркы оор абалда коронавирус илдети жайылып кетпеши үчүн ата-бабалардын айрым салттарынан жана исламдын талаптарынан баш тарта турганыбыз туура болот», - деген ал.
12-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун экспеттер миссиясынын жетекчиси Патрик О’Коннор Дүйшөмбүдө онлайн пресс-конференцияда Тажикстандагы эпидемиялогиялык кырдаал оорлошуп, вирус тез жайылып жатканын, алдыңкы күндөрдөгү чаралар адам өмүрүн сактап калууда чечүүчү роль ойнорун эскерткен.
Кошуна өлкөдө коронавирустун алгачкы учуру тууралуу 30-апрелде расмий маалымдалган. Бирок өткөн айдын башынан эле борбор калаада, бир катар райондордо пневмониядан көз жумгандар көбөйгөн.
Тажик бийлиги эпидемиянын коркунучун көпкө этибарга албай, пандемия жарыялангандан кийин Ноорузга арналган массалык иш-чаралар уюштурулуп, футбол боюнча чемпионат уланган.
Кийин вирустун тарашына каршы айрым чараларды көргөнү менен өкмөт карантин киргизген эмес.
Кыргызстан менен Казакстандагы сөөктү узатуу жобосу
Буга чейин Казакстанда башкы санитардык дарыгер коронавирустан каза болгон адамды акыркы сапарга узатуунун эрежесин иштеп чыгып жарыялаган. Ага ылайык, мусулманча жерге берүүдө маркумду сууга алуу сыяктуу жөрөлгөлөрдү атайын патологоанатом адистер гана аткарышы керек. Маркум менен коштошууга бир сааттан ашык убакыт берилбей тургандыгы эскертилген. Казакстандын муфтияты мусулмандарды санитардык дарыгердин талаптарына баш ийүүгө чакырган.
Кыргызстандын муфтияты болсо маркумду сууга алуу жана кепиндөө боюнча:
«Белгилүү аралыктан суу куюп же болбосо суу чачып сөөктү жууганга болот. Эгер дарыгерлер коронавирус оорусунан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, аны кайра ачып жууп, кепинге ороонун кереги жок. Маркумду жууган учурда илдет жугузуп алуу коркунучу жогору болсо адистердин көрсөтмөсүнүн негизинде коргонуучу кийимдерди кийиши керек. Сөөктү шариятка ылайык казылган көрүстөнгө кепин менен көмүү кооптуу болсо, атайын табытка салынат. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кайтыш болгон адамды бардык коопсуздук чараларын сактап, колдон келишинче шариятка ылайык (аз кишинин катышуусунда, аралыкты сактоо менен жаназа намазы окулуп) жерге бериш керек экенин белгилейт. Бирок Дин башкармалыгы сөөктү өрттөп же кислота сыяктуу химиялык каражаттарды колдонуп көмүүгө шариятта уруксат берилбей тургандыгын эске салат», - деп түшүндүрмө берген.
Муфтияттын Коронавируска байланыштуу тажия шарттары боюнча түшүндүрмөсүн толугу менен бул жерден окуй аласыз:
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.