Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Орусиядагы дарыгерлер: Космонавттардай иштеп жатабыз


Москвадагы ооруканалардын бири, 4-апрель 2020-жыл.

Орусияда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 40 миңге чукулдап калды. 300дөн ашуун адам каза тапты. Бейтаптардын көбөйүшү дарыгерлердин түйшүгүн эселеп көбөйттү. “Настоящее Время” телеканалы Москва менен Санкт-Петербургдагы айрым медиктер жана бейтаптар менен баарлашты.

Москвадагы Федералдык илимий-клиникалык борбордо жакынкы күндөргө чейин эле алдыңкы спортчулар менен космонавттар дарыланып келген. Эми бул жай COVID-19 илдетине чалдыккандарды кабыл алып жатат. Алдын ала пландалган медициналык текшерүүлөрдүн баары белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Учурда борбордун көпчүлүк дарыгерлери жумушта 12 саат өткөрүшүүдө. Кардиолог Василий Финько мындай режимдин кесепети тууралуу айтып берди.

“Алты сааттын ичинде бетиңде, мурдуңдун кырында мындай берч сыяктуу тактар пайда болот. Азыр көрүп жатасыңар, бетим шишип турат. Алгачкы нөөмөт учурунда көп түшүнгөн эмесмин. Азыр пластырь чапталат, атайын май сүйкөлөт. Жеңилирээк өтөт. Биринчи жолкусун эки күн дарыладым, кадимкидей жара болду”.

Кардиолог Василий Финько.
Кардиолог Василий Финько.

Василий Финьконун айтымында, дарыгерлер алты сааттык нөөмөтү бүтмөйүнчө дааратканага да бара алышпайт. Андыктан айрымдарына памперс кийүүгө туура келип жатат.

"Иш маалында аны кылуу оңой эмес. Биз космонавттардай эле болдук го деп тамашалашабыз”, - дейт кардиолог.

Москвадагы Филотов атындагы №15 оорукана да COVID-19 илдети менен күрөшкөн бейтапканалардын катарына кошулду. Бул борбор 1300 адамга ылайыкташкан. Мындан тышкары бул ооруканага караштуу төрөткана да өзгөчө абалда иштеп, коронавируска кабылган кош бойлууларды кабыл алып жатат.

“Ай-күнү жетип калган кош бойлуу аялдар бар. Төрөт бул пландалган операция эмес, аны жылдырып коё албайсың. Толгоо башталса, аны токтотууга болбойт. Анын үстүнө илдетке кабылган болсоң, сени кадимки төрөтканага эмес, бул сыяктуу атайын жайларга алып келишет. Ак костюм кийген, респиратор, беткап тагынган дарыгерлердин тобу тосуп алат. Сырттан караганда коркунучтуу эле көрүнөт”, - дейт №15 оорукананын акушер-гинекологу Глеб Якунин.

“Биз жеке коргонуу каражаттарын кийишибиз керек. Кара тумоого каршы костюм, респиратор, бейткап, колкап жана бутту коргоочу каражаттар болушу зарыл. Иш графиги адистикке жараша болот. Ар бир алты саат сайын 30-40 мүнөттөй тыныгып алып, 12 сааттан 24 саатка чейин иштей бересиң”, - деди Якунин.

Акушер Глеб Якунин.
Акушер Глеб Якунин.

Ал сыяктуу дагы бир нече акушер коронавируска чалдыккан кош бойлуу аялдардын төрөтүн кабыл алышууда. Бул борбордо бир күндө вируска кабылган 4-5 аял көз жарып жатат.

“Жашыл зонага чыгууга мүмкүнчүлүк болбойт. Андыктан иш алты сааттан тогуз саатка чейин созулуп кетет. Ошол учурларда алың кете баштайт. Бирок эч жакка чыга албайсың. Сенин ордуңа башка бирөө келмейинче, кызыл аймактан чыга албайсың. Себеби ар бир дарыгерге жашыл аймактан кызылга өтүүгө убакыт керек. Сенин ордуңа бирөө келмейинче ичинде кала бересиң. Себеби сенин жардамыңа муктаж адамдар бар”.

Орусиянын ооруканаларында дарыгерлерге коргонуучу каражаттар жетишпей жатканы баштан бери эле кабарланып келет. Ал түгүл аймактардагы айрым бейтапканалардын кызматкерлери видео кайрылуу жасашып, медиктерге атайын форма жана респираторлор берилбесе, иштей алышпай турганын айтышкан.

Глеб Якунин Москвадагы өзү иштеген борбордо мындай каражаттар жетиштүү экенин, ошого карабастан вируска чалдыккан кесиптештеринин катары калыңдап баратканын билдирди.

“Өзүбүздү канчалык коргобойлу, кесиптештерим четинен вирусту жугузуп ала башташты. Коркпой койбойсуң. Себеби кечээ эле жакшынакай сүйлөшүп жаткан кесиптешиңдин бүгүн дене табы көтөрүлүп, симптомдору байкалып жаткан болот. Аларга үйдө калууга туура келет. Бирок өзүңдү өзүң же коллективди же үй-бүлөңдү дүрбөлөңгө түшүрбөшүң керек. Оптимист болуу зарыл”, - деди Якунин.

Вирусту аныктоонун азабы

Дарыгерлердин айтымында, учурда Орусияда коровируска чалдыккандарды тез арада аныктоо маселеси кабыргасынан коюлуп турат. Буга чейин Москванын Саламаттыкты сактоо департаменти тесттер “вирус жок” деп туура эмес көрсөтүп койгон учурлар көп болуп жатканын, мындай абал илдеттин жайылышына жол ачарын эскерткен.

Москвадагы Федералдык илимий-клиникалык борбор.
Москвадагы Федералдык илимий-клиникалык борбор.

Маселен Федералдык илимий-клиникалык борбордо “коронавирустук инфекция” деген диагноз менен дарыланып жаткан Максим Сондун баштапкы эки тести вирусту аныктай алган эмес. Ал жытты жана даамды сезбей калганда гана ооруканага кайрылганын айтып берди.

“Бейтапканада мени кабыл алган дарыгерлердин баары бул COVID-19 экенин айтышты. Вирус жыттарды жана даамды сезген рецепторлордогу белоктук түзүмдөрдү жабыркатат турбайбы”, - деди Максим.

Психолог Александр Колмановский да эки жолу тесттен өтсө да, экөөндө тең вирус табылган эмес. Бирок ал убагында ооруканага барганын, вирус томография аркылуу аныкталганын айтты.

“Өпкөнү компьютердик томографияга тартуу - учурдагы эң ишенимдүү ыкма”, - деди Колмановский.

Ыкчам тесттер туура эмес көрсөтүп жатканын Санкт-Петербургдагы тез жардам кызматынын дарыгери Алиса Шимкус да ырастайт. Ал бейтаптарды убагында аныктоо үчүн кайра-кайра текшерүү зарылчылыгы чыгып жатканын айтты:

“Бүгүнкү анализ эч нерсени көрсөтпөсө, бир күндөн кийин кайра текшерсең, коронавирус табылып калышы ыктымал. Адам вирус жок деп жата бериши мүмкүн. Акырында “ковидден” (COVID-19) каза табуу коркунучу бар”.

Санкт-Петербург шаарында элдин көчөгө чыгышын же топтолушун чектеген эрежелер 30-марттан бери иштеп жатат. Бирок дарыгер Алиса Шимкус акыркы күндөрү чектөөлөргө кулак салбаган жарандардын саны көбөйө баштаганын айтып берди.

“Адеп эл кооптонуп, беткаптарды тагынып, үйдө отурууга аракет кылып жатышкан. Азыр болсо алар көчөгө чыга башташты. Аба ырайы жакшы экен деп, сыртта шишкебек жасап жеп жатышат. Эгер аларга коронавирус жукса, реанимацияга түшүп калуу коркунучу 60 пайызды түзөт. Себеби жаш дебей, карысы дебей, баары ооруп жатышат”, - деди Шимкус.

Москвалык жана петербургдук дарыгерлер эл обочолонуу эрежелерин сактабаса, илдетке чалдыккан бейтаптар эселеп көбөйөрүн, буга мыкты жабдылган ооруканалар да туруштук бере албасын эскертип жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG