Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Сузакта кошумча төлөмдүн арты чууга айланды


Кыргызстан. COVID-19 илдетин жугузуп алгандар менен иштеген дарыгерлер.
Кыргызстан. COVID-19 илдетин жугузуп алгандар менен иштеген дарыгерлер.

Сузак районунда өзгөчө абал учурунда өкмөт өкүлүнүн резервдик фондунан бөлүнгөн акчаны кошумча маяна катары иштеткен Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

Оор шартта иштеген кызматкерлерине акча бөлүштүргөн башкы дарыгер менен эсепчиси “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп айыпталып жатат.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө тобу тарабынан Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери жана башкы бухгалтерине карата Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине ылайык, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Тергөөдө кызматкерлер резервдик фонддон бөлүнгөн акчаны максатсыз пайдаланганы жүйө келтирилген. Облустук милициянын басма сөз кызматкери Шеркул Турганбаев буларга токтолду.

Шеркул Турганбаев.
Шеркул Турганбаев.

"Аталган борбордун башкы дарыгери жана башкы эсепчиси тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Жогорудагы жооптуу кызмат адамдары жергиликтүү резервдик фонддун бюджетинен COVID-19 илдетинин алдын-алуу иштерине бөлүнгөн 300 миң сомду Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлеринин маянасын көтөрүү сыяктуу же материалдык жардам катары бөлүштүргөн. Бирок Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Резерв фондусунун акча каражаттарын колдонуу” тууралуу жарлыгына ылайык, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин маянасын көтөрүүгө тыюу салынат. Аталган факт Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча каттоого алынып, сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат".

Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери.
Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери.

Анткен менен милициянын коюп жаткан дооматына райондук Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери макул эмес.

31-мартта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен жолугушкан. Жолугушуудан кийин анын резервдик фондунан борборго 300 миң сом берилген. Мекеменин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Мамлакатхан Абиджанова кошумча маяна өкүлдүн сунушу менен берилгенин ырастады.

"Сузакта илдет аныкталган күндөн бери күнү-түнү иште болдук. Үй-бүлөгө барып, балдарга тамак-аш жасап берүүгө да убакыт болбой жатты. Өкмөт өкүлү жана Сузак районунун акими биз менен жолугушуп, жасап жаткан ишибизди жогору баалады. Ошол жерде борборго 300 миң сом акча бөлүп бере турганын билдирген. Ал акчаны ар бир кызматкерге 5 миң сомдон сый акы катары бөлүп берүүнү башкы дарыгерибизге айтып дайындаган. Аны жолугушууга катышкан бардык кызматкерлер угуп, аябай кубанганбыз. Апрелдин башында бардык кызматкерлердин карталарына ошол акчаларды которуп берди. Облус башчысы айтканы үчүн кошумча маяна алганбыз, кандай мыйзам бузуу болгонун билбейт экенбиз".

Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору.
Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлерине берилген каражат мекемедеги 46 кызматкерге кошумча маяна катары апрель айында таратылган. Калган акча кошумча тетиктерди сатып алуу үчүн мекеменин кассасына салынганы айтылды.

Борбордун башкы эсепчиси Касымбек Мырзалиев өзгөчө абал учурундагы мындай чечим жалпы коллективдик негизде болгонун белгиледи.

"6-апрелде ишканада жалпы кызматкерлердин жыйыны өткөн. Анда өкүлдүн резервдик фондунан кызматкерлердин маянасына стимул катары берилген акчаны бөлүштүрүү каралган. Жалпы жыйында каражатты бөлүү боюнча чечим кабыл алып, ага бөлүм башчылардын баары кол коюшкан. 251 миң сом ар бирине жасаган жумуштарына карата бөлүштүрүлгөн. 7-апрель күнү протоколдун негизинде акчаны карта аркылуу которуп бердик. Укук коргоо органы каражатты компенсацияга эмес, тамак-аш же башка каражаттарга жумшашыңар керек болчу деген жүйө келтирип жатат".

Кыргызстанда расмий түрдө коронавирус илдети алгач 18-мартта Сузак районунан чыккан. Алгачкы оор түйшүк Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлерине түшкөн.

Мекемеде элүүгө чукул кызматкер эмгектенет. Алардын орточо эмгек акысы 4,5 миң сомду түзөт. Өзгөчө абал учурунда иштеген кызматкерлер кошумча маяналарын да толук албай калганын айтып жатышат.

Кызматкер Ырыс Алтымышева "март айындагы эмгегим толук бааланбай калды" деп кейип отурат.

"Биз ушунча мээнет менен күнү-түнү иштесек, аз суммадагы акча төлөп беришти. Ошондуктан нааразычылык көп болуп жатат. Мисалы, март айында бизди төрт сааттан гана ашыкча иштеди деп, кошумча 4 миң сом эмгек акы беришти. Бирок биз күнү-түнү оору чыккан очокто элдин саламаттыгы үчүн иштедик. Апрель, май айларында болсо 7 миңден кошумча каражат чыгыптыр. Өкмөттөн айтылган 40 миң сомдук кошумча эмгек акыны көргөнүбүз жок. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген медиктер ушундай суммага чейин алышыптыр. Коронавирус менен күрөшүүдө санитардык-эпидемиологиялык кызматкерлердин эмгеги бааланбай калды".

Өкмөттүн март айындагы токтому менен “Район акимдеринин жана облустун губернаторлорунун резервдик фонддору жөнүндө” жобосуна өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, мурда өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга каралган резервдик фонддор бул жолу карантиндик мезгилде эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды каржылоого багытталган.

Өкмөт өкүлүнүн фондунан өзгөчө абал учурунда 2,6 миллион сом мекеме, ишканаларга жана жергиликтүү бийликке бөлүнгөн. Алардын катарында Сузак району жана Жалал-Абад шаарындагы ооруканалар да бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG