Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:37

Орусияда оору жугузган дарыгерлер арыз жазды


Орусия.
Орусия.

60 дарыгери коронавирус жугузуп алган Москванын четиндеги оорукананын кызматкерлери жетекчилигин шалаакылыкка айыптап, тергөө органдарына кайрылышты.

Москвадан жыйырма чакырымдай алыс жайгашкан Люберцыдагы №3 облустук ооруканада ондогон дарыгерлер коронавирусту жуктуруп алганы бейшембиде маалым болду.

Неврология бөлүмүнүн алты кызматкери догдурлардын илдетти массалык түрдө жуктуруп алышына оорукананын администрациясын айыптап, Федералдык Коопсуздук кызматына, ИИМ жана Тергөө комитетине арыз жазышкан.

Анда оорукана 23-марттан бери коронавируска күмөн саналган бейтаптарды кабыл алып жатканы, орундардын жетишсиздигинен адамдар терапия бөлүмүнөн неврологияга жаткырылып келгени баяндалган.

Бирок бөлүмдөрдө санитардык тазалоо иши жүрбөй, 17- апрелге чейин кызматкерлерге коргонуучу кийим-кече менен каражаттар берилбегени баса белгиленген.

Москва облусундагы Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча оорукананын үч миңдей кызматкеринин ичинен 60 дарыгер коронавирус жугузуп алганы ырасталган. Оорукананын бир корпусу дезинфекция үчүн жабылып, дарыгерлер менен байланышта болгон адамдардын баары көзөмөлгө алынган.

Люберцыдагы оорукананын кызматкери Аркадий Хаславский «Настоящее Время» телеканалына төмөнкүлөрдү баяндап берген:

"Бизге коронавирус жугузуп алышы мүмкүн деген адамдар 26-марттан тарта келе баштады. Анда вирусту аныктоого шарт жок болчу. Анализдерди Москва облусундагы Мытищи шаарындагы ооруканага жөнөтчүбүз. Жыйынтыгын он күндөй күтчүбүз. Дарыгерлердин ооруп калышына өз убагында коргонуучу каражаттар берилбегени себеп болду. Абал курчуп кеткенде бир жолу гана кие турган үлбүрөгөн бир нерселерди бере башташты. Беткаптарыбыз жок болчу. Кийин бир бөлүмгө 30 беткап берип коюшту. Респиратор да беришкен жок".

Оорукананын кызматкерлери коронавируска тестти 13- апрелде тапшырган. Илдет Хаславский менен бирге иштеген сегиз адамдан табылган. Хаславскийдин анализдери таза чыкканы менен кийин дене табы көтөрүлүп, жөтөлө баштаганда экинчи ирээт тест тапшырууну суранган. Азырынча ага жардам көрсөтүлө элек.

Орусияда дарыгерлерге респиратор, коргонуучу кийим жана каражаттар жетиштүү берилбей, бейтаптар менен тыгыз иштеген медкызматкерлер текшерилбей жатканы тууралуу «Догдурлар альянсы» уюму да кабарлап келет.

23-апрелге карата коронавирус Орусияда 5 миңдей адамдан аныкталып, илдетке чалдыккандардын саны 63 миңге чамалады. 555 өлүм катталды. Эң көп ооругандар Москва менен Москва облусуна туура келет.

Ал арада №15 шаардык оорукананын башкы догдуру Валерий Вечорко социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ооруканага өз алдынча дем ала албай түшкөндөр көбөйгөнүн, вирус жашарып баратканын белгилеп, москвалыктарды сак болууга чакырды:

"Ооруканага жаткырылгандар көбөйдү. Өз алдынча дем ала албай, өпкөнү иштеткен аппараттарга муктаж бейтаптардын саны өсүп баратканы коркунучтуу. Азыр жандандыруу бөлүмдөрүнө 30 жаштагылар да түшүп жатат. Инфекцияга олуттуу карагыла. Обочолонуу режимин сактап, догдурларга өз маалында кайрылгыла".

Орусияда коронавирус инфекциясы ооруканалардан таркаган учурлар буга чейин Красноярск, Владивосток, Екатеринбург шаарларында, Коми республикасында үч бейтапканада жана Башкырстандын республикалык ооруканасында катталган. 23-апрелде Челябинск облусундагы Златоуст шаардык ооруканасында 44 кишиде илдет бары тастыкталып, алардын арасында дарыгерлер менен медкызматкерлер бары кабарланды.

Премьер-министр Михаил Мишустин жума башында жер-жерлердеги ооруканалардын даярдыгын «канааттандырарлык эмес» деп баалап, аймак башчыларынын ишин сындаган.

Саламаттык сактоону уюштуруу жана башкаруу Жогорку мектебинин биринчи проректору Николай Прохоренко буга чейин бир гана Москванын ишараты менен иш кылып көнүп калган губернаторлордон айып издөө туура эместигин белгиледи:

"Бул кырдаалдын эки тарабы бар. Биринчиден, борбордон чечимдер кеч кабыл алынды. Биздин губернаторлордо көз карандылык синдрому күчтүү. Алар үстү жактан канчалык ыкчам кыймылдаш керектиги боюнча да көрсөтмө күтөт. Буйрук берилмейинче кыймылдабай отурганга көнүп калышкан. Мындай көп жылдык көз карандылык синдромунан кийин губернаторлор өз алдынча чечим кабыл алып, кыймылдагысы да келбесе керек".

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Орусияда чукул кырдаал режими же карантин расмий жарыяланган эмес. Президент Владимир Путин майга чейин эс алуу күндөрүн жарыялап, аймактарда пандемияга каршы чара көрүүнү жергиликтүү бийликтегилерге жүктөп койгон. Ал эми коронавирус менен күрөшкөн догдурларга үч ай бою 25-80 миң рублдан кошумча эмгек акы бөлгөн.

20- апрелде орусиялык ооруканада коронавирус аныкталган бейтаптар менен иштеген дарыгердин өлүмү катталды. Москвадагы №3 ооруканада иштеген уролог - 56 жаштагы Максим Старинский каза тапканы кабарланды. Марттын аягында Коммунарка кыштагындагы Москванын башкы инфекциялык оорукасынын башчысы Денис Проценко коронавирус жуктуруп алып, айыгып чыккан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG